Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:04

Кинематографисттер союзу "Жусуп" тасмасы боюнча кайрылуу жолдоду

“Жусуп” тарыхый тасмасынын постери.
“Жусуп” тарыхый тасмасынын постери.

Кыргызстандын Кинематографисттер союзунун башкармалыгы “Жусуп” тасмасынын айланасындагы кырдаал боюнча 25-сентябрда кайрылуу жасап, фильмди жаратуу жараянынан четтетилгенин билдирди.

"Биздин бирикме долбоор менен аны баштапкы бекитүү этабында да, концепциясын жана сценарийин иштеп чыгуу процессинде да, өндүрүш жана монтаждоо стадиясында да таанышууга мүмкүнчүлүк алган жок. Мамлекеттик бюджеттен каржыланган мындай масштабдуу долбоорду ишке ашыруунун бардык мезгилинде тасманы ачык кесиптик талкуулоо үчүн кеңейтилген чыгармачыл пленумду чогултуу демилгеси менен бизге бир да жолу кайрылышкан жок" деп жазылган билдирүүдө.

Башкармалык акыркы убактарда Кинематографисттер союзуна өнүм даяр болгондо гана "чечим чыгаруу жана көшөгө артында кабыл алынган чечимдерди легалдаштыруу" үчүн кайрылышарын белгилеген.

Ошондой эле мамлекеттик буйрутманы ишке ашырууда "тармактык мекемелер кесиптик бирикмелердин ролуна кененирээк карашы керектиги" айтылып, "ири бюджеттик долбоорлор ачык талкуу, көркөм кеңештер жана чыгармачыл пленумдардын элегинен милдеттүү түрдө өтүшү зарылдыгы" айтылган.

Кайрылууга Кинематографисттер союзунун төрагасы Бусурман Одуракаев баштаган он чакты мүчө кол койгон.

“Жусуп” тарыхый-көркөм тасмасы Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 125 жылдыгына карата тартылган.

Тасманын бет ачары 16-сентябрда Бишкектеги “Манас” кинотеатрында өткөндөн кийин социалдык тармактарда анын айланасында кызуу талкуу башталган.

Тасма XX кылымдын биринчи жарымындагы тарыхый окуяларды чагылдырып, Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү ордун жана анын элине, мекенине болгон берилгендигин баяндайт. Кинодо ошол доордун тарыхый атмосферасы көрсөтүлүп, тартуу иштери Кыргызстанда, Орусияда, Казакстанда жана Өзбекстанда жүргүзүлгөн.

Тасманын режиссёру Кыргызстандын эмгек сиңирген маданият ишмери Таалайбек Кулмендеев.

Кыргыздын алгачкы мамлекеттик ишмерлеринин бири Жусуп Абдрахманов 1901-жылы Орусия империясынын Күңгөй-Аксуу болуштугундагы Чиркей кыштоосунда (азыркы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Жаркынбаев айылы) туулган. Падышалык бийлик кулап, Орусия империясынын алкагында СССР негизделген маалда Жусуп Абдрахманов анын курамында кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн башында болуп, түзүлүшүнө жана калыптанышына негиз салган.

Жусуп Абдрахманов 1937-жылы камакка алынып, ага антисоветтик террорист, Социал-Туран партиясынын түзүүчүсү деген жалган айыптар тагылып камалган. 1938-жылдын 5-ноябрда өлтүрүлгөн. Сөөгү Ата-Бейит мемориалдык комплексинде сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон адамдар менен бирге коюлган.

Жусуп Абдрахмановдун өзүнүн күндөлүгү, саясий билдирүүлөрү архивдерде сакталып калып, Кыргызстан эгемендик алган соң китеп болуп жарык көргөн. Кийин тарыхчылар жана башка изилдөөчүлөр Жусуп Абдрахмановдун ишмердиги жана жашоосу жөнүндө бир нече изилдөөлөрдү жарыялашкан. (ZKo)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG