Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш: Өкмөт жаңы мыйзам долбоорун сунуштады


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандын Министрлер кабинети жана Ички иштер министрлиги уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө жазаны күчөткөн жаңы мыйзам долбоорлорун удаа сунуштады. Ага ылайык, мындай топторго кошулгандарды өмүр бою абакка кесүү чарасы киргизилгени жатат.

Мындан сырткары кылмыштардын эскирүү мөөнөтү алынышы мүмкүн. Бул криминалдын анабашы атыккан Камчы Көлбаев атайын операцияда өлтүрүлүп, артынан көп кишилер кармалган учурга туура келди.

Жазаларды катаалдатчу долбоорлор

Министрлер кабинетинин демилгеси менен Ички иштер министрлиги “Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамынын жаңы редакциясын иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.

Бул мыйзамдын иштеп жаткан варианты 2013-жылы кабыл алынган.
Жаңы редакциянын негиздемесинде көрсөтүлгөндөй, документ уюшкан кылмыштуулукту жоюу, анын идеологиясын жана финансылык-материалдык негиздерин кыркуу максатында иштелип чыккан. Анын ичинде уюшкан кылмыштуулукка тиешеси бар адамдардын мамлекеттик бийлик органдарына кирүүсүнө жол бербөө, уюшкан топтордун жана кылмыштуу жамааттардын ишинин алдын алуу жана бөгөт коюу жана башка милдеттер да камтылган.


Уюшкан кылмыштуу топторго мүчө катары министрликтин алдындагы борборлоштурулган тизмеге киргизилгендерди чектөө чаралары күчөтүлүп жатат. Алардын банктык эсептери, анын ишмердиги жөнүндө маалымат алып туруу, жашаган жеринен жер которуусун чектөө сыяктуу беренелер бар. Мындан сырткары алар менен күрөшүүчү органдардын ыйгарым укуктары кеңейтилип жатат.

Долбоордо укуктук глоссарийге "криминалдык иерархиядагы абалды ээлөө", "кылмыштуу чогулуш (криминалдык жыйын)" сыяктуу жаңы терминдерди киргизүү каралган. Мунун биринчисинде тиешелүү кылмыштуу топтордун ишин координациялаган адамдар жөнүндө кеп болуп жатса, экинчиси кадимкидей эле кылмышкерлердин чогулган учурун түшүндүрөт.

Мыйзам долбоордун негиздеме-маалымкатында ички иштер министри Улан Ниязбековдун жүйөсү мындайча келтирилет:

Улан Ниязбеков
Улан Ниязбеков

“Уюшкан кылмыштуулук - бул мамлекеттин жана коомдун нормалдуу өнүгүшү үчүн олуттуу көйгөйдү жараткан татаал антисоциалдык көрүнүш. Ал дайыма өзгөрүп турат, каш кагат, жылмаят, көзөмөлсүз же начар башкарылуучу боштуктарды заматта толтурат. Жыл сайын анын коомдук коркунучу жана келтирген зыяны көбөйүүдө. […] Ошондуктан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү комплекстүү мүнөздө болушу керек, биринчи кезекте алар менен түздөн-түз күрөшүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдарга алдын алуучу мүнөздөгү бардык чараларды натыйжалуу колдонууга мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Ушуга байланыштуу мамлекеттик башкарууга, жарандык коомго, улуттук коопсуздукка, мамлекеттин жана коомдун экономикалык жана руханий негиздерине тийгизген таасирин төмөндөтүү максатында Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн жаңы механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыкты”, – деген анда министр.


Министрлик сунуштаган экинчи мыйзам долбоору азыркы Кылмыш-жаза кодексине жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөйт. Тагыраагы, анда тиешелүү беренелерге жаза чараларын катаалдатуу каралууда.

Мыйзам долбоорунда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо, уюшкан топту түзүү же ага катышуу, уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо беренелеринде белгиленген кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн алып салуу каралган.

Кылмыштуу топтордун, алардын өкүлдөрүнүн кылмыштуу чогулуштарына катышкандардын мүлкү конфискация болуп, өздөрү 10 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылат. Криминалдык топтогу же кылмыштуу коомдоштуктагы ээлеген статусун ырастагандар 10 жылдан 12 жылга чейин кесилип, мүлкү мамлекетке өткөрүлөт. Башка кылмыштардын жаза мөөнөттөрү күчөтүлүп, өмүр бою эркинен ажыратылуучу кылмыш белгилеринин саны көбөйтүлдү.

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов буга чейин чара көрүлбөгөндүктөн кылмыш чөйрөсүндөгүлөр бийлик органдары менен коюн-колтук алышып келгенин белгилеп, соңку күрөштү, анын ичинен жазаларды катаалдатууну маанилүү экенин айтты:

Султанбай Айжигитов
Султанбай Айжигитов

“Карабайсыңарбы, ушул күнгө чейин жогорку деңгээлдеги саясатчылар криминал менен байланыштарын ачык жарыялап, зарыл болсо атайын чогуу түшкөн сүрөттөрүн чыгарып жүрүшпөдүбү. Башкалар билсин, корксун деген максатта. Криминалдарды кандайдыр бир мааракелерге чакырып, же өздөрү кошо тойго барып келишкен. Бийлик өкүлдөрү менен аралашып кетип, бардык жакта таасири артып калган. Алар биздин коомдо ушундай сиңип, 30 жылда кимдир бирөөлөр үчүн жашоо образы да болуп калган болчу. Аны кайсы бир саясатчылар шайлоодо колдончу, оппоненттерине каршы коё берчү. Бул деген ачыктан ачык саясий коррупция, анткени бийлик криминал менен камыр-жумур болуп кетти деген сөз. Айтор, абал өтө олуттуу болчу. Ошондуктан азыр кылмыш дүйнөсүндөгүлөргө каршы жүрүп жаткан күрөштү толук колдош керек. Алардын жазаларын күчөтүү жөнүндө мыйзам долбоорун окуй элекмин, бирок парламентке алып келишсе, жеке мен колдоп берем. Өткөндө криминалдарды чекеден камап жиберди эле, улам-улам-кайрылуу таратып киришпедиби. Бул аларга моралдык жактан сокку болду. Албетте, криминал менен күрөшүүдө бир топ ыкмалар бар, бирок алардын жазасын көбөйтүү - бул туура жол. Бул чечимдер өзгөчө кырдаалда кабыл алынып жаткан өзгөчө чечимдер деп атасак болот. Мунун баары криминалды тез арада жок кылуу максатында жүрүп жатканы көрүнүп турат”.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтордун 400дөн ашуун активдүү мүчөсү бар. Мекеме мыйзамдардагы түшүндүрмөсүндө учурдагы уюшкан кылмыштуулуктун масштабы улуттук коопсуздукка коркунуч жаратып жатканын билдирүүдө. Тиешелүү мыйзамдар азыр коомдук талкууда турат, бир-эки айдан кийин парламентке киргизилмекчи.

Күрөш жана ньюанстар

Кыргызстанда криминалдык топтор жана уюшкан кылмыштуулук көрүнүшү өлкө эгемендик алгандан бери эле бар. Анын деңгээли ар кайсы жылдары ар кандай болчу. Кээде күчөп, мамлекеттик кызматтарга, парламентке чейин жеткен учурлары болсо, айрым убактарда алардын лидерлери камакка алынып, соттолчу.

Айталы, кылмыш чөйрөсүндө “мыйзамдагы ууру” наамы бар Камчы Көлбаев эле түрдүү кылмыштарга байланыштуу камалган учурлары болгон. Бирок кайра эле же жазасы кыскарып, же акталып, кайра бошоп кетчү.

Чүй облусунда жашаган, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү катары кармалган адамдар. УКМК тараткан сүрөт.
Чүй облусунда жашаган, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү катары кармалган адамдар. УКМК тараткан сүрөт.


Азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаров жана анын саясаттагы негизги өнөктөшү Камчыбек Ташиев бийликке келген соң Кыргызстанда криминал жана уюшкан кылмыштуулук менен кескин күрөшөрүн сөз беришкен. Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти жетектей баштаган 2020-жылдын күз айларында “мындан ары Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ болбойт” деп билдирүү жасаган.

Жапаров президент болуп шайланып, Ташиевдин ыйгарым укуктары кеңейген соң ошол эле Көлбаев бир-эки ирет кармалып, бирок кайра бошотулду. Бул жагдай коомчулукта сын-пикирлерди жаратып келди.

Быйыл 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) кармоо операциясы кайрадан болуп, ал атайын операция маалында өлтүрүлгөн. УКМК Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Атайын кызмат муну улай эле Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген. Андан бери да Бишкекте, Ошто жана башка аймактарда уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар бир катар кишилер кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Кыргызстанда мындан ары Көлбаев, Матраимов деген мафия болбой турганын, мамлекеттик органдар бул топко жакын 202 адамдан тазаланып жатканын билдирген. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга айыпталып, кармалып, кайра бошотулган Райымбек Матраимов Көлбаев өлтүрүлгөн соң атайын кызматта сурак бергени маалым болгон.

Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаев
Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаев

Ортодо адамдардын жоон тобу кылмыштуу топторго аралашуудан баш тартып, видео кайрылууларды жасашты. Ушул күндөрү да күн алыс кезектеги кармоолор жөнүндө маалымат жарыяланып, өздөрүн “криминалдын өкүлүмүн” деп тааныштыргандар андагы макамдарынан баш тарткан кайрылууларын таратууда. Анын ичинен “Женго” каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досонов да ушундай мүнөздөгү билдирүү жасаган.

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев 23-ноябрда парламентте сүйлөп жатып, Досонов "уюшкан кылмыштуу топтордон кайттым" деп буга чейин убада кылганы менен, дагы деле криминалдык аракетин улантып жатканын белгилеп, криминалдык дүйнөдөгүлөр алардын олуттуу аракетин аңдабай жатканын эскерткен:

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

“Женгону Бишкекке алдырып жатам. Ал буга чейин экран алдында убада бергени менен, дагы деле кылмыштуу аракетин улантып жатканы белгилүү болду. Ал тергөө абагында отуруп алып, дагы деле таасир этүүгө аракет кылууда. Кыргызстанда Көлбаев, Матраимов, Женго дегендер болбойт. Криминалдар экран алдында убада бергени менен, ал кылмыштуу аракеттен кайттыбы, катуу көзөмөл кылып жатабыз”, – деген анда Ташиев.


Досонов буга чейин оор беренелер менен айыпталып, бир нече жолу кесилип, кайра эркиндикке чыккан. Соңку ирет аны УКМК 2021-жылдын февраль айында башка кылмыштарга шектүү катары кармаган. Былтыр сентябрда Жогорку Сот төмөнкү инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн. Ал 4-декабрда Ош облусунда тергөө абагында кармалып турган жеринен Бишкекке которулган.

Досонов буга чейин оор беренелер менен айыпталып, бир нече жолу кесилип, кайра эркиндикке чыккан. Соңку ирет аны УКМК 2021-жылдын февраль айында башка кылмыштарга шектүү катары кармаган. Былтыр сентябрда Жогорку Сот төмөнкү инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн. Ал 4-декабрда Ош облусунда тергөө абагында кармалып турган жеринен Бишкекке которулган.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш өнөктүгүнүн алкагында УКМК бир нече кишилерге, анын ичинен Көлбаевге байланышы бар деген айып менен Азим Рой аттуу жаранга сыртынан айып тагып, издөө жарыялады. Мекеме “ал Көлбаевдин өкүл атасы болгон” деп билдирген. Түбү кыргызстандык Азим Рой мурда Орозахун Сайдазимов деген ат менен таанымал болгон. Бир нече кылмыштарга байланыштуу соттолуп, кийин атын өзгөртүп, чет жакка чыгып кеткен.

Дагы бир ишкер, “Айчүрөк” соода борборунун (ЦУМ) ээси Анвар Габбазовго дагы Көлбаевге байланыштуу айып тагылып, издөө жарыялаган. Экс-депутат Борис Сандын уулу, ири бизнесмен Александр Сан да Көлбаевге байланышы болгон деп шектелип, камакка алынды. Атайын кызмат ал буга чейин кармалган "Мадина" базарынын ээси, парламенттин мурдагы депутаты Турсунтай Салимов менен алака-катышта экени аныкталганын жарыялады. Ал да кармалды.

Мындан сырткары анын ичинде өзгөчө курулуш тармагында бизнес кылган бул адамдар кармалды: "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга" айыпталып кармалган “Авангард Стиль” компаниясынын директору Эрнис Миңкеев, Элитхаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев жана “Эмарк Групп” курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов. Мунун ичинен Миңкеев тилкат менен бошотулса, Файзиев менен Акматов дале камакта отурат.

Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы жана мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев “Азаттыкка” курган маегинде кылмыштуулукка каршы соңку күрөштүн айрым ньюанстары жөнүндө мындай деди:

Өмүрбек Суваналиев
Өмүрбек Суваналиев

“Ташиев айтып жатпайбы, биз кызматка келгенден кийин үч жыл даярданып, эми гана сокку бердим деп. Негизи бийлик шайлоодо же кызматка келердин алдында берген убадасын дароо эле аткарыш керек. Бул бир. Экинчиден, ушундай күрөш баштаардын алдында жанагындай мыйзамдарды алдын ала даярдап алышса болмок. Макул эми, ал кечээги күн. Канткен күндө да азыркы күрөш мыйзамдын чегинде жүрүш керек. Керек болсо кылмыштуулук менен күрөшүп жатканда да бардык аракеттер мыйзамдуу болушу шарт. Ким камалды, эмнеге камалды, алардын мүлкү не болду, эл дагы билиш керек. Буга чейин “кустуризация” деп атап келген ыкма менен азыр криминалга байланыштуу бизнесмендерди да акча төктүрүп жатпайбы. Бирок алардан жалгыз эле Көлбаев тиешесин алып турган эмес да, анын башка жан-жөкөрлөрү да ишкерлерге кол салып турган. “Мен криминалдан кеттим, мыйзамдуулук менен жашайм” десе эле жоопкерчиликтен чыгып калбаш керек. Кадимки флешмоб сыяктуу эле болуп калып атпайбы. Ошол эле Досоновду “сөз берди эле, эми кайра жасап жатат” дешти. Бул деген алардын жашоо образы. Психологиясы ошондой болуп калган. Алар убактылуу алдап, кайрадан кылмышка барары мыйзам ченемдүү нерсе. Ошондуктан аларды мыйзам чегинде кылмыштарын далилдеп, өзүн түрмөгө жөнөтүп, мүлкүн конфискация кылыш керек. Анда дагы мүлкүн жөн эле тартып албай, сот аркылуу алыш керек болчу”.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн алкагында ишкерлер кармалган жагдай тууралуу ЖИА бизнес ассоциациясы президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, камтамачылык билдирген. Уюм мамлекет башчынын ишкерлерди жана инвесторлорду коргоо убадасын эстетип, бизнес чөйрөнү биротоло чочутуп албоого чакырган.

Көз карандысыз адистер өлкө эгемендик алган жылдары кримчөйрө менен бизнес алака-катышта болуп келгени жашыруун эмес экени, буга ишкерлер кримдүйнөнүн лөктөрүнөн өздөрүн коргой албаган жагдайы дагы негиз болгонун айтып келишет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG