Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Көлбаевдин өкүл атасы деген Азим Рой ким?


Азим Рой жана Камчы Көлбаев. УКМК тараткан сүрөт.
Азим Рой жана Камчы Көлбаев. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кримчөйрөнүн анабашы атыккан, операция маалында өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевге байланышы бар Азим Рой аттуу жаранга сыртынан айып тагып, издөө жарыялады. Мекеме “ал Көлбаевдин өкүл атасы болгон” деп билдирүүдө.

Түбү кыргызстандык Азим Рой мурда Орозахун Сайдазимов деген ат менен таанымал болгон. Бир нече кылмыштарга байланыштуу соттолуп, кийин атын өзгөртүп, чет жакка чыгып кеткен. Бир жыл мурда анын президент Садыр Жапаров менен түшкөн сүрөтү жарыяланып, коомчулукта талкуу жараткан.

“Мыйзамдагы ууру” жана “өкүл ата”

Кыргызстанда артынан көп сөз ээрчиткен Азим Ройго сыртынан тагылган айыптар маркум Камчы Көлбаевдин (Асанбектин) уюшкан кылмыштуу тобунун кирешелерин легалдаштыруу фактылары боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында коюлду.

Мекеме Кылмыш-жаза кодексинин эки беренесинде каралган кылмыштарды жасаган деп эсептейт. Алар “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” (263-беренесинин 1-бөлүгү) жана “Бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо, шантаж аркылуу же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган жана байкабастыктан оор зыян келтирүү” (224-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту, 3-бөлүгү) беренелери.

Азим Рой жана Камчы Көлбаев. УКМК тараткан сүрөт.
Азим Рой жана Камчы Көлбаев. УКМК тараткан сүрөт.

Атайын кызмат Кыргызстанда туулган Азим Рой учурда Орусиянын жараны экенин белгилеп, аны кримчөйрөнүн анабашы атыккан, операция маалында өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевдин өкүл атасы болгон деп атады. Натыйжада УКМК ага издөө жарыялады.

“Тергөөнүн жүрүшүндө Азим Рой криминалдык авторитет Камчыбек Асанбектин таасиринен пайдаланып, коркутуу жолу менен Бишкекте курулуп жаткан “Арстан Таувер” бизнес борборунун 10 млн АКШ долларын түзгөн 6000 чарчы метр үлүшүн мыйзамсыз ээлеп алган. Азим Рой Бишкектин кымбат баалуу жерлеринин биринде жайгашкан, аянты 500 чарчы метр, болжол менен 1 миллион АКШ долларын түзгөн батирди сатып алып, Азим Ройдун жубайы Н.З.Х аттуу жарандын атына каттаган. Ошол эле учурда бул батирде Камчыбек Асанбек жашап келген”, – деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Коопсуздук комитети Азим Ройдун Бишкектин четиндеги элиталык шаарчалардын биринде Камчы Көлбаевдин үйүнүн жанында жайгашкан 2 миллион долларды түзгөн дача үйгө ээлик кыларын жана Чолпон-Ата шаарындагы “Каганат” эс алуу борборунда 500 миң долларлык коттежи бар экенин да тактаган.

Расмий маалыматтарга ылайык, буга чейин Орозахун Сайдазимов деген ысымды алып жүргөн Азим Рой 1957-жылы Панфилов районундагы Чалдыбар айылында туулуп, Кара-Балта шаарындагы мектеп-интернатта билим алган. Ал 1981-жылы ок атуучу курал алып жүрүү, кол салуу, “кызыл кулактык” жана маңзат сактоо боюнча бир катар кылмыштары үчүн жети жылга кесилип, Орусиянын абагында мөөнөтүн өтөгөнү айтылып жүрөт.

Ага чейин, ошол учурдагы Министрлер советинин төрагасы Султан Ибраимовдун өлүмүнө шектүү деп кармалып, бирок күнөөсү аныкталган эмес. 1995-жылдары анын соттуулугу жоюлуп, 1998-жылы ага каршы ачылган иштер биротоло жокко чыгарылганы кабарланган.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, мурдагы ички иштер министри, экс-губернатор Өмүрбек Суваналиев Азим Ройдун кылмыштуу чөйрөдөгү маалыматтарын мурдатан айтып келет. Суваналиев буга чейин “Азаттыкка” курган маегинде буларды билдирген эле:

Өмүрбек Суваналиев
Өмүрбек Суваналиев

"Азим Ройдун мурдагы аты-жөнү Орозахун Сайдазимов. Анын кылмыштуу жолу 1980-жылдары башталган. Ал өзү Орусиянын түрмөлөрүндө отуруп чыккан. Ошондуктан Орусиядагы кылмыштуу топтун анабашчылары, киши колдуу болуп өлгөн “Япончик” аттуу Вячеслав Иваньков жана "Дед Хасан" деген каймана ат менен белгилүү Аслан Усоян менен да жакшы мамиледе болгон. 1991-жылы Москвадан Ысык-Көлгө 15-20дай криминалга тиешеси бар киши келген. Алар ызы-чуу кылып атканда биз текшергенбиз. Ошондо мен райондук милицияны жетектеп тургам. Аларды ушул Сайдазимов алып келген. Кийин мен Нарында губернатор болуп турганда Камчы Көлбаев баштаган криминалдар Эки-Нарындын башына боз үй тигип эс алышкан. Муну нарындыктар жакшы билишет. Арасында Рой Азим да бар эле. Ошондо Көлбаев “мыйзамдагы ууру” деген наам алган болчу. Ошону жууганы чогулушкан. Биз аларды кеткенге мажбур кылганбыз”.

Ошентип, Орозахун Сайдазимов соттуулугу жоюлгандан кийин, 1997-жылы аты-жөнүн Азим Рой деп өзгөртүп, АКШга виза алып кеткен. Ал жакта алдамчылыкка айыпталып, кийин камактан чыккан.

2022-жылдын башында Коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү уюму (OCCRP) ар кайсы өлкөдөгү өнөктөш медиа каражаттары менен жүргүзгөн иликтөөдө Рой Азим АКШда ал каржыны башкаруу боюнча консалтинг жеке фирмасын негиздеп, Флоридадан наркы 1,27 млн долларлык үй сатып алганы дагы иликтөөдө көрсөтүлгөн.

Медал, грамота жана сүрөт

УКМК 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Мекеме 2008-жылдан бери Көлбаев “криминалдык империя” түзүп келгенин, кармалган адамдар анын жетекчилиги менен опузалоо жана рейдерлик аркылуу мүлк жана активдерди мыйзамдаштырып, башка да кылмыштарды жасап келишкенин, мыйзамсыз баюу жана саясатка кийлигишүү болгонун, ал таза иштеген ишкерлердин эсебинен өзүнө караштуу бизнес-структураларды түзүп жүргөнүн маалымдаган.

Атайын кызмат муну улай эле Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген. Андан бери да Бишкекте, Ошто жана башка аймактарда уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар ондогон кишилер кармалды. Алардын ичинде белгилүү ишкерлер да бар.

Бул окуядан кийин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга айыпталып, кармалып, кайра бошотулган Райымбек Матраимов атайын кызматта сурак бергени маалым болгон.

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Кыргызстанда "мындан ары Көлбаев, Матраимов деген мафия болбой турганын", мамлекеттик органдар бул топко жакын кызматкерлерден тазаланып жатканын билдирген.

“Райымбек Матраимовго байланыштуу болгон 92 мамлекеттик кызматкерди аныктадык. Көлбаевге байланыштуу болгон 60 кызматкерди аныктадык. Андан тышкары бажы органдарынан 50 кызматкерди аныктадык. Ошентип, 202 мамлекеттик кызматкер уюшкан кылмыштуу топко, криминалдык элементтерге жана коррупцияга байланыштуу кызматынан алынып жатат”, – деген анда Ташиев.

Атайын кызмат "Көлбаев, Матраимов мафиясы болбойт" деп эскертти
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00

Башка маселе, Көлбаевге байланыштуу издөө жарыяланган Азим Ройго 2021-жылы Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин медалы менен сыйланганы жана Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ардак баракчасын алганы да былтыр белгилүү болгон. Эки мекеме тең өтмүшү шек жараткан жаранга көрсөтүлгөн сый-урматтын себебин түшүндүргөн эмес.

Азим Рой Кыргызстандын министрликтеринен алган медал-грамоталары.
Азим Рой Кыргызстандын министрликтеринен алган медал-грамоталары.

2022-жылы кыргызстандык басылмалар президент Садыр Жапаров жана анын кудасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаевдин бизнесмен Азим Рой менен түшкөн сүрөтүн жарыялашкан. "Кактус Медиа" басылмасы жеке булактарына таянып, президентти коштоп жүргөн Chevrolet Suburban машинесин Азим Рой бериши мүмкүн экенин да жазган.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев, президент Садыр Жапаров жана таржымалы талаштуу ишкер Азим Рой (сүрөт качан, кайда тартылганы белгисиз).
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев, президент Садыр Жапаров жана таржымалы талаштуу ишкер Азим Рой (сүрөт качан, кайда тартылганы белгисиз).

Президенттин ал кездеги басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев сөз болуп жаткан эки унааны гранттык негизде чет элдик өнөктөштөр белек кылганын билдирсе, Акылбек Түмөнбаев журналисттерге берген маегинде Рой менен качан сүрөткө түшкөнү эсинде жок экенин айткан.

Саясий талдоочу Руслан Акматбек бул жагдайды мындайча комментарийледи:

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

“Соңку кабарлардын фонунда УКМКнын Азим Ройго издөө салганы, албетте, мыйзам ченемдүү, күтүлгөн нерсе болчу. Бирок мени мындан кийин президенттин администрациясы ошол талкуу болгон сүрөт жөнүндө, ал эми Ички иштер министрлиги өзү ыйгарган медал жөнүндө унчукпай койгону таң калтырып жатат. Ал тургай аябай тынчсыздандырат. Баарыбызда “Кандай өлкө болуп калдык?” деген суроо пайда болду. Бир орган кайсы бир адамды кылмышка айыптап, издөө жарыялап жатса, аны мурда башка орган урматтап жүргөн. Ал президент менен сүрөткө түшүп, бир эмес, бир нече мамлекеттик органдардан сыйлык алыптыр. Ал мезгилде азыркыдай маалыматтар чыкпаганы менен, ал кишинин репутациясы белгилүү болчу да. Айтор, баарыбыз эле, коомчулук, жаран катары кылмыштуу топко каршы соңку күрөштү колдоп, кубаттап жатабыз. Бирок мына ушундай дал келбестиктер жүрөктү түшүрүүдө жана көп суроолорду жаратууда".

Соңку күндөрү атайын кызмат Көлбаевдин ишине байланыштуу Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунун ээси Анвар Габбазовго издөө жарыяланса, Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоров жана экс-депутаты Жаныбек Бакчиев кармалды. Кармалгандардын ичинде мындан сырткары "Каганат Resort" эс алуу борборунун тең негиздөөчүсү жана "Аврора Групп" ишканасынын ээси Азрет Боотаев, “Элитстрой”, “Гознак” сыяктуу он чакты компанияга кожоюндук кылган Олег Подобедов жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов да бар.

Коомдук ишмер жана ишкер Ахунбай Кошой уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш өз жемишин берип жатканын айтты:

Ахунбай Кошой
Ахунбай Кошой

“Азим Рой буга чейин өзүнүн эсеп-чоту менен иш жүргүзүп, кайсы бир адамдар менен кызматташып, кримтөбөл Камчы Көлбаев менен алака жүргүзүп келген экен. Ал Көлбаев жок болуп кетет деп, андан ары күрөш ушундай болуп кетет деп күтпөсө керек. Мунун бардыгы азыркы бийликтин уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшү катуу жүрүп жатканын айгинелеп турат. Азыркы бийликтин кемчиликтерине карабай, кылмыштуулукка каршы ушундай күрөш болорун түшүнгөм. Бизде кылмыш дүйнөсү өзүн эркин сезип, каалашынча тайраңдап калган. Башканы кой, мен өзүм деле тамеки чыгарган заводумду ошол аты айтылып жаткан криминалга тарттырып жиберип, укук коргоо коргоо органдарынын соңку жүрүштөрүнөн кийин кайтарып алдым. Бул жөнүндө кийинчерээк кененирээк маалымат берем. Айтор, көптөрү азыркы бийлик криминалга каршы мындай катаал күрөш жүргүзөт деп ойлогон эмес экен. Бирок ал башталды. Башталдыбы, бүтөт”.

Айрымдар криминалга каршы күрөшүү өнөктүгүнүн алкагында айрым күнөөсү жок ишкерлер да садагага чабылып кетип жатканын билдиришкен. Мурдараак ЖИА бизнес ассоциациясы президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, соңку кармоолор толкунунда ишкерлердин камалышына байланыштуу камтамачылыгын билдирген. Уюм мамлекет башчынын ишкерлерди жана инвесторлорду коргоо убадасын эстетип, бизнес чөйрөнү биротоло чочутуп албоого чакырган.

Ассоциациясынын кайрылуусунда камакка алынган ишкерлердин аты-жөнү келтирилген эмес. Бирок кеп мында соңку айларда удаа кармалган курулуш тармагындагы ишкерлер жөнүндө болуп жатканы түшүнүктүү болгон. Алар "кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга" айыпталып кармалган “Авангард Стиль” компаниясынын директору Эрнис Миңкеев, Элитхаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев жана “Эмарк Групп” курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов. Мунун ичинен Миңкеев тил кат менен бошотулса, Файзиев менен Акматов дале камакта отурат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG