Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

Иштен алынган 202 аткаминер. Райымбек Матраимов азыр кайда?


Райымбек Матраимов. 2020-жыл. Архив сүрөт.
Райымбек Матраимов. 2020-жыл. Архив сүрөт.

Кыргыз бажысында көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төлөп берген Райымбек Матраимовдун кланы өлкө саясатына таасир этип келгени ачык айтылып, УКМК эми аны менен байланышта делген 202 мамлекеттик аткаминер иштен алынганын билдирди. Матраимов өзү ушул тапта кайда экени белгисиз.

Кызматтан айдалгандар кимдер?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев "таасирдүү мафия" деп атаган Райымбек Матраимов жана Камчы Көлбаев менен байланышы бар 200дөй аткаминер кимдер деген суроо коомчулукта ачык бойдон турат.

Матраимов ушу тапта кайда жана ал өзү кылмыш жоопкерчилигине тартылабы деген талкуу да күчөдү.

2-ноябрда Ташиев Кемин районундагы УКМК бөлүмүнүн имаратын ачып жатып, мурдагы бажычы Матраимовдун бир ай мурда жок кылынган кримтөбөл Көлбаев менен байланышын ырастап, "Көлбаев, Матраимов мафиясы" тууралуу айтты.

Жарандык активист, блогер Автандил Жоробек уулу Матраимовго байланыштуу иштен айдалган бардык кызматкердин аты аталышы керек деп эсептейт.

“Анын (Матраимов-ред.) жакын адамдары деп “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер болгондорду айтсак болот. Азыр депутат болуп отургандар бар. Ошол эле Маматалиев, Бакыт Сыдыков. Басма сөз кызматынын жетектеген Дайыр Орунбеков, “Мекеним Кыргызстандан” талапкер болгон Канатбек Азиз. Булар бизге билингендери. Тилекке каршы, бийлик аты-жөндөрүн ачык айткан жок. Ошолор балким, азыр деле бийликте иштеп жүрөбү ким билет?”, - деди активист.

Атайын кызматтын башчысынын сөзүнө караганда, Матраимовго байланыштуу 92, Көлбаевге байланыштуу 60 кызматкер аныкталып, иштен айдалууда. Буга чейин бажыдан 50 кызматкер кеткени айтылган. Алар дагы кимдер экени белгисиз.

Матраимов иши: Бийлик журналисттердин иликтөөсүн аягына чыгарабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:40 0:00

Райымбек Матраимов кайда?

4-октябрда Бишкекте атайын операция маалында Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин УКМКга барып сурак берген Матраимов азыр өлкөдө эмес деген маалымат тарады.

Kaktus.media басылмасы күч органдарындагы булактарына таянып, Матраимов Дубайга чыгып кеткенин жазды. Басылманын булагынын маалыматында, Матраимов мамлекеттик казынага ири суммадагы каражат төгүүнү убада кылып, бирок аткарган эмес. Азырынча күч органдары бул боюнча расмий маалымат бере элек.

Коомчулукта Матраимовдун мындан аркы тагдыры кандай болот, кылмыш жоопкерчилигине тартылабы деген суроо кабыргасынан турат.

Активист Адил Турдукулов Матраимов боюнча иш аягына чыгышы керек деген оюн ортого салды.

"УКМКнын башчысынын катуу билдирүүлөрүнөн кийин иш аягына чыгышы керек. Аягына чейин чыкпаса бир гана Ташиевге эмес, жалпы өлкө бийлигинин аброюна көлөкө түшөт. Бир гана Райымбек Матраимовдун эмес, башкалардын дагы жоопкерчилиги каралышы абзел. Кайсы гана президент болбосун чогуу иштешип, схемаларды түзгөнгө шарт түзүлгөн. Ошол иштен айдалган кызматкерлерди күнөөсү аныкталса, алар дагы жоопко тартылышы керек", - деди Турдукулов.

Көлбаев атайын операцияда жок кылынгандан кийин УКМК криминал жана коррупцияга каршы аёосуз күрөш башталганын жарыялаган. Саясий айдыңда Матраимов-Көлбаевге байланышы бар депутаттардын мандаты алынып, камалары тууралуу маалымат тараган.

"Саясий кландын" сапары

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов парламентте Матраимовду "мыкты адис" деп көкөлөтүп, мурдагы бажычыны колдогон митингдерде сүйлөп келген.

Эки күн мурда эл өкүлү шайлоодо ага тарапташ болгон адамдар милицияда суралганын жарыялады. "Мага жеткен маалымат боюнча аларды "шайлоо учурунда Матраимов акча берген деп жазгыла" деп жатышыптыр. Ата-энелери ыйлап келишти. Алардын учурдагы абалы боюнча жеткиликтүү маалымат жок болуп жатат", - деп жазды Атазов Фейсбуктагы баракчасына.

Парламентте Матраимовдун таламын талашкандардан Атазов жалгыз эмес. Депутат Мейкинбек Абдалиев Матраимовду "мыкты бажычы" деп сыпаттап, анын тажрыйбасын пайдаланууну сунуш кылган.

Жогорку Кеңеште Матраимовдун агасы Искендер Матраимовдон сырткары Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын бизнес өнөктөшү делген Алишер Козуев дагы депутат. Матраимов түзгөн бажыдагы коррупция иши боюнча соттолгон мурдагы бажычы Нурлан Ражабалиев дагы Баткенден шайланып келген эл өкүлү.

Мындан сырткары Матраимовдор иликтөөчү журналисттерди сотко берип, миллиондоп доо койгондо бул үй-бүлөнүн кызыкчылыгын коргогон адвокат Канатбек Азиз учурда Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтун башкарат.

"Мекеним Кыргызстандын" Оштогу баннери. (Сүрөт: OCCRP, 2020)
"Мекеним Кыргызстандын" Оштогу баннери. (Сүрөт: OCCRP, 2020)

Канатбек Азиз 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо Матраимовду партиясы делген “Мекеним Кыргызстандан” талапкер болгон. Бул партиядан талапкер болгондордон учурда парламентте “Ынтымак” фракциясынын жетекчиси Марлен Маматалиев дагы бар.

Макала даярдалып жатканда "Азаттык" жогоруда аты аталган жарандардын баары менен байланыша алган жок. Андыктан алардын пикирлерине орун берүүгө даярбыз.

Экс-министр Тилек Токтагазиев өлкөдө мындай кийин “Көлбаев-Матраимов мафиясы” сыяктуу кландар пайда болбошу маанилүү экенин белгиледи.

“Буларды азыр жок кылгандыгы же алсыраткандыгы жалпы мамлекеттик бийликти күчтөндүрүүгө түрткү берет. Бирок ошол эле учурда жаңы кландар пайда болбошу керек. Клан деп жатканым эмне? Бийлик жеке кызыкчылыгына пайдаланбашы керек. Ал үчүн демократия, сөз эркиндиги жана оппозиция болушу керек. Азыр “туура кылып жатасыңар” деп кол чаап жатып, аларды кайра ажыдаарга айлантып албашыбыз зарыл”, - деди Токтогазиев.

2021-жылы УКМК Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

2019-жылы “Азаттык” радиосу өнөктөштөрү OCCRP жана “Клооп" менен бирге жасаган “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” деген иликтөөдө журналисттер тапкан фактыларга бийлик реакция кылбаганына нааразы болгон кыргызстандыктар көчөгө чыккан.
Иликтөөдө Матраимов Борбор Азияда көмүскө карго компаниясын түзгөн кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырды кантип калкалап турганынын бети ачылган.
2020-жылы декабрда АКШ Райымбек Матраимовго санкция салган.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG