Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:25

"Жаңы жай соодага ылайыксыз". Бишкектеги "Мадина" базарынын сатуучулары акцияга чыкты

"Мадина" базарынын соодагерлери
"Мадина" базарынын соодагерлери

Бишкектеги "Мадина" базарынынын айланасындагы чуу токтой элек. Соодагерлер жекшембиде акцияга чыгып, базарды көчүрүүгө каршылык билдиришти.

Сатуучулар аларды жанаша курулган жаңы соода борборунан чоң акчага орун сатып алууга мажбурлап жатышканын жана ал жакта шарт жоктугун айтып, азыркы соода жайдын жабылып жатканына нааразы. Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев соодагерлер менен жолугуп, абалды иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлөрүн билдирген. Бийлик "Мадина" базарын 1-августтан тарта жаба турган болгон.

Соодагерлердин айтымында, базардын администрациясы ижара келишимин токтотуп, 1-августка чейин соода орундарын бошотууну талап кылган. Сатуучулар бул кабар чукул айтылганын жана жаңы сунушталып жаткан жерде шарт жок экенин айтып жатышат.

"Биз базарды көчүрүүгө каршыбыз. Жаныбыздагы жаңы соода борборуна көчкүлө деп жатат. Бирок ал жерде шарт жок. Кенемте да төлөп беришпейт экен", - деди 26-июлдагы акциянын катышуучуларынын бири.

Бүгүнкү акцияга ондогон соодагер чыкканы айтылды. Милиция, мэрия маалымат бере элек.

Соодагерлерге базардын жанына жаңы курулган соода борборуна көчүү сунушталууда. Бирок сатуучулар ал жердеги шарттар соода жүргүзүүгө ылайыксыз экенин, баасы кымбат экенин айтып жатышат. Айрымдары соода орундарын ижарага алып иштетип жатканын, кээ бирлери контейнерин насыяга сатып алганын билдиришүүдө.

"Мадинада" соода кылган Динар Мокенова нааразылыктын чоо-жайын минтип түшүндүрүп берди.

“Эки себеп бар. Биринчиден, биз мурда бул жердеги контейнерди сатып алганбыз. Анткени ижара акысы жогору болчу. Бала-чакама да орун болуп калсын деп алгам. Эми анын акчасын төлөп бүтө электе дагы башка орун сатып ал деп жатышпайбы. Бир чарчы метр аянты 3000 доллардан дейт. Мен аны 90го чыкканда төлөп кутуламбы? Азыр 62демин. Экинчиси, макул, ижарага алайын десем, ал жери жалаң экинчи кабат экен. Мен рулон кездемелерди кантип алып чыгам? Лифт жок”.

"Азаттык" базардагы соодагерлердин бир нечесине суроо узатып, төмөнкүдөй жооп алды.

Табылды Курманбаев: “Тигил жакта метрине 25 доллардан төлөшүм керек экен. Ал бааны мен кайра эле товарга кошом. Акырында карапайым элге кымбат түшүп жатпайбы”.

Гүлназ Орунбаева: "17 миң долларга насыя алып ушул контейнерди сатып алганбыз. Ал жерди өзүм толук иштете албай, жарымын ижарага бердим. 15 чарчы метр жер. Ал жакта 52 метр жерди беребиз дейт. Аны кантип төлөйбүз?”

Бурулбүбү Мокенова: "Базарда чакан, орто жана күчтүү соодагер бар. Алардын баасын ошол күчтүү соодагерлер да көтөрө албайт, өзүн актабайт. Ал үчүн өмүрдүн аягына чейин иштегенге туура келип атат. Биз андан баш тартып жатабыз. Ишкерлер көтөрүлгөндөн кийин азыркы бааны кармайбыз деп айтты, бирок ага да ишенбей турабыз".

Курстанбек Мамасалиев: Азыр бул жерге эки контейнер үчүн 33 миң сом ижара төлөйбүз. 7 миң сомдон патент төлөйбүз. Ал жакта азыр 160 миң сом төлөгөнү жатабыз. Анын үстүнө азыр соода жок. Орусия эмне болуп жатат? Ал жакка кетпей калды”.

Шаймерден Болот уулу: “Биз цехтерден ашкан материалдарды метрлеп сатабыз. Айына 7 миң сом ижара төлөйм. Бирок биздин ижара акыбызды рулондоп дүңүнөн саткандарга теңегени жатат. Биз ошол жагына каршыбыз. Дүңүнөн сатып, миллиондоп тапкан уйгур ишкер менен метрлеп, майдалап стакан соодагер да чарчы метрине 25 доллардан алсын деп атат”.

"Мадина" Бишкектеги кездемелер жана текстилдик каражаттар сатылган ири соода жайы. 1-августта базар жабылгандан кийин анын орду кандай максатта пайдаланылары азырынча белгисиз. Бул багытта расмий жооп боло элек.

Базардын жетекчилиги соодагерлер менен келишимди жокко чыгарганы тууралуу документте мындай түшүндүрмө берген:

"Бишкек шаарынын мэриясынын № 308 Муниципалдык аймактык башкармалыгынан келген катка ылайык, базардын аймагын заманбап шаар куруу, санитардык жана экологиялык стандарттарга шайкеш келтирүү программасынын алкагында келишимди токтотконубузду билдиребиз. Муниципалитеттин расмий түшүндүрмөсүнө ылайык, реконструкциялоо шаарды көрктөндүрүүгө, жол тармактарын кеңейтүүгө жана жарандар үчүн ыңгайлуу, коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган. Буга байланыштуу 2026-жылдын 1-августунан тартып "Мадина" ЖЧК соода базарынын ишмердүүлүгү убактылуу токтотула тургандыгын кабарлайбыз".

Соодагерлердин нааразылыгы боюнча "Мадина" базарынын да, жаңы соода жайынын да жетекчилигинен комментарий алууга мүмкүн болбоду.

22-июлда Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев базардын соодагерлери менен жолугушкан. Ал базарды көчүрүү боюнча алдын ала эскертүү берилгенин белгилеген. Сатуучулардын дооматтарын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлөрүн билдирген.

"Үч-төрт күндүк мөөнөт менен комиссия түзөлү. Ушул жерде иштеп, силерде болгон жалган маалыматтарды териштирели, силер кооптуу болгон нерселерди көрсөтүп бергиле. Бүт план менен иштеп чыгып, чечим кабыл алалы. Силер менен иштегенге, кызыкчылыгыңарды, укуктарыңарды коргогонго даярмын деп келип жатам. Аны менен кошо шаардын өнүгүүсүн, кызыкчылыгын эстен чыгарбайлы. Силер айткан маселелерди тең салмактуу карап, жетекчиликке сунуштайлы".

Мэр Жунушалиев менен "Мадина" базарынын сатуучуларынын жолугушуусу. 22-июль, 2026-жыл
Мэр Жунушалиев менен "Мадина" базарынын сатуучуларынын жолугушуусу. 22-июль, 2026-жыл

"Мадина" базарын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунтай Салимов негиздегени коомчулукка белгилүү. Ал 2023-жылы кримтөбөл делген Камчы Көлбаевди каржылаган деген айып менен кармалып, 2024-жылдын март айында үй камагына чыккан. Ошол эле жылы базардын ээси алмашканы белгилүү болгон.

Сот тарабынан экстремисттик деп табылган "Клооп" басылмасы менен журналист Болот Темиров 2024-жылы жарыялаган иликтөөдө Салимовдун "Мадина" базары көмүскө аткезчи империя түзгөнү айтылган Хабибулла Абдукадырдын жакындарына, жанындагы жер президенттин жакын адамдарына катталган компанияларга өтүп кеткени белгиленген.

Президент Садыр Жапаровдун администрациясы журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды четке кагып, “президент жана анын жакындарын каралоо” деп билдирген. Абдукадыр былтыр журналистти жана басылманы журналисттик иликтөөсү үчүн сотко берген.

"Жаңы жайда шарт жок, баасы кымбат". Бишкектеги "Мадина" базары жабылат
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:55 0:00
Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG