Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:22

Коррупцияга айыпталган Шаирбек Ташиев үй камагына чыкты

Шаирбек Ташиев
Шаирбек Ташиев

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, мунай тармагындагы коррупциялык схемага байланыштуу айыпталып жаткан Т.Ш.К. (ред.: Шаирбек Ташиев) "мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгүн өз ыктыяры менен төлөп бергенден" кийин сот анын бөгөт чарасын үй камагына өзгөрттү.

27-июлдагы билдирүүдө "Кыргызнефтегаз" ААК жана "Кыргызгаз Петролеум Компани" ЖАКтын кызмат адамдары күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуунун коррупциялык схемасын уюштурганы, мыйзамга каршы аракеттердин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилгени айтылат.

Мекеме кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси, экс-депутат Шаирбек Ташиев 1-апрелде жемкорлукка шектелип кармалган.

Биринчи май райондук соту аны тергөө абагына камоого чечим чыгарганы менен ал үч айдан бери милициянын убактылуу кармоочу жайында отурганы жакында эле ачыкка чыккан.

Ташиевге "Кыргызнефтегаз” ишканасынын айланасындагы иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган. Ички иштер министрлигинин бул ишке байланыштуу чыгарган видеосунда “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык схемалардан улам мамлекет 4,1 миллиард сом зыян тартканы, буга экс-депутаттын тиешеси бар экени айтылган.

Шаирбек Ташиев айыптоолорду четке кагып келген.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG