Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:52

Бир катар уюмдар ак илбирске улуттук жаныбар макамын берүүнү сунуштады


Kyrgyzstan -- Snow leopard at a rehabilitation center in the Issyk-Kul region, October 17, 2013.
Kyrgyzstan -- Snow leopard at a rehabilitation center in the Issyk-Kul region, October 17, 2013.

Бир катар эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрү ак илбирске улуттук жаныбар макамын ыйгаруу сунушу менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Анда бул жаныбарды жана ал байырлаган аймакты сактоо маанилүү экени, ак илбирске улуттук деген макам берүү бийик тоолуу экосистемадагы биотүрдүүлүктү сактоо чараларынын бекемделишине негиз болору жазылган.

Кайрылууга Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын (GSLEP), Кыргызстандагы "Сноу Леопард Фаундэйшн" (Илбирсти Сактоо Фонду) коомдук фонду, "Илбирс Фонду" коомдук фонду менен "Германиянын табиятты коргоо биримдиги" коомдук уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрү кол койгон.

Кайрылуу тууралуу Садыр Жапаров жана анын администрациясы азырынча комментарий бере элек.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда болжол менен аска-тоолорду мекендеген 330дай ак илбирс бар. Жаратылышка зулумдук кылып, ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айыппул каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG