Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:12

"Мадинаны" көчүрүүгө каршы соодагерлер базардын ичинде акцияга чыгышты

"Мадина" базарынын сатуучулары акцияга чыгышты.
"Мадина" базарынын сатуучулары акцияга чыгышты.

Бишкектеги "Мадина" базарынын сатуучулары бүгүн, 26-июлда нааразылык акциясына чыгышты. Алар базарды көчүрүүгө каршы чыгууда.

"Азаттык" байланышкан сатуучулардын бири базардын ичинде 200дөй адам чогулганын билдирди.

"Биз базарды көчүрүүгө каршыбыз. Жаныбыздагы жаңы соода борборуна көчкүлө деп жатат. Бирок ал жерде шарт жок. Кенемте да төлөп беришпейт экен. Базаркомго келсек, "квадратурасын 3 миң доллардан сатып алгыла же квадратурасын 25 миңден төлөп ижарага алгыла" деп жатат", - деди акциянын катышуучуларынын бири.

Милиция азырынча бул тууралуу маалымат бере элек.

23-июлда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Мадина” базарынын соода түйүндөрүнүн ээлери менен жолугуп, алдыда күтүлүп жаткан объектти реконструкциялоо маселеси боюнча сүйлөшкөн.

Жолугушууга Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиев, Свердлов районунун прокурору, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү, Бишкек шаардык башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын, Архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышкан.

Мэрия бул иштер шаардык чөйрөнү көрктөндүрүү жана өнүктүрүү алкагында жүргүзүлөрүн белгилеп, ишкерлерге базардын айланасында жайгашкан жаңы соода орундарын пайдалануу сунушталган.

Айбек Жунушалиев муниципалитет жүргүзүп жаткан иштер шаардын көрүнүшүн жаңылоого жана тартипти чыңдоого багытталганын белгилеген.

29-июнда “Мадина” базарында айрым соода жана тамактануучу жайлар буздурулган. Расмий органдар ишкерлерди 1-августка чейин соода түйүнүн жаап, ишин токтотууну эскертишкен. (ST)


Шерине

XS
SM
MD
LG