Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

АКШ орус мунайына киргизилген санкцияларды алуу маселесин карап жатат

Скотт Бессент
Скотт Бессент

Вашингтон орусиялык мунайга коюлган санкцияларды жеңилдетиши мүмкүн экенин АКШнын каржы министри Скотт Бессент Fox Business каналына курган маегинде билдирди.

Мындай билдирүүнү аткаминер Израил менен АКШнын Иранга каршы согуштук аракеттери жана Иран Ормуз кысыгы аркылуу мунай ташууга тоскоолдук кылып жаткан шартта жасады. Бул жол аркылуу дүйнөлүк мунайдын 20% ташылат.

Бессенттин айтымында, АКШ бул маселенин үстүндө иштеп жатат.

6-мартта АКШнын Каржы министрлиги Индиянын мунай иштетүүчү заводдоруна деңизде турган жана кардары табылбай жаткан орусиялык мунайды сатып алууга 30 күндүк уруксат берди. Бессент бул чара Орусиянын Украинага каршы согушту каржылоо мүмкүнчүлүгүнө олуттуу таасир этпейт деп ишендирди.

Министрдин пикиринде, мындай кадам Ирандын дүйнөлүк күйүүчү май рыногуна болгон кысымын басаңдатууга мүмкүндүк берет. Кремл Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын фонунда орусиялык мунайга болгон суроо-талап олуттуу өсүшү күтүлүп жатканын билдирген.

6-март күнү кечинде Ак үйдөгү жыйын учурунда Fox News телеканалынын кабарчысы Питер Дуси АКШ президентинен Орусия Иранга Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү америкалык аскердик объектилерге сокку уруу үчүн маалымат берип жаткандыгы тууралуу кабарларга комментарий берүүсүн сураган. Дональд Трамп жооп берүүдөн баш тартып, бул суроону “келесоолук” деп атаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG