Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:24

Нурланбек Шакиев мамлекеттик туунун авторлорунун сунуштарын укту


Оңдо туунун сунушталып жаткан варианты.
Оңдо туунун сунушталып жаткан варианты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 24-октябрда мамлекеттик туунун авторлору Жусуп Матаев жана Бекбосун Жайчыбеков, ошондой эле мамлекеттик-коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов менен жолугуп, алардын сунуштарын, пикирлерин укту. Парламенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, анда спикер азыркы туудагы айрым элементтерге тактоо киргизүү керектигин айтты.

"Өз кезегинде Бекбосун Жайчыбеков тиешелүү көзөмөлдүн жоктугунан туунун баштапкы элементтери өзгөрүп кеткен учурлар арбын экенин айтты. Алгачкы вариантын кайрадан карап чыгып, концепциясын сактоо менен айрым элементтерине тактоо киргизүүгө байланышкан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы эместигин билдирди. Жолугушуу соңунда алар он күн аралыгында туунун элементтерине тактоо киргизүү маселесин биргелешип кароо менен так вариантын алып келишерин билдиришти. Шакиев негизги концепциядан алыстабай, түзөтүүлөрдү камтыган туунун вариантын кабыл алууда авторлордун жана коомчулуктун пикири сөзсүз эске алынарын кошумчалады",-деп жазылган маалыматта.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген. Анда желектеги күндүн нурун "күн карамага" окшоштургандар да бар экенин белгилеп, “чыныгы күн нуруна окшоштурганыбыз туура” болорун айткан.

Өткөн айдын аягында Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазган, тууну өзгөртүү каралган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени жазылган.

Алардын пикиринде, азыр туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү “күн караманы же боз үйдүн тышкы бетин элестеткен дилемманы пайда кылууда”.

“Ошондуктан күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат” деп белгилешкен авторлор.

Бул демилге коомчулукта талаш-талкуу жараткан.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.

2004-жылдын 17-июлунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам кабыл алынган, анда 3-берене менен тууну сүрөттөө бөлүгү келтирилип, түстүү жана схематикалык чагылдырылышы тиркелген. Анда “Мамлекеттик туу ортосуна кырк нуру тегиз, түз чачыраган алтын түстөгү тегерек күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурч түрүндөгү кызыл түстөгү кездемеден жасалат. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт” деп жазылган.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору менен “Түндүктүн радиусу туунун энинин алтысынын бирин түзөт. Нурлуу алкактын сырткы радиусу нурлуу алкактын ички радиусу менен түндүктүн ички айланасынын радиусунун суммасына барабар. Нурлуу алкактын ички радиусу туунун энинин беш жарым бөлүгү менен түндүктүн борборунун аралыгынын эки эселенген суммасына барабар” деген сүрөттөө кошулууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG