Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:11

Бишкек-Ош жолунда жүк ташыган машиналарга чектөө киргизилди


"Кыргызавтожол" тараткан сүрөт.
"Кыргызавтожол" тараткан сүрөт.

Бишкек - Ош кан жолунун 81-чакырымында (Сосновка - Төө-Ашуу) жүк ташыган машиналардын каттамына убактылуу чектөө киргизилди. "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы учурда жол тазаланып, инерттик материалдар себилип жатканын кабарлады. Ошондой эле ашуу ашкан айдоочуларды жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга ооштуруп алып жолго чыгууга чакырды.

Буга чейин аталган ишкана Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда каттамга чектөө жоктугун, жолчулардын күзөтү уюштурулганын кабарлаган.

Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда суу кар жааганын, ал жакта дагы күзөт уюштурулганын билдирген.

Бишкек - Ош жолунун Чычкан капчыгайында жана Ала-Бел ашуусунда кар аралашкан жамгыр жааган. Ысык-Көл районундагы Сөөк ашуусунда шамал болгонун маалымдаган. Учурда жолдор ачык, каттамга чектөө жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG