Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

Түндүк-түштүк кошумча жолу 2024-жылы толугу менен бүткөрүлөт


Түндүк-түштүк кошумча жолун куруу 2015-жылы башталган.
Түндүк-түштүк кошумча жолун куруу 2015-жылы башталган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлү Алмаз Дүйшөбаев парламентте келерки жылы түндүк-түштүк альтернативдүү жолу толугу менен бүткөрүлөрүн билдирди. Ал 24-октябрда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинде жолду толук пайдаланууга 2024-жылы июль айында берүү пландалып жатканын айтты.

Жайында аталган министрлик бул жолдун Жумгал районундагы Дыйкан жана Кызыл-Жылдыз айылдарындагы 159-183-чакырымы курулуп бүткөнүн кабарлап, эми 15-ноябрга чейин тилкеде кемчиликтер аныкталса, аны жалданма компания оңдой турганын билдирген.

Буга чейин Жогорку Кеңеште аталган жолду куруудагы коррупцияга байланыштуу сын-доомат айтылып, иликтөө үчүн депутаттык топ түзүү сунушу көтөрүлгөн.

Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык бул жол өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң дымактуу долбоор катары айтылып жүрөт. Анын 200 чакырымга жакыны жол такыр түшө элек тилкелерден өтөт.

Бул жолду куруу 2015-жылы башталган жана долбоорго 937 миллион долларлык насыя алынган (46 миллиону - грант). Каражаттын 560 миллиону өздөштүрүлгөн деп айтылган болчу.

Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Курулушту Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө.

Туура бир жыл мурда жолдун Жумгалдагы Арал айылынан Тогуз-Тородогу Казарман айылына чейинки 100 чакырым аралыгы колдонууга берилген. Кан жол Көкөмерен жана Нарын дарыясын жээктеп салынган. 100 чакырым жолдун 87 чакырымы мурда жол түшө элек жерден өткөн. Быйыл жыл башында Көк-Арт ашуусунда кошумча кичи тоннел ачылган.

Буга чейин жаз айларында бул жолдо таш кулап, сел жүргөн окуялар катталган жана парламентте жолдон жүрүүгө өтө кооптуу абал жаралганы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG