Украинанын президенти Владимир Зеленский БУУнун Башкы ассамблеясындагы сөзүндө Украина туткунга түшүргөн Түндүк Кореянын эки аскер кызматкери Түштүк Кореяга өткөрүлүп берилгенин маалымдады.
Зеленскийдин айтымында, аскерлердин бири туткунга түшөрүн түшүнгөндөн кийин өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган.
Сөз болуп жаткан аскерлер Орусиянын Курск облусундагы салгылаштарга катышып, 2025-жылдын январында украин күчтөрүнүн колуна түшкөн. Ошол кезде Киев аларды Орусияда туткундагы украин аскерлерине айырбаштоого даяр экенин билдирген.
Кийинчерээк туткундагы аскерлердин бири Түштүк Кореядан башпаанек сурагысы келерин айткан. Ошол эле жылы экинчи аскер да Түштүк Кореяга кетүү ниетин билдиргени маалымдалган. Сеул буга чейин украин туткунуна түшкөн жана өз ыктыяры менен көчүп келүүнү каалаган бардык түндүк кореялык аскерлерди кабыл алууга даяр экенин бир нече жолу билдирген.
Түндүк Кореянын аскерлери Орусияга жөнөтүлгөнү тууралуу маалымат 2024-жылдын октябрь айында чыккан. Кремль муну 2025-жылдын апрелинде ырастаган. Түштүк Кореянын чалгын кызматынын маалыматына караганда, Орусия менен Украинанын чек ара аймагындагы салгылаштарда миңдеген түндүк кореялык аскер каза болуп же жараат алган.
Ал эми Би-Би-Синин корей кызматы фронтто каза болгон 2304 түндүк кореялык жоокердин өздүгүн аныктаганын кабарлаган. Маалыматтар спутниктен тартылган сүрөттөрдүн жана Пхеньяндагы жаңы аскердик мемориалдын расмий фотосүрөттөрүнүн негизинде такталган.
Шерине