Ал Ирандын Бендер-Аббас порт шаарында Кыргызстандын логистикалык борборун түзүүнү да сунуштады. Бул арада Пакистан да өз портторун колдонуу тууралуу мурдатан келаткан демилгесин кайра кайталады. Мурдараак Кытайдын Сиань шаарында жаңы транспорттук-логистикалык хаб түзүү үчүн Кыргызстан жер тилкесин алганы айтылган. Ондогон жылдар соода алакалары Орусия аркылуу жүрүп келген Борбор Азия өлкөлөрү эл аралык соода жолдоруна чыгууга кантип далалат кылууда жана анын ишке ашуусу кандай болот?
Аталган энергетикалык жана логистикалык долбоорлор азырынча сунуш жана сүйлөшүү деңгээлинде турат. Аларды ишке ашыруу кыргыз өкмөтүнүн алдыдагы ниети менен иш-аракеттерине байланыштуу болмокчу.
Мунай заводу менен Бендер-Аббас порту Кыргызстанга эмне берет?
Иран президенти 31-августта Бишкекке келгенде Кыргызстанга эки сунуш узатып кетти. Анын бирөө өлкөдө мунайды кайра иштетүүчү завод курууга катышуу болсо, экинчиси Перс Булуңундагы Бендер-Аббас портунда Кыргызстандын логистикалык борборун түзүү болду.
Кыргыз тарап Иранга биргелешип мунайды кайра иштетүүчү завод курууну сунуштаганы белгилүү болду. 31-августта Бишкектеги сапарында Ирандын президенти Кыргызстандын сунушун кубаттай турганын билдирди.
“Пезешкиан Кыргызстандын өз аймагында биргелешкен мунай иштетүүчү завод куруу сунушун колдоду жана аны ишке ашырууга Ирандын даярдыгын билдирди. Ал Иран ишканага зарыл болгон чийки мунай менен камсыздай аларын, өндүрүлгөн продукцияны тараптар өз ара тең бөлүп алса болорун айтты”, - деп жазды Ирандын Тышкы иштер министрлиги расмий сайтына.
Мунай заводун куруу азырынча сунуш деңгээлинде каралууда. Анын кубаттуулугу, инвестициянын көлөмү, каржылоонун механизмдери жана чийки мунайзат менен камсыздоо жолдору тууралуу маселелер бышып жетиле электей.
Мындан тышкары, президенттердин жолугушуусунда кыргыз товарларын суу жолу менен Перс Булуңундагы, Түштүк жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнө жеткирүүдө Иран менен ыңгайлуу аянтча катары кызматташуу талкууланган. Масуд Пезешкиан Кыргызстан Бендер-Аббаста өзүнүн логистикалык борборун курса эки өлкөнүн соода жана транзиттик кызматташтыгын өнүктүрүүгө, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн да Ирандын транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңири колдонуп, деңизге чыгуусуна чоң өбөлгө болорун айткан.
Бендер-Аббас – Ирандын Перс булуңундагы эң маанилүү порттук түйүндөрүнүн бири. Кыргызстандан ал жакка айыл чарба продукциясы, жеңил өнөр жай товарлары, бал, кургатылган мөмө-жемиш өңдүү товарлар барышы мүмкүн. Иран аркылуу Кыргызстанга мунай продуктулары, химиялык продукциялар, өнөр жай жабдуулары жана башка товарлар келет.
Эксперттердин баамында, эгер бул долбоорлор ишке ашса, Кыргызстан үчүн маселе жаңы завод куруу менен эле чектелбейт. Өлкөнүн күйүүчү май рыногу, импорттук көз карандылыгы жана Азия менен Жакынкы Чыгышты байланыштырган транспорттук каттамдар боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болушу мүмкүн.
Экономикалык талдоочу Искендер Шаршеев эл аралык логистикалык инфратүзүмдү өнүктүрүү Кыргызстандын экспортуна канат-бутак болорун айтат.
“Логистикалык борборлор курулса, анда кыргыз мамлекетинин экспорттоого жана өндүрүшкө мүмкүнчүлүгү пайда болот, колу узарат. Мисалы, чийки затты (сырье) арзаныраак алганга мүмкүнчүлүк пайда болот. Ошол сырьену иштетип, жасап, аны экспорттогонго жеңилирээк болот. Сырттан кардар издеген логистикалык борборсуз (4PL сыяктуу) Кыргызстандын экспорттук потенциалы эч качан өспөйт. Өндүрүштү жайгаштыруу да эч кандай мүмкүнчүлүк, же болбосо экономикалык жактан акылга сыйбайт. Биринчи логистикалык инфратүзүмдү орнотуш керек. Логистикалык инфратүзүмдүн үстүнөн анан өндүрүш өсөт”.
АКШ Иранга кол сунгандарга камчы чабарын эскертти
Иран менен ири энергетикалык жана логистикалык долбоорлорду ишке ашырууда эл аралык санкциялар, банктык төлөмдөр, камсыздандыруу, технологияларды алуу, инвестиция тартуу, эл аралык компаниялар менен эсептешүү сыяктуу маселелер жаралышы мүмкүн.
АКШнын президенти Дональд Трамп августта Иранга карата болуп көрбөгөндөй экономикалык чараларды көрөрүн жарыялаган. Тегеран режими менен карым-катыш кылган башка мамлекеттер четте калбашын эскерткен.
“Финансылык мекемелери, ишканалары, аба майдандары же мамлекеттик түзүмдөрүнүн Иранга жардам көрсөтүшүнө жол берген бардык өлкөлөр эң чоң экономикалык кесепеттерге кабылат. Мунай аткезчилиги, своп линиялар, акча которуулар, алмашуу пункттары, кеме реестрлери, жасалма компаниялар – ушунун баарына тез арада чекит коюшубуз керек”.
Буга чейин Трамп Иранды аскердик соккулар менен да коркутуп келген. Бирок соңку мезгилде ал мындай билдирүүлөрдөн баш тартып, негизги басымды экономикалык кысым көрсөтүүгө бура баштады.
Экономикалык талдоочу Искендер Шаршеев жаңжалдардан улам Ирандын өзүндө күйүүчү май тартыш экенин, мунайды иштетүүчү заводдору аскердик бутага айланып турганын айтат. Мындан улам, Кыргызстанга чийки мунай сатуу каналын түзүү алардын мүдөөсү деп эсептейт.
«Алар бизге даяр бензин сата албайт. Мунай да сата албайт. Анткени, бизде «Жундага» барган темир жол жок. Алар айтып атышат «биз завод куралы, ага 2-3 жыл кетет. Эки-үч жылдын ичинде дал ошол темир жол даяр болот. Ага чейин согуш да бүтүшү ыктымал. Кандайдыр бир чечимге келишсе, АКШ санкцияны да жарым-жартылай алышы да мүмкүн. Ошондо бизге мунайды темир жол менен бизге жеткире алат. Бизде мунайды кайра иштетүүчү заводдордун мааниси пайда болот. Анткени, биз жабдыктарды Кытайдан алып келебиз. Ирандыктар куруп берет, жабдыктардын көбү Кытайдыкы болот. Ошондо Иранда өзүнүн чийки мунайын сатканга мүмкүнчүлүгү пайда болот. Анткени, Иранда эгерде мунайды сатпай, чыгарууну токтотуп койсо, анда скважиналар косервация болот да, авариялык абалга келип калат. Эгерде скважиналарды жапса, аны кайра ачуу үчүн мындан да көп акчаны талап кылат. Ошондуктан, ирандыктар чийки мунайды тез-тез сатып турушу керек».
Эксперт кыргыз өкмөтү мунай заводун курууну сүйлөшүү менен катар, каражат табуу жана АКШнын санкциялык тобокелдиктерин жоюунун үстүнөн активдүү иштеши керектигин белгилейт.
Исламабад деңиз жолун кайра сунуштады
Кыргызстанга өз деңиз портун пайдалануу сунушу Пакистандан да айтылды. 2-сентябрь күнү болгон расмий сапарында Пакистандын премьер министри Мухаммад Шахбаз Шариф өз өлкөсүнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады.
“Биз, ошондой эле, транзиттик коридорлорду өнүктүрүүгө жана аны бекемдөөгө дагы убадабызды бердик. Пакистан дагы өз тарабынан Кыргызстанга эң чоң жолдорду, портторду ачуу боюнча сунуштарды берди. Бул Карачи жана Гвадар порттору. Менин оюмча, ушул жаатта биргелешип иштешип, бул демилгелерди ишке ашыруубуз керек”.
Исламабад өз портторун пайдаланууну Кыргызстан менен Казакстанга көптөн бери сунуштап келет. Токсонунчу жылдардын ортосунда Исламабад, Бээжин, Бишкек жана Астананын ортосунда төрт тараптуу келишим да түзүлгөн. Арийне, бир жагынан Кытай аймагындагы татаал талаптар, экинчи жагынан бийик тоолуу Каракорум жолунун техникалык кооптуулугу бир топ көйгөйлөрдү жаратат.
Садыр Жапаров Бишкек Пакистандын деңизге чыгуудагы транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга кызыкдар экендигин билдирди.
“Пакистандын Карачи жана Гвадар порттору аркылуу каттам Борбор Азия өлкөлөрү үчүн дүйнөлүк океанга чыгууга эң кыска жол экендиги белгилүү. Муну өзүңүз дагы сөзүңүздө белгилеп өттүңүз. Ошондуктан, аталган порттордун терминалдарынан орун алганга кызыкдарбыз жана иштетүүгө даярбыз. Перс Булуңундагы акыркы абалды эске алып, Кыргызстан океанга чыгуу каттамдарын диверсификациялоого кызыкдар. Мындан тышкары, биз Кыргызстан, Казакстан, Кытай жана Пакистандын ортосундагы төрт тараптуу транзиттик транспорт жөнүндө макулдашуунун мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланууга өзгөчө кызыкдарбыз”.
Пакистан бийлиги буга чейин да Кыргызстан менен Казакстанга деңиз портторун пайдаланууну сунуштап, Кытайда кошо төрт тараптуу келишим түзүшкөн. Бирок, ортодогу чечилбеген айрым маселелерден улам бул каттам ишке кирбей келет.
Бишкек-Торугарт-Кашкар-Хунджераб-Исламабад-Карачи багытындагы каттамдын узундугу 3300 чакырым чыгат. Жол Кытай менен Пакистандын ортосундагы бийик тоолуу Каракорум шоссеси менен жүрүп отуруп, айрым жерде өлкөлөр аралык такталбаган аймактар аркылуу өтөт.
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Транспорт жана логистика комитетинин жетекчиси Айбек Сарыгул Каракорум жолу аркылуу жүк ташууда татаал жолдон тышкары, бажыдагы жана укуктук көйгөйү бар Кашмирдеги документ тариздөө көйгөйлөрүнө да тушугарын айтат.
“Ошол жердеги негизги маселе – ал жерде Пакистандын гана жүк ташуучуларына каралган экен. Үчүнчү өлкөдөн барганда жүк түшүрүү, бажы көзөмөлү созулуп кетет экен. Биздин компания өткөндө фура менен Өзбекстандан Исламабадга чейин товар жеткирип бардык. Анан, Исламабаддан жүк алып Состко келип, ал жерде туруп, иши кылып эки ай дегенде араң барып келди. Бирок, эгер ошол Состко чейин эле жетип кайра келе турган болсо, анда жол жеңил. Бирок Сост Исламабадга чейинки жол өтө татаал экен. Ал жолдон биздин машиналар өтүшү өтө оор. Биздин кыргыз машиналар Состтон алышы керек, Состто бажы операциялары бир аз кыйыныраак экен”.
Сиандагы логистикалык долбоор
Август айында Кыргызстан Кытайдын Сиань шаарында логистикалык борбор куруу үчүн 9 гектар жер тилкесин сатып алганы тууралуу жаңылыктар пайда болду. Маалыматтарга ылайык, аянтча «Кыргыз Транс Инвест» деп аталган кыргыз-кытай биргелешкен компанияга катталган. Ал компанияны 2025-жылдын ортосунда “Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасы менен кытайлык жеке компания биргелешип ачышкан.
Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров жакында журналисттер менен жолукканда долбоордун маанисин мындайча түшүндүргөн.
“Абдан жакшы жаңылык – Кыргызстан Сиань шаарында 9 гектар жер сатып алды. Ал жерде соода-логистикалык борбор түзөт. Ал Сиань-Кашгар-Ош каттамы боюнча транзиттик-логистикалык хаб болот. Андан ары Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан жана башка өлкөлөргө өткөрөбүз”.
"Кыргыз Транс Инвест" компаниясынын жетекчисинин журналисттерге берген маалыматына карасак, долбоор "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун утурлай иштейт. Кыргызстандын аймагында да жүк кампалары курулуп, каттамга 30 жүк ташуучу унаа чегерилет.
Кыргызстан “Зангезур коридорун” курууга катышабы?
Жакында Николь Пашинян казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефондон сүйлөшкөндө Армения аркылуу өтүүчү “Зангезур коридорундагы”, башкача айтканда TRIPP долбоорундагы өзүнүн 26% үлүшүнүн эсебинен Астана менен Бишкекке 5%дан үлүш сунуштаганы кабарланган.
“Азаттыктын” армян кызматы кабарлагандай, Пашинян жергиликтүү журналисттер менен сүйлөшкөндө бул маселени казак президенти менен талкуулаганын ырастады.
“Казакстан жана TRIPP долбоорун алсак, бул маселе талкууланды. Азыр ар түрдүү өлкөлөр долбоорго кызыкдарлыгын көрсөтүп жатышат жана, албетте, биз мындай кызыгууга кубанычтабыз”, - деген Николь Пашинян.
Арийне, Пашиняндын билдирүүсүндө Бишкек тууралуу сөз кездешпейт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги долбоор боюнча расмий сунуш келбегенин билдирди. Экономика жана коммерция министрлиги да долбоорго катышуу боюнча эч кандай сүйлөшүүлөр болбогонун кабарлады.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев болсо мындай маалыматтан кабарсыз экенин айтты.
«Бул маселе тууралуу маалыматым жок экен».
Быйыл июнда түзүлгөн армян-америка келишими боюнча АКШ өкмөтү коридорду куруу үчүн түзүлгөн биргелешкен компанияда 74% үлүшкө ээлик кылат. Компания TRIPP долбоорун түзүү үчүн “жерди колдонууга өзгөчө укукка, курулуш укугуна, тийиштүү уруксатка жана башка бардык укуктарга” ээ болору жазылган. Армениянын өкмөтүнө TRIPP Development Company’деги (TDC) калган 26% үлүш тийет.
Жакында TRIPP долбоорунун башкы директору Константин Соколов АКШ президентинин глобалдык өнөктөштүк боюнча атайын чабарманы жана Сенатынын өкүлү менен чогуу Кыргызстанга келгени белгилүү болду. Алардын сапарында долбоор жана ага Кыргызстандын катышуусу тууралуу кеп болгон-болбогону белгисиз.
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Транспорт жана логистика комитетинин жетекчиси Айбек Сарыгул Бишкек менен Астананын Ортолук жана Түштүк коридордогу транзиттик ролу аларды TRIPP долбооруна тартууга түрткү берүүдө деп эсептейт.
“Армения өз үлүшүнүн 5%ын Казакстанга, 5%ын Кыргызстанга берет экен деген сөздүн дагы бир тарабы – Кыргызстан аркылуу өтө турган темир жол. Казакстандан Актау-Баку аркылуу бара турган болсо, Кыргызстан аркылуу бара тургандар Түркмөнбашы-Баку аркылуу пландалып атат. Көбүнчө Кыргызстандан Түркмөнбашы, андан ары Баку, Зангезур коридору менен Жер Ортолук деңизине түшөт деген план менен айтылып атса керек. Армяндардын кызыкчылыгы – бир эле каттамды карап отурбай, алар да көрүп атат да, Бакуга жүктөр эки жол менен келет. Казакстан аркылуу Актаудан келет же Түркмөнстан аркылуу келет. Түркмөнстан аркылуу келе турган жол Ташкент аркылуу өтөт (Ташкент түйүнү). Эгерде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Ташкент түйүнүнө байланса, анда ошол жүктөр Түркмөнбашыга чыгат деген сөз. Демек, ошол багытта дагы Кыргызстан аркылуу иштөө аларга ыңгайлуу”.
Кыргызстандын экономикасы Орусиянын экономикасына тыгыз чырмалышкан. Тышкы соодасынын чейрек бөлүгү Орусия менен жүрөт, өзгөчө стратегиялык маанилүү товарлар ошол жактан келет. Соңку жылдары Москванын эл аралык коомчулуктан обочолонуп калышы менен Казакстандагы транзиттик көйгөйлөрдөн улам кыргыз өкмөтү тышкы соодасын диверсификациялоого активдүү киришкен.
Чыгыш менен Батышты туташтырган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Кыргызстанга кеңири транзиттик мүмкүнчүлүк берет деген күтүүлөр чоң. Эксперттер айткандай, башка мамлекеттер сунуштаган логистикалык долбоорлор темир жолдун экосистемасынын бөлүктөрү катары анын мультипликативдик натыйжасын көбөйтүшү ыктымал.
Шерине