Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Азия оюндары: Суучул Денис Петрашов күмүш медал алды

Денис Петрашов.
Денис Петрашов.

Жапонияда өтүп жаткан XX жайкы Азия оюндарында Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов күмүш медал алды. Ал 24-сентябрда 200 метр аралыкка брасс стилинде сүзүү боюнча мөрөй талашты. Петрашов алдын ала жарышта аралыкты 2:11,13 убакытта сүзүп келип, биринчи орун менен финалга чыккан.

Финалдык жарышта 200 метр аралыкты 2:08,67 убакытта сүзүп өтүп, экинчи орунду ээледи. Бул аралыкты 2:04,83 убакытта сүзгөн жапониялык Шин Охаши дүйнөлүк рекорд жаратып, чемпион болду. Коло медалды кореялык Сон Чжэ Чо тагынды. Ал 200 метр аралыкты 2:08,76 убакытта сүзгөн.

Денис Петрашов спорттун аталган түрүнөн Азия оюндарында байге алган алгачкы кыргызстандык. 26 жаштагы суучул 100 метрге брасс стилинде сүзүүдө Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Брасс стилинде 50, 100 жана 200 метрге сууда сүзүүдө Азиянын төрт жолку чемпиону.

Олимпиада оюндарынын үч жолку катышуучусу. Париждеги Олимп оюндарында 200 метрге брасс стилинде сүзүүдө 14-орунду ээлеген. Ага чейин 100 метрге брасс стилинде жарышка чыгып, 23-орунду алган. Токиодогу Олимп оюндарында 100 метрге брасс стилинде сүзүүдө 27-орунду, 200 метрге брасс стилинде сүзүүдө 18-орунду ээлеген. 16 жашында Рио-де-Жанейро Олимпиадасына катышкан.

Ушул күндөрү Жапонияда XX Азия оюндары өтүп жатат. Ага Кыргызстандан спорттун 30 түрү боюнча 168 спортчу катышууда. Мелдештер 4-октябрга чейин уланат.

Буга чейин таймаштын аралаш түрлөрү (ММА) боюнча Дастан Каныбек уулу (60 кг), Ырыскелди Дүйшеев (71 кг) жана Сыймык Жаныбек уулу (77 кг) коло медал алган. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG