24-сентябрда саат 22:30 чамасында Ысык-Көл районунун Бостери айылында нөшөр жамгырдан улам "Кызыл-Чап" каналынан суу ашып, эки үйдүн короосун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Мамытов жана Достаев көчөлөрүндөгү үйлөрдүн короолоруна суу кирген. Окуя болгон жерге куткаруучулар атайын техника менен барышкан. Адистер агымды башка нукка буруп, суу өткөрүүчү курулмаларды тазалап, короолордогу сууну сордуруп чыгышкан.
Адамдар арасында жабыркагандар жок.
"Кызыл-Чап" каналы Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын карамагында. Буга чейин каналдын нугун кеңейтүү боюнча курулуш иштери жүрүп жаткан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, быйыл алты айда 1258 жерде өрт чыгып, 280 сел жүргөн. Жалпы 33 өзгөчө кырдаал катталып, 24 адам каза тапты.
Жарым жылда селдин кесепетин жоюу иш-чараларынын алкагында коопсуз жерлерге 149 адам эвакуацияланып, 775 техника, 4114 адам тартылган жана 1874 турак үй, короолор, 67 социалдык объект, 34 чакырым арык/каналдар, 96,5 чакырым жол сел калдыктарынан тазаланган.(ZKo)
Шерине