Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Бишкекте эки жашар баланын кызыл өңгөчүнөн 10 рублдик монета чыгарылды

Баланын өңгөчүндө 5 ай такалып турган тыйын. Бишкек. Сентябрь, 2026-жыл.
Баланын өңгөчүндө 5 ай такалып турган тыйын. Бишкек. Сентябрь, 2026-жыл.

Бишкектеги Балдардын тез жардам ооруканасынын дарыгерлери кызыл өңгөчүндө беш айдан бери тыйын такалып турган эки жашар балага жардам беришти. Жалпы наркоз алдында операция жасалып, ал 10 рублдик монета экени аныкталды.

Оорукананын социалдык тармактагы баракчасында белгилегендей, эки жашар бала Ош шаарынан Бишкекке жөнөтүлгөн. Болжол менен беш ай мурун наристе кусуп, тамакты жакшы чайнай албай, кийин жөтөлө баштаган. Ошондон бери ал Ош шаарында педиатрга жана аллергологго бир нече жолу көрсөтүлүп, амбулатордук дарылануудан өткөн. Бирок абалы жакшырган эмес.

Кийин Ош облус аралык балдар клиникалык ооруканасында рентгендик текшерүү жүргүзүлүп, кызыл өңгөчүндө бөтөн зат бар экени аныкталган.

Бала адистештирилген медициналык жардам алуу үчүн Бишкек шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына жөнөтүлгөн.

«24-сентябрда жалпы наркоз алдында операция жасалып, дарыгерлер баланын өңгөчүндө турган бөтөн затты алып чыгышты. Көрсө, ал 10 рублдик тыйын экен. Тыйын карарып кеткен», - деп билдирди оорукана.

Учурда баланын абалы туруктуу. Ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тиешелүү медициналык жардам алып жатканы кабарланды. (ZKo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG