Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:04

Шашылыш билдирүү: Ысык-Көлдө жана Баткенде сел жүрүү коркунучу бар

Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

25-26-сентябрда нөшөр жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү, ошондой эле ойдуң жерлерди суу каптоо коркунучу сакталат.

26-сентябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат. Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзүп, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн 8...13°, күндүз 21...26°
  • Талас өрөөнүндө: түнкүсүн 5...10°, күндүз 19...24°
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн 10...15°, күндүз 22...27°
  • Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн 5...10°, күндүз 17...22°
  • Нарын облусунда: түнкүсүн 2...7°, күндүз 12...17°

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11...13°, күндүз 23...25° болот.


Шерине

​
XS
SM
MD
LG