Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:42

Газага гуманитардык жардамдын төртүнчү партиясы келди


Газа тилкесинде блокадада калган тургундар үчүн шейшемби күнү кечинде, 24-октябрда гуманитардык жардамдын төртүнчү партиясы келди. Бул тууралуу Reuters агенттиги Палестинадагы Кызыл жарым ай коомуна шилтеме кылып жазды. Ага ылайык, Египет аркылуу дары-дармек, азык-түлүк жана суу жүктөлгөн сегиз машина чек арадан өттү.

Мунун алдында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жарадарларга толуп калган Газадагы ооруканаларды медициналык каражаттар жана суюк отун менен камсыздоого шарт түзүү үчүн ок атышууну токтотууга чакырган. Бир күн мурда уюм анклавдын түштүгүндөгү төрт ооруканага жана Палестинанын Кызыл жарым ай уюмуна зарыл болгон медициналык буюмдар, каражаттар, дары-дармек жеткирилгенин билдирген. Бирок Газанын дарыгерлери өтө көп нерселерге муктаж экени айтылып жатат.

Израил менен ХАМАС радикал тобунун 19 күндөн бери уланып келаткан согушу эки тараптан 7 миң 200дөн ашуун кишинин өмүрүн кыйды.

Газа тилкесинде жана Иордан дарыясынын батыш жээгинде 5 миң 886 палестиналык каза тапканын Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Маркумдардын 5 миң 791и Газанын, калган 95и батыш жээктин тургундары. Анклавда 16 миң 297 киши жарадар болду.

Израилдин Саламаттыкты сактоо министрлиги 18-октябрда жаңжалда 1 миң 400 израилдик набыт болгонун кабарлаган.

Газаны көзөмөлдөгөн палестиналык согушкер уюм 7-октябрда Израилге кол салгандан кийин жөөт армиясы жооп иретинде тилкени блокадага алып, ХАМАСка каршы согуш жарыялаган. Таза суу, электр энергиясы, азык-түлүк, дары-дармек тартыш болуп жаткан Газаны гуманитардык апаат коркунучу тооруду.

Израилдин армиясы ХАМАСты толугу менен зыянсыздандырууну максат кыларын, тилкени бомбалоо уланарын эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG