Кыргызстандын Улуттук банкы Европа Биримдиги (ЕБ) “ЭкоИсламикБанкка” салган санкция боюнча комментарий берди.
Мекеме коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп, кардарларды тейлеп жатканын, эгер зарылчылык болсо санкциялардын өлкөнүн финансылык системасына мүмкүн болуучу таасирин азайтууга багытталган иш-чаралар жүргүзүлөрүн билдирди.
Европа Биримдиги 23-июлда орус аскерлеринин Украинага толук масштабдуу кол салуусуна байланыштуу Орусияга каршы санкцияларынын 21-топтомун жактырган. Санкциялардын жаңы пакетине 218 жак – 170 компания жана 48 адам киргизилген.
Европа Кеңеши Орусиянын Финансылык маалыматтарды алмашуу системасына (“Система передачи финансовых сообщений”, СПФС) кошулган Кыргызстандын банкы – “ЭкоИсламикБанкына” да чектөө киргизип, акча которууларга тыюу салган.
Санкциялардын 21-топтомунда Кыргызстанда катталган мындан башка да үч компания – “Нова проект”, “Рама Групп”, “Шисан” жоопкерчилиги чектелген коомдору “кара тизмеге” киргизилди.
Батыш өлкөлөрү 2022-жылы орус аскерлеринин Украинага басып киришине байланыштуу Орусияга каршы санкцияларынан сырткары ага көмөктөшкөн деп эсептелген мамлекеттердеги компанияларга да экинчи деңгээлдеги санкцияларды салып келет.
Кыргызстандагы компанияларга 2023-жылы май айында биринчи жолу санкция салынган. Кыргыз бийлиги жеке компанияларды текшерүүгө алып жатканын билдирип, банктарга салынган санкцияларды алууга чакырган.
“Азаттыктын” эсебинде 2026-жылдын июнуна карата 31 кыргызстандык компания Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илинген. Анын ичинде төрт банк – “Керемет банк”, “Капитал банк”, “Толубай банк”, “Евразиялык сактык банкы” санкцияга илешкен. “ЭкоИсламикБанкты” кошкондо беш банк болду.
АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесине” кирген 31 кыргызстандык компаниянын 15и санкциялык товарды Орусияга жеткирүүгө айыпталган. Төрт компания акчаны адалдоо жана алтынды мыйзамсыз сатууга байланыштуу, экөө Орусиянын мунай компанияларынын туунду ишканалары катары илешкен. Беш компания түздөн-түз криптовалюта чыгарууга жана аны санкциядан кыйгап өтүүгө пайдаланууга айыпталууда.
Мындан сырткары ушул эле компаниялардын негиздөөчүлөрү же жетекчилери да “кара тизмеге” кирген.
Министрлер кабинети быйыл май айында санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу Кыргызстандагы 50 ишкананын ишин токтоткон. Өкмөт бул компанияларга АКШ менен Улуу Британия доо койгонун билдирген. “Азаттык” алардын 47синин аталышын аныктаган. (BTo)
Шерине