Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Өзбекстанда каракалпак активисти Тажимуратов абакта кысымга кабылып жатканы маалымдалды

Даулетмурат Тажимуратов
Даулетмурат Тажимуратов

Каракалпакстандык активист Даулетмурат Тажимуратов быйыл Өзбекстандын Бухара облусундагы өзгөчө режимдеги колонияга которулгандан кийин да зомбулукка жана укуктарынын мыйзамсыз чектелишине туш болуп жатканын "Түркмөнстандын Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду" укук коргоо уюму билдирди.

Өзбекстанда 2022-жылдагы Каракалпакстан окуяларына байланыштуу ошол акциялардын лидери катары кармалып, соттолгон каракалпак активисти Тажимуратовго 11-июнда жакындары алып барып берген диний мазмундагы китепти, тасбихти (теспени) жана күн караманын данегин абак кызматкерлери, уюмдун маалыматына караганда, тартып алып коюшкан.

8-июлда Тажимуратов колониянын жетекчисинин кабинетине жеткирилип, ага сөгүш жарыяланган. Андан кийин колдору артына кайрылып, кишен салынган.

Укук коргоочулардын айтымында, аны камерага алып бара жатканда видеокөзөмөл орнотулбаган жерде сабап, «Өзүңдү өзбекмин деп айт» деп талап кылышкан. Маалыматта айтылгандай, мындай зомбулуктан кийин бир нече күн заарасы кан аралаш чыккан. Ошондой эле колонияга этап менен жөнөтүлгөндөн бери ага башка камактагылар сыяктуу медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканы белгиленди.

Фонддун маалыматына караганда, Тажимуратов кармалган камеранын полу жалаң цемент. Анын калем, дептерин да алып коюшкан. Кийин жазуу үчүн керектүү буюмдар жумасына эки жолу гана бериле баштаган. Июль айындагы тинтүүдөн кийин айрым жеке буюмдары жана документтеринин бир бөлүгү да табылбай калган.

Укук коргоочулар Тажимуратовду түрмөдө мажбурлап сакал-мурутун кырып, ал администрация менен кызматташкандардын басымына туш болуп жатканын билдиришти.

Мындан тышкары, анын жазган каттары жана кайрылуулары дарегине жетпей жатканы айтылды. Туугандары бир нече жолу жөнөткөн телеграммалар жана каттар да жоопсуз калган.

Өзбекстандын бийлиги Даулетмурат Тажимуратовдун кармоо шарттары боюнча азырынча комментарий бере элек.

Тажимуратов Каракалпакстандагы 2022-жылдагы нааразылык акциясы учурундагы окуялар боюнча айыптуу деп табылган. Ал «Өзбекстанда бийликти басып алуу жана конституциялык түзүлүштү кулатуу максатында кутум уюштуруу» жана «жапырт башаламандык уюштуруу» деген айыптардын негизинде 2023-жылы 16 жылга эркинен ажыратылган.

Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, өлкө курамындагы Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы борбор калаа Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан.


Шерине

​
XS
SM
MD
LG