Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

"Мамлекет убада берген жардамдан дайын жок". "Мадина" базарындагы өрттүн кесепети, соодагерлердин нааразылыгы

"Мадина" базарында өрттү өчүрүү убагы. Сүрөт: ӨКМ, 30-август, 2026-жыл
"Мадина" базарында өрттү өчүрүү убагы. Сүрөт: ӨКМ, 30-август, 2026-жыл

Өткөн айда өрт чалган “Мадина” базары ачылып, иштеп жатат. Иш жанданганы менен соодагерлер санаага батып турат. Товары күйгөндөр мамлекет убада кылган жардамдан кабар жок экенин айтса, айрымдарына 20-сентябрда базарды бошотуу талабы коюлган. Мэрия көчүрүү маселеси каралып жатканын билдирди.

Базардагы өрттө соодагер Диля Абдиеванын эки контейнери тең күйүп, ичиндеги товарлары күйүп кеткен. Учурда ал ошол контейнерлеринин тушунда кууш өтмөктүн боюнда соода кылып турат.

“Бир жума экспертиза толук текшерип чыкты. Дээрлик үч апта өттү, анын жыйынтыгы келе элек. Контейнердин эмне себептен күйгөнү бизге караңгы. "Электр чубалгыларынан" дейт. Ал да анык эмес. Өрт чыккан күндөрү министр келген, мэр да жүргөн. Мэр кенемте төлөнөт деп айткан. Ошол күндөн бери эч кимди көрө элекпиз. Каяктан буйрук болуп жатат, түшүнбөйбүз. Өлгөнгө көмгөн кылып... Бул жактан өрт чыкты. Өрттөн кийин бул жакты тезирээк иретке келтирели деген адам жок. Бул жерде насыясы барлар бар. Контейнерлери жабылып турат. Көчөгө чыгып алып отурушат, байкуштар. Товары толугу менен күйүп кетип, эч жакка чыкпай, нары-бери басып жүргөндөр андан көп. Жабырлануучулар өтө нааразыбыз. Биздин сурообузга жооп берген киши жок”.

Бишкектеги “Мадина” базары толук ачылганы менен өрттөн жабыр тарткан соодагерлердин суроолору көп. Алар бийлик убада кылган жардамдан кабар жок экенин айтып, чыгымдарын кантип толтурабыз деп санаа тартып турушат.

Дагы бир соодагер Дүйшөбай Койчуманов да ошол жерде, караңгы күркөдө соода кылып турат.

“Кечээ күнү директордун орун басарына бардым. Бул жерде кайра өрт чыкты. Мен ага таштандыны албайсыңбы, ошонун айынан өрт кайра тутанып атат дедим. Ал бутун учкаштырып отуруп: “мен кечинде жасайм” дейт. Ушул жерди тазалап, жолду ачып койду, болду. Калган ишин көргөн жокмун. Канча күндөн бери жүрүшөт. Бир күндө бир контейнердин жарыгын бере алышпайт. Чыгым 450 миң доллардай болду. Ары жакта баламдын да контейнери бар эле”.

Соодагерлердин эсебинде, 31-августтагы өрттө жалпы 51 контейнер күйгөн. Өрттүн айынан базар бир аптадан ашык толук жабык турду. Кийин ачылган соң жарык берилбей, соодагерлер караңгыда иштөөгө аргасыз болгонун айтып беришти. Азыр өрт болгон аймакка жакын жердеги айрым дүкөндөр дале жарыксыз отурат.

Соодагер Гүлмайраш Аманова жаңы базарга көчүрүү аракети уланып жатканын айтып, ал жактагы баалар асман чапчыйт дейт.

“Айтып жаткан жаңы базарынан орун алалы десек, 1 чарчы метрин 3 миң доллар деп жатат. Биздин товарлар 70-80 чарчы метр жерге батпайт. 100 метр жери 300 миң доллар болот. Ага насыя алып төлөшүбүз керек. Биздин шартыбыз туура келбейт. Бизди көчүргүлөрү келсе, өкмөт өзү муниципалдык базар куруп, ордубузга жаңы орун берсин. Биз мыйзамды бузбай жакшынакай иштеп беребиз”.

Базардын аймагында кездемелер сатылган контейнерлерден тышкары “Мадина” соода борбору да жайгашкан. Бул имаратта соода кылган ишкерлер 20-сентябрда ордун бошотуу боюнча билдирүү алганын билдиришүүдө.

“Биз мыйзамдан чыккан жокпуз. Колубузда келишимдер бар. Анда эгер сиздин ордуңуз реконструкция боло турган болсо, “Мадина” базары бизге башка орун бериши керек болчу. Биз ушул боюнча арыз жаздык. Бул жерде менин түшүнбөгөн нерсем – орун биздин жеке менчигибиз. Аны коргогонго биздин укугубуз бар. Бул жерде ишкерлердин колу топтолуп жатат. Күлкүнү келтирген нерсе – өткөндө мэр келип, ага чейин берилген эскертүүнү жокко чыгарып кеткен. Эми келип баарыбызга ошону эле кайра таратып жатат”, - деди соодагерлердин бири Айзада.

Өрткө чейин соодагерлерге базарды 1-августтан тарта бошотуу талабы коюлуп, базар жетекчилиги келишимди бир тараптуу токтотконун айткан. Нааразы болгон соодагерлерге мэрия үч айлык убакыт кошуп берерин убада кылган. Мындан тышкары өрттөн жабыркаган ишкерлерге жардам бериле турганы да айтылган.

"Мадина" базарынын директору Алымбек Абдисатаров учкай жооп берди:

“Учурда өрттөн жабыр тарткан ишкерлерден маалымат алдык. Эми аны бийликке жөнөтөбүз. Ал соодагерлер менен күнүнө байланышып турабыз. Тазалоо иштери да уланып жатат”.

Соода жайынын жанына салынган “Ала Тоо” базарында да курулуш иштери уланып жатат. Соодагерлер анын баасынын кымбаттыгына жана айрым шарттарга нааразы болуп келет. Биз базарда жүргөн учурда бул маселе боюнча мэриядан түзүлгөн комиссия жаңы базардын курулушу менен таанышып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканына туш келдик.

“20-сентябрда бошотуш керек деген сөз жок. Биз азыр бардык шарттарды карап жатабыз. Эч камсанабай, сооданы уланта бергиле”, - деди өзүн акимчиликтен деп тааныштырган кызматкер.

Мадина" базарын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунтай Салимов негиздегени коомчулукка белгилүү. Ал 2023-жылы кримтөбөл делген Камчы Көлбаевди каржылаган деген айып менен кармалып, 2024-жылдын март айында үй камагына чыккан. Ошол эле жылы базардын ээси алмашканы белгилүү болгон.

Сот тарабынан экстремисттик деп табылган "Клооп" басылмасы менен журналист Болот Темиров 2024-жылы жарыялаган иликтөөдө Салимовдун "Мадина" базары көмүскө аткезчи империя түзгөнү айтылган Хабибулла Абдукадырдын жакындарына, жанындагы жер президенттин жакын адамдарына катталган компанияларга өтүп кеткени белгиленген.

Президент Садыр Жапаровдун администрациясы журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды четке кагып, “президент жана анын жакындарын каралоо” деп билдирген. Абдукадыр былтыр журналистти жана басылманы журналисттик иликтөөсү үчүн сотко берген.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG