Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:08

Үй-бүлөлүк зомбулук: Жарым жылда ишеним телефонго 3,5 миңдей кайрылуу түштү

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жыл башынан бери Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги түзгөн "5200" ишеним телефонуна үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 3480 кайрылуу түштү. Алардын басымдуу бөлүгү, 1513ү психологиялык зомбулук фактылары боюнча кайрылышкан. 335и физикалык, 251и экономикалык зомбулук тууралуу арызданса, 142 учур куугунтуктоо тууралуу маалымат калытырышкан. Аталган министрликтин маалыматына караганда, 1309 адам юридикалык жардам алууга багытталса, дээрлик ушунча кишиге психологиялык жардам көрсөтүлдү.

Расмий статистика өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук фактылары өсүп жатканын көрсөтөт. 2025-жылы Ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 22 152 факты катталган. Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголгон. Мында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган.

ИИМ билдиргендей, быйыл үч айда 6621 учур катталганын, бул былтыркыга салыштырганда 44% көп. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG