Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

"ЖИА" ишкерлердин кармалышына байланыштуу президентке кайрылды


"ЖИА" бизнес-ассоциациясынын логотиби
"ЖИА" бизнес-ассоциациясынын логотиби

“ЖИА” бизнес-ассоциациясы соңку учурда ишкерлердин кармалышына тынчсыздануусун билдирип, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Анда уюм ишкерлердин кызыкчылыгын, укугун коргоо боюнча саясатты колдой турганын, бул жаатта президенттин бир катар жарлыктары чыкканын белгилеген.

Кайрылууда соңку күндөрү орун алган ишкерлерди камоо иштери улана турган болсо, өлкөдө бизнес активдүүлүк төмөндөп, инвестиция сыртка агылышы мүмкүн экени эске салынган.

“Мамлекеттик саясатты мүлк коопсуздугун, ишкердикти колдоо жана коррупцияны тыюуну камсыздаган калыс эрежелер менен экономиканын узак мөөнөттүү жана туруктуу өнүгүшүнө багыттап жүргүзүүгө чакырып кетебиз”, - деп айтылат кайрылууда.

12-октябрда “Эмарк Групп” курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов 4-ноябрга чейин камакка алынган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу") негизинде айыпталган.

Анын алдында Октябрь райондук соту “Элитхаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиевди 9-декабрга чейин камоо чечимин чыгарган. Ал да “кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга” айыпталууда.

Ушундай эле айып менен “Авангард Стиль” компаниясынын директору Эрнис Миңкеев кармалып, 4-ноябрга чейин камалганы 9-октябрда белгилүү болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG