Түркмөнстандын Балкан велаяты өлкөнүн батышында, Иран менен чек арасында жайгашкан. Дал ушул аймак Иран менен соода алакасында кандайдыр бир көйгөй жаралса, дароо сезет. Күн сайын жакынкы чек ара бекеттеринен импорттук товарлар өтөт, жергиликтүү тургундардын жашоосу ошого байланган. Базарларда ирандык продукция бир аз кечиксе эле баа дароо жогорулайт.
"Биз азык-түлүк жана тиричилик буюмдары боюнча дээрлик толугу менен Ирандан көз карандыбыз. Ал жактын импорту болбосо биздин базарлар бош калмак", - дейт коопсуздук максатында атын атабоону суранган жергиликтүү тургун.
Ирандан келип турган товарлардын агымы кечиге баштаганынан улам тартыштык сезилип жатканын дагы бир тургун билдирди:
"Ирандын беш литр өсүмдүк майы мурда 150 манат (29 доллар) турчу, азыр 200. Жууп-тазалагыч каражаттардын баасы бардык жерде 5 манатка жогорулады. Адатта ирандык азык-түлүк продукцияларын дүңүнөн саткан айрым дүкөндөр азыр чектелүү гана өлчөмдө соода кылып жатышат".
Түркмөнстандын борбору Ашхабад Иран чек арасынан 25 чакырым түндүктө жана Серахс негизги чек ара өтмөгүнөн болжол менен 350 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан. Чек ара аймактарынан айырмаланып, адатта, товар жеткирүү мөөнөтүндөгү жана баа саясатындагы кайсы бир өзгөрүүлөр борбор калаага кечирээк жетет. Бирок бул жолу шаар тургундары негизги азык-түлүк менен камсыздоодогу көйгөйлөрдү азыртан эле сезип жатышат.
"Картошканын баасы дээрлик үч эсе өстү. Мурда аны өлчөмүнө жараша килограммын 7-9 манаттан сатып алчубуз, азыр баасы 17 манат. Помидордун баасы да эки эсе өстү, 10дон 20 манатка чейин. Жумуртка 65 манат, ал эми тооктун эти килограммы 40тан 90 манатка чейин көтөрүлдү. Ал тургай мурда 30 манат турган иран тамекисинин баасы азыр 50-60 манат", - деп айтып берди жергиликтүү тургун.
Баалар согушка чейинки деңгээлге салыштырганда дээрлик эки эсе өстү. Өлкөдөгү орточо эмгек акы 2500 манаттын тегерегиндеги акчаны түзөт. Расмий курс боюнча бул болжол менен 714 доллар, көмүскө базарда 125 доллар.
Калктын калың катмарына соңку окуялардан улам түзүлүп жаткан жагдай көйгөй жаратууда.
Түркмөнстан Ирандан болот, курулуш материалдары жана мунай химиясы сыяктуу өнөр жай товарларын импорттойт, бирок көптөгөн тургундар үчүн маанилүү товар болуп азык-түлүк жана тиричилик буюмдары эсептелет.
Иранда өндүрүлгөн товарларды ташып келүүнүн негизги түйүнү болгон Серахс чек ара өтмөгү аркылуу жаңжалга чейин жүк көп көлөмдө ташылып турган. Согуштук аракеттер башталышы менен агым басаңдады.
Спутниктен тартылган сүрөттөр жарыялануучу PlanetLabs компаниясынын 27-февралдагы кадрларынан Түркмөнстандын бажы бекетинде жүк ташуучу унаалардын узун кезеги турганын көрүүгө болот. Ал эми кийинчерээк тартылган сүрөттөрдө кыймыл таптакыр токтоп калганы көрсөтүлгөн.
«БААНЫ ЖОГОРУЛАТУУГА ТУУРА КЕЛЕТ»
Борбор Азия аймагында жайгашкан башка өлкөлөр да Жакынкы Чыгыштагы туруксуздуктун тийгизген таасирин сезип жатышат. Иран Өзбекстандын алдыңкы он соода өнөктөшүнүн катарына кирбейт, бирок жергиликтүү базарлар жана супермаркеттер адатта Ирандын сүт азыктарынын кеңири түрүн, жаңы жана кургатылган жемиштерди, ошондой эле тиричилик буюмдарын арзан баада сунушташат. Өзбекстанга импорттолгон Ирандын сүт азыктарынын көпчүлүгү мурда Түркмөнстан аркылуу барчу. Бирок келечекте эми кандай болот, күмөн.
Иранда өндүрүлгөн сүт азыктарын Самарканд аймагына жеткирүүчү өзбекстандык дистрибьютор ишканада эмгектенген өкүл "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна айтып бергендей, «кампалар бат эле бош калууда».
"Мурда бизге Түркмөнстан аркылуу күн сайын 15ке жакын жүк ташуучу унаа менен Ирандын сүт азыктары келип турчу, аны биз Өзбекстандын бардык аймагына таратчубуз. Азыр анын баары токтоду. Эгерде согуш улана бере турган болсо, чек ара жабык бойдон калса, бул азыктар дүкөндө сатылбай калат. Учурда биз буга чейин топтолгон товарды ошол эле баада сатып жатабыз, бирок жакында наркын көбөйтүшүбүз керек болот", - деп билдирди ал.
Иран Өзбекстанга экспорттогон товарлардын арасынан мунай азыктарынан тышкары сүт продукциясы да негизги орунду ээлейт. Өзбекстанга сүт азыктарын жеткирүүчү алдыңкы беш өлкөнүн бири Иран болуп саналат жана өзбек рыногунда ирандык сүт продукциясы болжол менен 8-10 пайызды түзөт. Ирандын бул азыктары көлөмү боюнча Орусия жана Беларустан артта калат, бирок өзбекстандыктар арасында суроо-талап жогору, анткени баасы жеткиликтүү - көпчүлүк атаандаштардыкына караганда 20-40 пайызга төмөн.
КЕСЕПЕТТЕР ТОЛКУНУ
Өзбекстан менен Түркмөнстандын базарларындагы керектөө рыногу Ирандын тамак-аш жана азык-түлүк эмес товарларынан түздөн-түз көз каранды. Ал эми коңшу Казакстан негизинен Кытай товарларын, айрыкча чек арадагы Хоргос порту аркылуу ташуунун борборуна айланган.
Бирок, эксперттер белгилегендей, токтобой жаткан жаңжал жакында кыйыр кесепеттерге алып келиши мүмкүн, айрыкча мындай абал дүйнөлүк мунай бааларынын өсүшү аркылуу түзүлүшү ыктымал.
Казакстандык экономист Казыгелди Шамбыл мунайдын кымбатташынын Казакстан үчүн оң да, терс да таасири бар деп эсептейт.
"Бюджеттин киреше бөлүгү көбөйө түшкөндөй болуп сезилиши мүмкүн. Бирок чыгымдары андан да тез өсөт. Бул Казакстанда инфляция өтө тездик менен жогорулайт дегенди билдирет. Мунун өзү бюджеттеги дефициттин көбөйүшүн шарттай тургандай олуттуу терс таасирин берет. Жеке менин көз карашымда, Казакстан Ирандагы азыркы кырдаалдан пайда көрөт деген божомолдорго ишенбейм", - дейт Шамбыл.
СООДА ЖОЛДОРУ ЭМНЕ БОЛОТ?
Иранда уланып жаткан согуштун айынан аймактагы негизги транзиттик коридорлордун иши үзгүлтүккө учуроодо. Борбор Азия үчүн "реэкспорттун" негизги дарбазасы болуп Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ), тагыраак айтканда, Дубайдагы Жебел Али порту эсептелет. Европанын, Перс булуңундагы башка мамлекеттердин жана Индиянын товарлары, адатта, Дубайга келип, чакан кемелерге жүктөлүп, Ормуз кысыгы аркылуу Ирандын Бендер-Аббас сыяктуу портторуна транзит менен өтөт. Ал жерден товар темир жол же жүк ташуучу унаа менен Түркмөнстан аркылуу Борбор Азия өлкөлөрүнө ташылат.
Эми, Ормуз кысыгынын жабылышы менен, түштүк коридордун иши дээрлик топтоп баратат.
Тажикстандык саясий аналитик жана Борбор Азиянын соода маселелери боюнча эксперт Косим Бекмухаммад "Азаттыктын" тажик кызматына айтып бергендей, Борбор Азияга ташылуучу көптөгөн товарлар үчүн "эң кыска жана коопсуз" транзиттик жолдордун бири деп дал Иран эсептелчү.
"Иран Борбор Азия өлкөлөрү үчүн ачык деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк берүүчү транспорттук жол болуп саналат. Ооганстандагы кризистик шартты жана Орусия аркылуу өтүүчү жолдогу [көйгөйлөрдү] эске алганда, бул маселе Борбор Азия үчүн өтө маанилүү болуп баратат", - деп баса белгиледи Бекмухаммад.
Соодагерлер эгерде азыркыдай арсар абал уланып, соода алакасы үзгүлтүккө учурай берсе, Ирандан келүүчү продукциянын ордун алмаштыруу үчүн башка товарларга жетүү жолдорун издей баштоого туура келерин белгилеп жатышат. Ал эми бул боштукту Борбор Азиянын керектөө рыногунда азык-түлүктөн тартып электроникага чейинки товарларды жеткирип жаткан Кытай ээлеши толук ыктымал. Мындай жагдай аймактагы соода схемасын жапырт өзгөртүшү мүмкүн.
Түркмөнстандын Балкан провинциясынын тургуну Ирандагы азыркы болуп жаткан окуялардын терс таасири тийиши мүмкүн деп кооптонууда: "Эгерде жаңжал алты айга же андан көпкө созулса, Түркмөнстандагы карапайым эл негизги азык-түлүк жана керектүү буюмдардын жетишсиздигине туш болушу мүмкүн".
Түркмөнстан жана Өзбекстан аркылуу автомобилдик жол менен Ирандан Кыргызстан да товар ташыйт. Ал эми темир жол менен бул өлкөнүн товарлары Бендер-Аббас (Иран) портунан Казакстан же Түркмөнстан аркылуу Өзбекстанга, андан бери Кыргызстанга келет.
Tazabek басылмасы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн талдап чыккан. Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин баштапкы маалыматына караганда, көрсөткүчтөр жогорулап, 37% түзгөн. Кыргызстандын Иранга экспорту бир жылда дээрлик эки эсе жогорулаган.
Кыргызстан Ирандан негизинен жабдык, курулуш материалдарын, кездеме, химиялык продукция жана азык-түлүк импорттойт, ал эми Иранга жашылча-жемиш, тамак-аш продукцияларын, пахта жана жабдык экспорттойт.
Автор Замира ЭШАНОВА даярдаган макаланын оригиналын бул жерден окуй аласыздар.