25-сентябрда эртең менен Бишкектен Ош шаарына учуп чыккан Asman Airlines ("Асман аба жолдору") авиакомпаниясынын учагы техникалык себептен улам "Манас" аэропортуна кайтып келгени соцтармактарга жарыяланган. Бул маалыматты "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик компаниясы тастыктады.
Компания "басымдын өзгөрүшүнөн улам система туура эмес маалымат көрсөтүшү мүмкүн экендигин белгилеп, мындай учурда учак учуп чыккан аэропортко кайтарылып, кайрадан текшерилерин" билдирди.
Учак "Манас" аэропортуна кайра кайтып, аман-эсен конгону, толук текшерилип, кайрадан учууга даярдалып жатканы маалымдалды.
Asman Airlines авиакомпаниясы окуя боюнча маалымат бере элек.
Asman Airlines авиакомпаниясынын учагында техникалык мүчүлүштүк быйыл жазында да катталган. 16-апрелде Бишкектен Ошко учкан учагында жүргүнчүлөрдүн абалы начарлап, айрымдары дүрбөлөңгө түшкөнү социалдык тармактарда талкуу жараткан. Жүргүнчүлөрдүн бири Эртуран Разаков айрымдарга аба жетишпей, кычкылтек баллонун колдонууда маселе жаралганын "Азаттыкка" айтып берген. Ушундан кийин “Кыргызстан аэропорттору” компаниясы Бишкек–Ош каттамында болгон окуянын чоо-жайын териштирип жатканын, учак убактылуу каттамдан алынганын маалымдаган.
Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы 2024-жылы 27-сентябрдан баштап өлкөнүн ичинде бардык багыттар боюнча ички каттамдарды аткара баштаган. Талас, Нарын, Караколго аба каттамдары ачылган. (ZKo)
Шерине