Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Эмгек министрлиги Орусиянын "кара тизмесинен" чыгуу жобосун эскертти


Москванын Бирюлово районундагы полициянын рейди маалында кармалган мигранттар. Архив.
Москванын Бирюлово районундагы полициянын рейди маалында кармалган мигранттар. Архив.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги учурда Орусияда "кара тизмеде" 47 миңден ашык кыргызстандык жаран бар экенин кабарлады. Мекеме андан чыгуу эреже-шарттарын, жол-жобосун жарыялады.

Ага ылайык, "кара тизмедеги” жаран Кыргызстанда болсо, анда ал ооруканага анализ тапшырып жугуштуу оорулары (сифилис, кургак учук) жоктугун тастыктаган маалымдама алышы керек. Эркин формада өтүнүч менен Роспотребнадзордун электрондук дарегине: https://petition.rospotrebnadzor.ru/petition / кайрылуусу зарыл. Кайрылууга төмөнкү документтер тиркелет: паспорт (эгер чет өлкөлүк паспорт болсо, паспорттун котормосу, оорунун жоктугу жөнүндө маалымкат). Кайрылууда жашаган жеринин так дареги, почта дареги, вотсаптын телефон номери, электрондук дарек көрсөтүлүшү керек, анткени Ропторебнадзор арыз ээсине 30 күн ичинде кат жөнөтөт.

Кайрылууну оң караган учурда Роспотребнадзор Орусиянын аймагына кирүү үч айга убактылуу ачылат. Роспотребнадзор оң чечим кабыл алынгандан кийин жаран Орусиянын аймагына 1,5 айдан кийин гана кире алат.

"Кара тизмеге" кирген жаран Москва шаарында болсо, анда ал Роспотребнадзорго (Москва ш., Графский көчөсү, 4-үй, корп. 2) арыз жазышы керек. Кайрылууга төмөнкү документтерди тиркөө керек: паспорт (эгер чет өлкөлүк паспорт болсо, паспорттун котормосу, оорунун жоктугу жөнүндө маалымкат). Кайрылууда жашаган жеринин так дареги, почта дареги, вотсаптын телефон номери, электрондук дарек көрсөтүлүшү керек, анткени Ропторебнадзор арыз ээсине 30 күн ичинде жооп жөнөтөт, же байланышып чечимди берүүгө чакырат.

Кайрылуу оң каралган учурда Роспотребнадзор кирүүнү 3 айга убактылуу ачат.

Андан кийин Москва шаары, Ленин проспекти, 17 дареги боюнча Кожновенерологиялык диспансерде дарылануудан өтүү керек. Жаран дарылангандан кийин КР ф-001 маалымкаты жана паспортунун көчүрмөсү менен Москва шаары, Графский көчөсү, 4-үй, корп. 2 дерегине барып эркин формада арыз жазат жана тыюу биротоло алынып салынат.

Учурда миграция тууралуу маалыматтарды берүү үчүн “Манас” аэропортунда эки, Бишкек жана Ош шаарларында бирден түйүн иштеп жатат.

Соңку айларда Орусияда мигранттарга каршы рейддер күчөгөн.

Августтун аягында Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Орусиянын адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен Москвада жолугушканда мигранттар маселесин көтөргөн.

Жаманбаева Орусиядагы кыргызстандыктар жашаган жерине каттоого туруу, медициналык камсыздандыруу, кара тизмеден чыгуу, балдарын мектепке окутуу сыяктуу маселелерге туш болуп жатканын айткан. Айрым учурда эмгек укуктары корголбой, орой мамилеге кабылып жатканын белгилеген.

Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгектенип жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG