Францияда белгилүү актриса жана ырчы Марина Влади 89 жашында каза болду. Бул тууралуу Le Monde басылмасы жазды. Ал советтик белгилүү актёр жана музыкант Владимир Высоцкийдин жубайы болгон.
Марина Влади орус эмигранттарынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Чыныгы аты Екатерина-Марина Полякова-Байдарова болгон. Ал киного 11 жашында тартылып, кийин актриса катары 100гө жакын тасмада роль аткарган.
1963-жылы Канн эл аралык кинофестивалында «Заманбап окуя же Аарылардын ханышасы» тасмасындагы ролу үчүн «Алтын пальма бутагына» ээ болгон.
Влади орус маданияты жана Советтер Союзу менен тыгыз байланышта болгон. Ал СССРде бир нече тасмага тартылып, советтик чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү менен байланышып турган.
1970-1980-жылдары Владимир Высоцкий менен никеде турган. Кийин ал Высоцкий тууралуу «Владимир, же үзүлгөн учуу» аттуу китеп жазган.
Марина Влади коомдук иштерге да активдүү катышкан. Ал аялдардын укуктарын коргоону, жеткиликтүү турак жай маселелерин колдоп, качкындарга жардам берүү иштерине катышкан.
Шерине