Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:56

"Кызылдай акчага сатып алганбыз". "Мадинадагы" кезектеги нааразылык

"Мадина" базары. 2026-жылдын 14-октябры.
"Мадина" базары. 2026-жылдын 14-октябры.

Бишкектеги "Мадина" базарында бир топ соодагер кайрадан нааразылыкка чыкты. Алар учурдагы соода кылган орундарын кызылдай акчага сатып алганын айтууда. Соодагерлердин колуна эскертүү баракчалары кайрадан келген. Айрымдары базарды бошотууда башка кызыкчылыктар бар деген пикирин айтып жатышат.

Бишкектеги "Мадина" базарынын 20га жакын соодагери 14-октябрда кайрадан нааразылык акциясына чыгып, жаңы базарга көчүүгө каршы экенин билдиришти.

Алардын айтымында, базардын жетекчилиги соода орундарын бошотуп чыгууга 10 күн убакыт берген. Нааразылыкка чыккан соодагерлер өздөрү акча төлөп сатып алган контейнерлерин таштап кетүүгө макул эместигин билдирүүдө.

Чогулгандардын бири Жыргалбек Койчуманов үч ай мурда контейнерди 120 миң долларга сатып алганын айтып берди.

Жыргалбек Койчуманов
Жыргалбек Койчуманов

"Мен үч ай мурун 120 миң доллар кредит алып, ушул жерден контейнер сатып алгам. Ошол учурда базардын жетекчилигине киргенимде алар: «Бул базар дагы 20-30 жыл турат, иштей бериңиз», - деп убада беришкен. Ага чейин жыйырма жыл бою бул жерде ижарада иштеп келгем. Азыр жашым отуз сегизге чыкты. Жарым тишим жок, жарым тишимди ушул жерге бергенмин десем болот. Эми болсо чыгып кеткиле деп жатышат. Контейнерди сатып алганыма болгону үч ай болду, бардык документтери бар. Жаңы базарга көчүүгө таптакыр мүмкүнчүлүгүм жок. Бардык каражатымды ушул жерге жумшагам. Мен бир эмес, төрт кредит төлөп жатам".

Дагы бир ишкер Гүлмира Аманова "Мадина" базарынын жетекчилигине нааразылыгын айтып, алар базардагы кырсыктан кийин кабар албаганына кейиди.

Гүлмира Аманова
Гүлмира Аманова

"Биз «Мадина» базарынын ээси бул жерди 49 жылга ижарага алган деп ишенип жүргөнбүз. Бирок мөөнөтү бүтө электе эле бизди бул жайдан чыгарып жатышат. Биз ошол ишеним менен базардагы контейнерлерди сатып алганбыз. Эгер акчаны башка жакка салганыбызда, азыр ошол жакта болмок. Тапкан-ташыганыбыздын баарын ушул жерге жумшаганбыз. Эми болсо анын баарын таштап чыгып кетүүгө аргасыз болуп жатабыз. Элүүгө жакын контейнер өрттөндү, бирок эч ким келип кабар алган жок. Азыр дагы ошол өрт боюнча да, биздин абалыбыз боюнча да компаниядан эч ким келип сурап же кабар алган жок."

Ишкерлер алардын үнүн эч ким укпай жатканын айтып, базарды көчүрүүнүн артында башка кызыкчылыктар барбы деп шектенип турушат.

Максуда Матиева
Максуда Матиева

"Бул базар да жеке менчик, тигил базар да жеке менчик. Бирок бул жерге мэриянын өкүлдөрү, президенттик аппараттын кызматкерлери, атүгүл Туманбаев өзү да келип аралашып жүрөт. Алардын бул жерде эмне иши бар? Муну эки базардын жетекчилиги өз ара чечсе болмок. Кыргызстанда менчик базардан башка көйгөй калбай калганбы? Менде жаңы ачылган базарды иштетиш үчүн бизди көчүрүп жатышат деген ой бар. Ачыгын айтсам, эл арасында ал жаңы базарды президенттин жакындарына тиешелүү деп айтып жүрүшөт. Мени камаса камасын, мен элдин айтканын айтып жатам", - деди соодагер Максуда Матиева.

Базардагы соодагерлердин дооматтарынан улам президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов менен байланышканыбызда ал базарга президенттин жакындарынын эч кандай тиешеси жоктугун билдирди.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров соңку кезде өз дарегине айтылган сынды жана түрдүү сөздөрдү президенттик шайлоо алдындагы "кара пиар" деп атаган. Ошондой эле ал коомдо дагы эле саясий туруксуздук уюштурууну каалагандар бар экенин 9-сентябрда Жогорку Кеңешке баргандагы кайрылуусунда белгилеген. Президент коомчулукту туура эмес маалымат тараткандарга ишенбөөгө, аларды ээрчип кетпөөгө чакырган.

30-августта базарда өрт чыгып, 50дөн ашуун контейнер күйүп кеткен. Өрттөн кийин жабыр тарткан соодагерлер бийлик убада кылган жардамдан азыркыга чейин кабар жок экенин да айтып чыгышты.

Бишкек шаарынын вице-мэри Кубанычбек Иманалиев 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өрттөн жабыркагандарга кенемте төлөө маселесин атайын комиссия иликтеп жатканын билдирген. Анын айтымында, төлөнө турган каражат келерки жылдын бюджетине киргизилиши мүмкүн.

Базарга чогулган соодагерлердин талаптарына байланыштуу базар жетекчисинин орун басары Алмаз Каработоев кыскача комментарий берип, ишкерлердин маселеси караларын айтты.

«Кечээ жыйын болгон, биз аларды кабыл алганбыз. Учурда базар жабылары тууралуу билдирүүлөрдү этап-этабы менен таратып жатабыз. Соодагерлердин бардык талаптарын жетекчиликке жеткирип, жазуу түрүндө билдирдик. Азырынча акыркы чечим чыга элек», - деди ал.

Өрткө чейин соодагерлерге базарды 1-августтан тартып бошотуу талабы коюлуп, келишим бир тараптуу токтотулганы айтылган. Нааразы болгон соодагерлерге мэрия үч айлык убакыт кошуп берерин убада кылган. Мындан тышкары, өрттөн жабыркаган ишкерлерге жардам бериле турганы да айтылган.

"Мадина" базарын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунтай Салимов негиздегени коомчулукка белгилүү. Ал 2023-жылы кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаевди каржылаган деген айып менен кармалып, 2024-жылдын март айында үй камагына чыккан. Ошол эле жылы базардын ээси алмашканы белгилүү болгон.

Сот экстремисттик деп тапкан "Клооп" басылмасы менен журналист Болот Темиров 2024-жылы жарыялаган иликтөөдө Салимовдун "Мадина" базары көмүскө аткезчи империя түзгөнү айтылган Хабибулла Абдукадырдын жакындарына, жанындагы жер президенттин жакын адамдарына катталган компанияларга өтүп кеткени белгиленген.

Президент Садыр Жапаровдун администрациясы журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматты четке кагып, “президентти жана анын жакындарын каралоо” деп билдирген. Абдукадыр былтыр журналистти жана басылманы журналисттик иликтөөсү үчүн сотко берген.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG