Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:23

Бишкекте тыгын маселесин чечүүдө жеке машине пайдаланууга чектөө киргизилбейт

Бишкек.
Бишкек.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордо жол тыгыны боюнча маселени чечүүдө менчик автоунааларды пайдаланууга чектөө киргизилбей турганын айтты.

Бул тууралуу ал 14-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулунун суроосуна жооп берип билдирди.

“Жол тыгыны боюнча маселени чечүүнүн бир нече ыкмалары бар. Анын ичинде чектөө киргизүү сунушу. Бирок биз андан баш тартканбыз. Биз жолдорду оңдоо маселесин коюп атабыз. Бишкекте жол оңдоо иштери 154 км чейин жетип атат. Мисалы, 2021-жылды алсак 17,2 км эле жол жасалган. Жолдорду оңдоп алгандан кийин кийинки баскычка өтөбүз”, - деди мэр.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 908 миң 274 автоунаа катталганын, борборго жакын райондордон каттаган машинелер шаардын жолдоруна кошумча жүк болуп жатканын айтты.

Айбек Жунушалиев 2024-жылдын июнь айында борбордо 416 миң 837 автоунаа катталганын, мындан сырткары кирди-чыкты машинелерди эске алганда Бишкекте күнүнө 700 миңден ашык транспорт кирип жатканын айткан. Мэр ошол эле маалда калаанын унаа өткөрүү жөндөмдүүлүгү 350 миң машинага эсептелгенин билдирген.

Акыркы жылдары Бишкекте жол тыгыны негизги көйгөйлөрдүн бирине айланды. Адамдар эртели-кеч сааттап жол тыгынында калганын айтып арызданууда. (BTo)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG