Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:05

Чүйдө миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүк 86 жаранга айып салынды

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы.
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Чүйдө миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүк 86 жаранга 582 миң 500 сом айып пул салынганын маалымдады.

Облустук милиция кабарлагандай 1-октябрдан 10-октябрга чейин чет элдиктер иштеген 18 ишкана текшерилип, мыйзам бузган чет өлкөлүк 86 жаран аныкталган. Бул иш-чараны Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облусундагы башкармалыгы бирге жүргүзгөн.

Атайын кызмат буга чейин Кыргызстанга кирүү, каттоодон өтүү эрежелерин бузгандар, тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок иштеген чет өлкөлүктөр өлкөдөн чыгарылып, кийин кайра киришине тыюу да салынышы мүмкүн экенин эскерткен. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG