Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:14

Бишкек Брюсселдин Ооганстан, Африкадан келген мигранттарды кабыл алуу сунушун четке какты

Европага бет алган мыйзамсыз мигранттар Босния жана Герцеговинанын Бихач шаарынын сыртындагы убактылуу лагерде, 2019-жыл
Европага бет алган мыйзамсыз мигранттар Босния жана Герцеговинанын Бихач шаарынын сыртындагы убактылуу лагерде, 2019-жыл

Кыргыз бийлиги Еврошаркеттин Ооганстан, Африкадан келген мигранттарды убактылуу жайгаштыруу сунушун кабыл албаганын билдирди. Буга чейин Брюссел ушул программаны Казакстан менен Өзбекстанга сунуштаганы белгилүү болгон. Ал сунушта Кыргызстан бар-жогу расмий кабарланган эмес.

Билимдүү адистерге мыйзамсыз мигранттарбы?

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 13-октябрда парламентте билдиргендей, Евробиримдик "Кыргызстан африкалык жана ооган мигранттарын убактылуу жайгаштырса, кыргыз жарандарына Европадан жумуш орундарын берүүнү убада кылган".

Кулубаевдин айтымында, Брюссел кыргызстандык мигранттарды "мобилдик миграциянын" алкагында кабыл алып, алардын ордуна Ооганстан, Африка өлкөлөрүнөн келген мигранттарды Кыргызстанга жайгаштырууну сунуштаган. Кыргыз бийлиги Еврошаркеттин бул программасына кошулууга көнгөн эмес.

Жээнбек Кулубаев
Жээнбек Кулубаев

"Алар жогорку квалификациялуу адистерди чакырууга кызыгышкан. Бирок алар "мобилдик миграция деп силерден жумушчуларды алалы, бирок силер Ооганстан, Африкадан келген мигранттарды үчүнчү мамлекет катары кабыл алгыла" деп сунуштап жатат. Биз ага такыр макул эмеспиз. Мүмкүн болсо, биздин мигранттар түз барып иштей берсин деп жатабыз".

Кулубаев сунушта Африканын кайсы өлкөлөрүнөн мигранттарды кабыл алуу көрсөтүлгөнүн тактаган жок.

Кыргыз өкмөтүнүн өкүлү муну менен Евробиримдиктен мындай сунуш болгонун биринчи жолу расмий айтып чыкты. Негизи, Европа үчүн мигранттардын маселеси соңку жылдары абдан курчуп, башкы саясий талкуулардын бирине айланды.

Дал ушундай шартта Брюссел быйыл жайында өз мекенине кайтууга коопсуздуктан улам мүмкүн болбогон Африканын айрым өлкөлөрү жана Ооганстандан келген мигранттарды үчүнчү өлкөлөрдөгү борборлордо жайгаштыруу демилгесин көтөргөн. Эгер мындай миграциялык борборлорду өз аймагында жайгаштырууга макул болсо, Евробиримдик ал өлкөлөр менен кызматташтыкта бир катар жеңилдиктерди убада кылганы да кабарланган.

Андай сунуш берилген өлкөлөрдүн катарында Борбор Азиядагы мамлекеттер да аталган. Тагыраагы, мыйзамсыз мигранттар үчүн депортациялык борборлорду түзүүгө Казакстан, Өзбекстан, Руанда жана Уганда макулдугун бергенин маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Көп өтпөй Астана жана Ташкент Евробиримдик менен визаны жеңилдетүү үчүн мыйзамсыз мигранттарга Казакстанда миграциялык борбор түзүүнү макулдашканы жөнүндө маалыматтарды четке каккан.

Сириядан жана Ирактан келген мигрант үй-бүлөлөр Польша-Беларус чек арасында, 2023-жылдын 29-майы
Сириядан жана Ирактан келген мигрант үй-бүлөлөр Польша-Беларус чек арасында, 2023-жылдын 29-майы

Ошол кезде Кыргызстанга да дал ушундай сунуштар болгону биринчи жолу ачыкка чыкты. Брюссел мындай сунуш берилген өлкөлөрдүн катарында Кыргызстандын бар-жогу тууралуу буга чейин кабарлаган эмес.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев акыркы жылдары сырттан келген мигранттарга карата маанайга байланыштуу кыргыз бийлигинин аталган сунуштан баш тартканы түшүнүктүү экенин белгилейт:

Эмил Жороев
Эмил Жороев

"Кыргызстан үчүн дагы миграция акыркы жылдары курчуп жаткан маселе. Бизде жакынкы убактарда Индия, Пакистан, Бангладеш, Кытайдан келип жаткан мигранттарды сөз кылып, уу-дуу дооматтар, кооптонуулар күч болуп турган кезде, ага кошо Африкадан жана Ооганстандан мигранттарды кабыл алганыбыз кыйыныраак болмок. Анткени, Европадан азыноолак, беш-он мигрант эмес, көбүрөөк сандагы мигранттарды кабыл алышыбыз керек болмок. Ошондуктан, Тышкы иштер министрлигинин бул кадамы туура. Кыргыз жарандарынын Евробиримдикке иштегенге баруу укугу үчүн алар өздөрү каалабаган адамдарды кабыл алууга макул болушубуз туура болбой калмак".

Евробиримдиктин саясаты

Ошол эле учурда маселенин экинчи тарабында Европага жумушка кетип жаткан кыргыз жарандарынан абалы турат. Айрым адистер кыргыз бийлиги дал ушул жагдайды да эске алышы керектигин белгилешет.

Кыргызстандык Жыпара Майымбетова-Штайнер Германиянын Ингелхайм шаарындагы жергиликтүү Миграция жана интеграция кеңешинин мүчөсү. Ал Евробиримдиктин мигранттарды үчүнчү өлкөгө жиберген саясатын сындап, ошол эле учурда Кыргызстан аларды кабыл алуунун жолдорун карап көрсө болот деген көз карашта.

Жыпара Майымбетова-Штайнер
Жыпара Майымбетова-Штайнер

"Бул адамдар өз мекенинен согуштардан, коркунучтардан, куугунтуктан качып, Европага келишкен. Евробиримдик аларды бир буюмдай кылып, үчүнчү өлкөлөргө түртө салганы - адамгерчиликсиз. Бул мигранттар Кыргызстанга барууга макул болушабы? Алар үчүнчү бир өлкөдөгү депортациялык борбор деген лагерге жайгашууга макулбу? Ошол эле учурда Евробиримдик Кыргызстанга мигранттарды жайгаштырууну сунуштаганда кандай шарттарды кошо сунуштаганы так белгисиз. Министр мырза бул жөнүндө ачык айтпаптыр. Алардын жайгашуучу жерин, жашоосуна каражатын, тил үйрөтүүчү курстарын ким каржылайт? Эгер алар кандайдыр бир мыйзам бузса, Кыргызстан аларды кайда депортациялайт? Алар деген адамдар да. Балким Кыргызстан Евробиримдиктен "үй-бүлөлүү мигранттарды гана алабыз" деп талап коюп, кабыл алаар".

"Кыргызстандык адистерге талап көп"

Орусиядагы мигранттарга мамиленин катаалданышы жана Украинадагы согуш Кыргызстан жарандарынын миграция агымын өзгөрткөнү айтылып келет.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев да депутаттарга берген маалыматында учурда кыргыздар Түркия, Түштүк Корея, Жапония жана Европага мыйзамдуу эмгек миграциясына барып иштеп келип жатышканын, ошол эле учурда өлкө өзү дагы жумушчу күчүнө муктаж экенин айтып кетти.

"Орусияда согуш болуп жаткандыктан, биздин мигранттар көпчүлүгү башка өлкөлөргө: Түркияга, Америкага кетип жатышат. Мында тышкары Европада, мисалы Германия, Австрия биздин мигранттарды чакырууга кызыкдар экенин билдирип жатышат".

Саясат талдоочу Эмил Жороев Еврошаркет Кыргызстанга депортациялык борбор ачып, ал жакка тил билбеген, адистиги жок мигранттарды жиберип, ордуна жөндөмдүү, билимдүү кыргызстандыктарды утурумдук иштерге алууга макулдук беребиз дегенине ынана албасын билдирди.

"Кыргызстан сыяктуу мамлекеттерден Евробиримдикке билимдүүрөөк, кесипкөй мигранттар келет деген божомол болушу мүмкүн. Башкысы - бул мигранттар убактылуу, алар Евробиримдикке келип, иш мөөнөтү бүткөндө кетет" деген күтүү бар. Анткени акыркы убактарда бизден барган мигранттар утурумдук иштерге барып иштеп, мөөнөтү бүткөндө кайтып келип жатышат. Ал эми Ооганстан, Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнөн Евробиримдикке барган мигранттардын мөөнөтү жок, алар ошол жакка жашаганы барган, аларды европа билимине, жөндөмүнө карап тандай албайт, жөн эле агым менен бараткан мигранттар. Албетте бул Европа өлкөлөрүнө абдан чоң көйгөй жаратып жатат. Азыр биздин өзүбүздө деле жөндөмдүү, билимдүү жумушчу күчү жетишпей жатканы байкалып жатат. Биз андай жарандарыбызды Европага жиберип коюп, алардын ордуна тил билбеген, квалификациясы жок мигранттарды кабыл алууга кызыкдар боло албайбыз".

Еврошаркет жайында кабыл алган жаңы жобо Евробиримдиктен чыгып кетүүдөн баш тарткан мигранттарга карата жазаны да күчөтөт. Тактап айтканда, аларга Евробиримдикке кайра кирүүгө тыюу салынат.

Орусия Украинага бастырып кирген 2022-жылдан тартып бул өлкөдө иштеген кыргызстандык мигранттардын саны кескин азайган. Тышкы иштер министрлигинин быйыл май айындагы маалыматы боюнча, Орусияда 268 миң 460 кыргызстандык миграциялык каттоодо турат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG