Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:03

ЖАМК Күрөңов тергөө абагында кысымга кабылбаганын билдирди

Тилекмат Кудайберген уулу (Күрөңов). Архив.
Тилекмат Кудайберген уулу (Күрөңов). Архив.

Министрлер кабинетине караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) “активист Тилекмат Кудайберген уулу Бишкектеги №1 тергөө абагынын кызматкерлеринин басым-кысымына кабылганы” тууралуу сөздөрдү четке какты.

Мекеме ЖАМКнын иши жогору турган мамлекеттик мекемелердин жана прокуратуранын көзөмөлүндө экенин, соттолгон адамдардын, камакка алынгандардын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары сакталарын билдирди.

“Тергөө изоляторунда кармалып турган бардык соттолгондор жана айыпталуучулар, мекеменин ички тартип талаптарын сактоого жана мекемеде белгиленген күн тартибин сактоого, бири-бирине жана кызматкерлер менен мамиледе сылык-сыпаа болууга, алардын мыйзамдуу талаптарын сактоого, камераларды таза жана тыкан кармоого, жеке гигиена эрежелерин сактоого, тергөө абагынын абалын жакшыртууга катышууга милдеттүү”, - деп айтылат маалыматта.

Тилекмат Кудайберген уулунун (Күрөңов) жубайы Белек Бактыбекова жолдошу №1 тергөө абагынын кызматкерлери ага басым кылып жатканын 25-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда айтканын билдирген. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге жана Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевге кайрылган.

Тилекмат Кудайберген уулу 2021-жылы президент Садыр Жапаровдун Конституцияны өзгөртүү сунушуна каршы тынчтык митингин өткөрүүгө аракет кылганы үчүн кармалып, Бишкектин Свердлов райондук соту аны ошол жылы 1,5 жылга абакка кескен. Сот активистти Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу ал 2022-жылы эркиндикке чыккан. Өзү коюлган айыптарды четке каккан.

Активист 2022-жылы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга алмашылышына нааразылык билдирген активист-саясатчылардын тобуна кошулуп, буга каршы позициясын айтып чыккан. Ошол жылдын октябрында укук коргоо органдары активист-саясатчылар тобунун отуздай мүчөсүн кармаган маалда Тилекмат Кудайберген уулу Казакстанда жүргөн жеринен Орусияга өтүп, андан ары АКШдан башпаанек алган. Кошмо Штаттарда жүрүп ал кыргыз бийлигин сындоосун уланткан. 2024-жылдын январында Кыргызстандын бийлиги аны мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга айыптап, сыртынан камакка алуу ордерин чыгарган.

Тилекмат Кудайберген уулу 2024-жылдын ноябрында кыргыз оппозиционерлери менен жолуктурууну убада кылган мурдагы депутат Эмил Жамгырчиев менен жолугуу үчүн Дубай шаарына барган. Активист кийин Фейсбукта билдирүү жасап, Эмил Жамгырчиев экөө кездешкен соң паспорту жоголуп кеткенин, кыргыз бийлигинин өтүнүчү менен аны полиция кармаганын жарыялаган. Кийин бошотулуп, документи жок болгондуктан БАЭде жарым жылдай жашаган. Эмил Жамгырчиев анын айыптоолорун төгүндөгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2025-жылдын 19-апрелинде чет жакта жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин кабарлаган. Анда жарандык активист конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун билдирген. Ошол жылдын 21-апрелинде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алып, ошол бөгөт чара уланып келатат. 2026-жылдын февралында Бишкектин Ленин райондук сотунда айыбы угузулуп, соттук иши башталган. (BTo)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG