Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Мадина” базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимовдун уулу С.И.Т. жана базардын коопсуздук кызматынын башчысы кармалганын 27-мартта билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, Салимовдун уулу кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчы Асанбек) кылмыштуу кирешелерин адалдоо жана анын кылмыштуу каражаттарын кыймылсыз мүлккө салууга катышканы аныкталган.
“Аны менен бирге “Мадина” соода комплексинин коопсуздук кызматынын жетекчиси болуп турган К.С. да Камчы Асанбектин кылмыштуу ишмердигин жана кылмыштуу чөйрөнүн курамында ишкерлерден опузалап, мыйзамсыз өндүрүп алуу жолу менен акча алганын билип туруп, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен тил табышып, узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп келген”, - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары К.С. 2020-жылкы парламенттик шайлоодо Көлбаевдин квотасы менен “Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкерлеринин тизмесине киргени жазылган.
Мунун алдында “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов эч жакка кетпөө тилкаты менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу абагынан бошотулган. Ал Октябрь райондук сотунун судьясынын токтомунун негизинде 22-мартта чыккан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турсунтай Салимовду кримтөбөл Камчы Көлбаевдин ишине байланыштуу 20 адам менен чогуу кармаганын былтыр 10-ноябрда билдирген.
Атайын кызмат ага “узак убакыт бою криминалдык чөйрөнүн мурдагы жана азыркы башчылары менен тыгыз байланышта болуп, алардын мыйзамсыз каржылык активдерин көбөйтүп турган, Камчы Көлбаев аркылуу атаандаштарын коркутуп-үркүтүп, алардын активдерине жана бизнес долбоорлоруна ээлик кылып жүргөн” деген айып койгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топко катышуу” беренеси менен айып тагылган.
Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин “анын уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар жана анын арам акчасын адалдаган” деген айып менен ондогон киши кармалган.