Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Бишкектин мурдагы вице-мэри Азамат Кадыров эки айга камалды

Азамат Кадыров.
Азамат Кадыров.

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азамат Кадыров 20-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынды.

Мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту 23-сентябрда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады. Аны менен кошо А.Ж.А. аттуу дагы бир адам кармалган. Бирок ал ким экени азырынча белгисиз.

Атайын кызмат козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек. Соттун маалыматына ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айып коюлду.

36 жаштагы Азамат Кадыров 2023-жылы Бишкек шаарынын мэринин жер пайдалануу, архитектура, курулуш, санариптештирүү, транспорт жана жол инфратүзүмү маселелери боюнча орун басары болуп дайындалган. Ал 2026-жылдын июнь айында кызматтан кеткен.

УКМК козгогон кылмыш иши боюнча Азамат Кадыровдун адвокаты жана жакындары комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз
Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG