Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:44

Бишкекте мектептер менен бала бакчалар эки күн онлайн окутууга өтөт


Бишкек шаары, архивдик сүрөт.
Бишкек шаары, архивдик сүрөт.

Бишкек шаарында 25-27-октябрь күндөрү Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ), Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) жана Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындары өтөт.

Ошондой эле Кытайдын премьер-министри Ли Цян расмий сапар менен, ал эми монгол өкмөт башчысы Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ жумушчу сапар менен келет.

Бул иш-чараларга байланыштуу шаардагы мектептер менен бала бакчалар эки күн онлайн окутууга өтөт. Ошондой эле бул күндөрү Бишкектин айрым көчөлөр маал-маалы менен жабылып турат.

Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, Монголиянын премьер-министринин жумушчу сапары 23-октябрда башталып, 25-октябрда аяктайт.

Кытайдын өкмөт башчысы Ли Цяндын расмий сапары 24-25-октябрь күндөрү болот.

Сапарлардын алкагында кыргыз бийлигинин башчылары менен жолугушуулар өтүп, бир катар документтерге кол коюлат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG