Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:05

Кыргызстанда 150-200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж

Президент Садыр Жапаров батирлердин ачкычын тапшырды.
Президент Садыр Жапаров батирлердин ачкычын тапшырды.

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын аягына чейин өлкө боюнча Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу 20 миңден ашуун үй-бүлө батирлүү болорун билдирди. Бул тууралуу ал 25-сентябрда Бишкек шаарында курулган “Асман Резиденс-1” турак жай комплексинин ачылышында айтты.

Анын алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Башкы прокуратуранын, Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Чек ара кызматынын, Министрлер кабинетине караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлерине батирлердин ачкычтары тапшырылды.

Президенттин айтымында, ушул тапта өлкө боюнча 150-200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж, алардын ичинен 100 миңге жакын үй-бүлөнү 2026-2027-жылдары үй менен камсыз кылуу мерчемделүүдө.

“Садыр Жапаров мамлекет алдына узак мөөнөттүү милдетти – 2030-жылга чейин Кыргызстандагы турак жайга муктаж болгон бардык үй-бүлөлөрдү жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууну коюп жатканын баса белгиледи. Президент ошондой эле учурда көлөмү болжол менен 2 млрд долларды түзгөн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталын мындан ары көбөйтүү зарылдыгына токтолду”, - деп билдирди “Ынтымак ордо”.

Жаңы батирлер күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилди. Турак жай комплекси 2,01 га аянттагы жер тилкесинде жайгашкан. Анын курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталган.

Комплекс 11 блоктон турат жана 1 050 батирди камтыйт. Аймагында 551, анын ичинде 178 жер үстүндөгү жана 373 жер алдындагы автоунаа токтотуучу жай, ошондой эле балдар үчүн оюн аянтчалары каралган. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG