Соңку бир айда 1500 айдоочу мас абалында машина айдаганы аныкталып, аларга 126 млн сомдон ашуун айып пул салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги 27-июлда кабарлады.
Президент Садыр Жапаров мас болуп автоунаа айдагандарга жазаны күчөткөн мыйзамга быйыл 9-июнда кол коюп, ал 20-июндан тартып күчүнө кирген.
Жаңы мыйзамга ылайык ичимдик ичип алып рулга отурган айдоочу транспорт каражатын башкаруу укугунан эки жылдык мөөнөткө ажыратылып, ага 80 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат. Жол кырсыгына кабылып, адам өлүмү менен коштолсо, 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратылып, 12 жылга чейин транспорт каражатын башкара албайт.
ИИМ Кыргызстандын аймагында массалык адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары мас абалда унаа башкаруудан, карама-каршы тилкеге чыгуудан, белгиленген ылдамдыктан ашырып айдагандан келип чыгарын билдирүүдө.
Кыргызстанда акыркы жылдары жол кырсыктары көп катталууда. Расмий маалымат боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алган. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет. (КЕ)
Шерине