Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:12

ЖКда чет жерде кулчулукка кабылган кыргызстандыктар маселеси айтылды


Казакстанда 15 жыл кулчулукта жүргөн кыргызстандык жубайларга убактылуу паспорт берилген.
Казакстанда 15 жыл кулчулукта жүргөн кыргызстандык жубайларга убактылуу паспорт берилген.

Жогорку Кеңештин 25-октябрдагы жыйынында депутат Максатбек Сарбагышев "Азаттык" жазып чыккан, Казакстанда 15 жылдан бери кулчулукта жүрүп кайтып келген жубайлар тууралуу айтты. Ал Бакыт Рыскелдиев менен анын жубайы Элмира Токтосунованын окуясынан улам кулчулукка кабылган дагы башка жарандар болушу мүмкүндүгүн белгилеп, буга байланыштуу иликтөө жүрүшү керектигин билдирди.

"Алар "Азаттыктын" каарманы болуп, Кыргызстанга алынып келип, Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы үйүнө 15 жылдан кийин гана кайтып келип отурат. Ал киши айтып жатат, ошол жердеги дагы бир топ адам кулчулукта калып калган экен. Жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгып жатканына байланыштуу биздин Ички иштер министрлиги, Акыйкатчы менен биргеликте реакция кылып, ошол жерге барып, дагы изилдеп, дагы канча кыргыз кулчулукта калып калганын талдап, кийин бизге келип расмий түрдө маалымат берип койсо. Ошол Казакстандын Жамбыл облусунда кулчулукта калган кыргыз жарандарын аныктоо тууралуу протоколдук тапшырма берсек",-деди депутат.


Казакстанда кулчулукта жүргөн жубайлар Рыскелдиев менен Токтосунова өткөн аптада Кыргызстанга кайтып келген. Аларга Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугу убактылуу паспорт берген.

Анын алдында “Азаттык” 15 жылдан бери дайынсыз болуп келген жубайлар туугандарынын жардамы менен Казакстандын Жамбыл облусунда табылганы тууралуу макала жарыялаган.

Анда алар казак айылдарынын биринде бирөөнүн малын багып, короо-жайын карап жүргөнү, үч жолу казак полициясына кайрылып жардам сураганынан майнап чыкпаганы айтылат. Алардын жакындары кыргыз бийлигине кайрылып, жубайлардын паспортторун калыбына келтирип, мекенине алып келүүгө жардам сураган.

Азыр Казакстандын аймагында расмий эсеп боюнча 35 миңден ашык кыргызстандык жашап, иштейт. Бейрасмий эсепте алда канча көп болушу ыктымал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG