Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Бишкек мэриясы "Мадина" базарындагы өрттөн кийинки чыгым эсептелип бүткөнүн билдирди

"Мадина" базары. Сүрөт ӨКМге таандык. 30-август, 2026-жыл.
"Мадина" базары. Сүрөт ӨКМге таандык. 30-август, 2026-жыл.

Бишкек шаарынын мэриясы "Мадина" базарындагы өрттөн кийинки баштапкы чыгым эсептелип, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгенин билдирди. Калаа мэриясы өрттөн жабыркагандарга компенсация төлөнүп жатканы тууралуу тараган сөздөргө байланыштуу 1-октябрда маалымат таратып, өрт эмнеден чыкканын аныктоо иштери уланып жатканын белгиледи.

Мекеменин маалыматына караганда, Свердлов райондук администрациясы чыгымдын суммасын аныктап чыкты. Ошол эле учурда тергөө иш-чаралары дагы деле уланууда. Окуянын бардык жагдайлары, өрттүн келип чыгышына жооптуу адамдар аныкталууда.

"Ушуга байланыштуу жабыркагандарга компенсация төлөнбөйт деп айтууга азырынча эрте. Бул маселе боюнча тиешелүү иштер улантылууда", - деп айтылды мэриянын маалыматында.

Бишкек мэриясы мындан аркы төлөм жана компенсация маселеси тиешелүү тергөө жана текшерүү иш-чаралары аяктап, келтирилген чыгымдын акыркы өлчөмү аныкталгандан кийин караларын билдирди.

30-августта эртең мененки саат 9дарга жакын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) базарда өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Аны өчүрүүгө жалпысынан 10 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 21:02де толук өчүрүлгөн. Эки куткаруучу жеңил жараат алган. Базар бир аптадан кийин ачылганы менен өрттөн жабыр тарткан соодагерлер бийлик убада кылган жардамдан кабар жок экенин айтып жатышкан.

Соодагерлердин эсебинде, жалпы 51 контейнер күйгөн, базар бир аптадан ашык толук жабык турган. Кийин ачылган соң жарык берилбей, соодагерлер караңгыда иштөөгө аргасыз болгонун айтышкан.

Өрткө чейин соодагерлерге базарды 1-августтан тартып бошотуу талабы коюлуп, базар жетекчилиги келишимди бир тараптуу токтотконун айткан. Нааразы болгон соодагерлерге мэрия үч айлык убакыт кошуп берерин убада кылган. Мындан тышкары өрттөн жабыркаган ишкерлерге жардам бериле турганы да айтылган.

"Мадина" базарын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунтай Салимов негиздегени коомчулукка белгилүү. Ал 2023-жылы кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаевди каржылаган деген айып менен кармалып, 2024-жылдын март айында үй камагына чыккан. Ошол эле жылы базардын ээси алмашканы белгилүү болгон.

Сот экстремисттик деп тапкан "Клооп" басылмасы менен журналист Болот Темиров 2024-жылы жарыялаган иликтөөдө Салимовдун "Мадина" базары көмүскө аткезчи империя түзгөнү айтылган Хабибулла Абдукадырдын жакындарына, жанындагы жер президенттин жакын адамдарына катталган компанияларга өтүп кеткени белгиленген.

Президент Садыр Жапаровдун администрациясы журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматты четке кагып, “президентти жана анын жакындарын каралоо” деп билдирген. Абдукадыр былтыр журналистти жана басылманы журналисттик иликтөөсү үчүн сотко берген. (КЕ)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG