Румыниянын Коргоо министрлиги өлкөнүн аба мейкиндигине кирип кеткен учкучсуз учак түндүк-чыгыштагы Солка шаарына жакын жерде кулап түшкөнүн билдирди.
Маалыматка караганда, дрон Румыниянын аба мейкиндигинде болжол менен төрт мүнөт болгон. Жабыркагандар жок. Окуя болгон жерди полиция кызматкерлери курчоого алып, чакан учкучсуз аппарат табышкан. Өрттүн изи катталган эмес.
Буга чейин Румыниянын Коргоо министрлиги Украина менен чек арага жакын аймакта аба мейкиндигинде учуп бараткан объект тууралуу кабарлаган. Буга байланыштуу эки уезддин тургундарына эскертүү берилип, асманга өлкөнүн Аба күчтөрүнүн эки F-16 истребители көтөрүлгөн.
24-сентябрга караган түнү румын радарлары Украина менен чек арага жакын аймакта дагы бир нече жолу белгисиз объекттерди байкашкан.
Ошол эле түнү коңшу Молдованын аба мейкиндигине да төрт дрон кирген. Вадул-Рашков жана Черница айылдарынын тургундары жарылуу угулганын билдиришкен. Дрондордун бири Черница айылынын жанында кулап, анын сыныктары ферманын жанындагы талаадан табылган.
Молдова полициясынын баштапкы маалыматына караганда, аппарат Орусия Украинадагы согушта колдонуп жүргөн «Гербера» үлгүсүндөгү дронго мүнөздүү элементтерге ээ болгон.
Эки өлкөдөгү бул окуялар Орусия Украинаны жапырт аткылап жаткан чакта катталды. 24-сентябрга караган түнү орус күчтөрү Киевге жана Одесса облусуна сокку урганы кабарланган. Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, чабуулдарда «Циркон», «Искандер-М», С-400 жана KN-23 ракеталары, ошондой эле жүздөгөн сокку уруучу дрондор колдонулган.
Шерине