Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Быйыл жети айда Кыргызстан экспорттогон автоунаанын 81% Орусияга жөнөтүлдү

Электромобилдер. Архив
Электромобилдер. Архив

Быйыл январь-июль айларында Кыргызстандан экспорттолгон 2 миң 329 жеңил автоунаанын 1 миң 966сы же 81,6 пайызы Орусияга жөнөтүлгөн. Мындан тышкары өлкөдөн чыгарылган 58 жүк ташуучу унаанын, 23 атайын багыттагы техниканын жана 4 миң 485 тоннадан ашуун автоунаа тетиктеринин негизги бөлүгү да орус рыногуна кеткен.

Улуттук статистикалык комитеттин 24-сентябрдагы маалыматына караганда, ушул эле мезгилде Кыргызстанга 92 миң 56 жеңил автоунаа импорттолгон. Натыйжада импорттун көлөмү экспорттон дээрлик 40 эсе көп болгон.

Жеңил автоунаа негизинен Кытайдан жана Түштүк Кореядан ташылып келди. Январь-июль айларында Кытайдан 45 миңдей, Түштүк Кореядан 31 миңге жакын жеңил автоунаа импорттолгон. Ошондой эле автоунаа АКШдан, Германиядан жана Япониядан алынган.

Автомашиналардан тышкары Кыргызстанга жыл башынан бери 15 миңден ашуун жүк ташуучу унаа, дээрлик 2 миң атайын техника жана 875 автобус импорттолгон. Автобустар негизинен Кытайдан, Казакстандан жана Орусиядан ташылып келди.

Маалыматтар Кыргызстан аймактагы автоунаа импортунун жана кайра экспортунун маанилүү борборлорунун бири бойдон калып жатканын көрсөтүп турат. Орусия кыргызстандык автоэкспорттун негизги багыты катары сакталып калууда.(ZKo)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG