Мурдагы ички иштер министри, саясатчы Өмүрбек Суваналиев 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкер болуу ниети бар экенин билдирди. Бул тууралуу саясатчы 24-сентябрда “Азаттыкка” курган маегинде айтты.
Суваналиев көп жылдар бою саясатта жүргөн адам катары шайлоодо учурдагы президентке атаандаш болчу талапкер чыгышы керек деп эсептей турганын, бул жаатта оппозициячыл күчтөрдүн башын бириктирүүгө аракет кыларын кошумчалады.
66 жаштагы Өмүрбек Суваналиев буга чейин ички иштер министри кызматын, Нарын, Талас облустарынын губернаторлугун аркалаган. Соңку жылдары учурдагы бийликке сын айткан саясатчылардын бири катары белгилүү.
Жогорку Кеңеш 24-сентябрда кийинки президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөрү тууралуу чечим кабыл алды. Буга чейин учурдагы президент Садыр Жапаров кайрадан шайлоодо талапкерлигин коерун билдирген. Ал бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүүнү убада кылган.
Шерине