Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

ХАМАС барымтадагы эки улгайган аялды кое берди


Учурда Газа тилкесиндеги гуманитардык кризис тынчсыздануу жаратып жатат.
Учурда Газа тилкесиндеги гуманитардык кризис тынчсыздануу жаратып жатат.

ХАМАС радикал кыймылы 23-октябрдагы барымтадагы эки улгайган аялды - 80 жаштагы Нурит Купер менен 85 жаштагы Йохевед Лифшицти бошотту. Алар 17 күн туткунда болушту жана күйөөлөрү менен кошо барымтага алынган.

ХАМАСтын өкүлү Абу Обейда улгайган аялдар "гуманитардык себептерден" улам бошотулганын билдирди.

Өткөн жума күнү ХАМАС барымтадагы эки америкалык жаранды - Жудит Раанан менен анын кызы Наталини бошоткон. ЦАХАЛдын өкүлү ошол маалда ХАМАСтын согушкерлери 212 кишини барымтада кармап турганын кабарлаган.

Израилдин Коргонуу армиясынын расмий өкүлү Жонатан Конрикус австралиялык ABC телеканалына курган маегинде ХАМАСтын согушкерлери барымтадагыларды бошотуп, куралын таштаса жердеги операциясын баштабай турганын билдирген. Азырынча Израил армиясы жердеги операциясын качан баштары белгисиз.

Израилдин полициясы менен армиясы - ЦАХАЛ жекшембиде билдиргендей, эки апта мурун ХАМАСтын чабуулдарында набыт болгон 1075 кишинин сөөгүнүн тек-жайы аныкталды. Алардын 769у карапайым жаран болсо, 307си аскерлер. Дагы 200 сөөктүн тек-жайы аныктала элек.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги 23-октябрда блокадада калган аймакта Израил армиясынын аба чабуулдарынан жалпысынан 5000ден көп кишинин өмүрү кыйылганын маалымдады. Алардын 2000ге жакыны балдар экени кабарланды. Бул сандар канчалык так экенин бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

7-октябрда ХАМАС куралдуу тобу Израилге кол салып, 1400дөй киши мүрт кеткен, ондогон кишини барымтага алган. Израил армиясы согуш жарыялап, Газа тилкесине абадан сокку уруп, электр энергиясын, суу берүүнү токтоткон.

Газа тилкесиндеги гуманитардык кризис тынчсыздануу жаратып жатат. “Чек арасыз дарыгерлер" уюму билдиргендей, ооруканаларда дары-дармек, медициналык препараттар жетишсиз. Дарыгерлер ооруну сездирбей турган дарыларсыз эле операция жасоого мажбур болууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG