Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Чүй дарыясынын жээгин бекемдөөгө быйыл кошумча акча бөлүнгөн жок


"Азаттык" кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясынын сол жээги желип, гектарлаган жер казак тарапта калган жагдайды иликтеп чыккан.
"Азаттык" кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясынын сол жээги желип, гектарлаган жер казак тарапта калган жагдайды иликтеп чыккан.

Кыргыз-казак чек арасындагы Чүй дарыясынын жээгин бекемдөөгө быйыл кошумча каражат бөлүнгөн жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Эмне себептен кошумча акча берилбей калганы тууралуу Министрлер кабинети жана Финансы министрлиги азырынча түшүндүрмө бере элек.

Ушул жылы май айында бул дарыянын жээгин бекемдөөгө аз каражат - 50 миллион гана сом бөлүнгөнү маалым болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги быйылкы жылга беш объект куруу үчүн 177 миллион сомго жакын акча керек деп эсептеген.

"Азаттык" 20-апрелде "Чүй дарыясы: жүздөгөн гектар жер казак тарапта калды" деп аталган иликтөө жарыялаган. Кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясы сол жээгин жеп, гектарлаган жер Казакстан тарапта калган жагдайды иликтеп чыккан. Мындан эки жылга жакын убакыт мурда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкө кеминде 800 гектардай жеринен ажыраганын билдирген жана бул жагдайды президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын айткан.

Жогорку Кеңеште апрелде депутат Эрулан Көкүлов Чүй дарыясы тууралуу "Азаттыктын" иликтөөсүндөгү маселелерди көтөрүп, өкмөт дарыянын жээгин бекемдөөгө жетиштүү акча бөлүп бере электигин сынга алып, чек арага көңүл буруу керектигин эскерткен.

Ушундан кийин парламенттин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев баштаган депутаттар тобу жагдай менен жеринен таанышкан. Маселени тез арада чечүү тууралуу тийиштүү жетекчилерге тапшырма берилген.

2012-жылы Жогорку Кеңештин тармактык комитети өкмөттү жыл сайын Чүй дарыясын бекемдөө иштерине 200 миллион сом бөлүп берип турууга милдеттендирген.

Кыргыз тарап 2013-жылы дарыянын сол жээгин иликтеп чыгып, кооптуу, дамба курулушу керек деген, жалпы узундугу 65,5 чакырымды түзгөн 193 тилкени тактаган.

Иликтөөнү төмөнкү шилтеме аркылуу көрсөңүз болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG