Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

Көлбаевдин миллиард долларлык байлыгы, "кылмыштуу империясы"


Камчы Көлбаевге тиешелүү мүлктөр деп көрсөтүлгөн имараттар. УКМК тараткан сүрөт
Камчы Көлбаевге тиешелүү мүлктөр деп көрсөтүлгөн имараттар. УКМК тараткан сүрөт

Атайын операция маалында өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбектин) 1 миллиард долларлык активдери камакка алынды жана аны менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 9-октябрда кабарлап, ондогон курал-жарак алынганы, Көлбаевдин мүлктөрү катары көрсөтүлгөн 13 мүнөттүк видео тасманы да таратты. Ошондой эле атайын кызмат кримавторитет “кылмыштуу империя” түзгөнүн, саясатчыларга да таасир эткидей даражага жеткенин белгиледи.

Ошол эле кезде Камчы Көлбаевдики делген мүлктөр тууралуу альтернативдүү маалыматтар чыга элек. Көлбаев видео тасмада көрсөтүлгөн ошол мүлктөрдүн баарына ээлик кылганбы же ага алардын кайсы бир бөлүгү таандыкпы, ырастаган маалыматтар жарыяланган жок. Буга чейин өзүн Көлбаевдин жесири деп тааныштырган келин алардын үй-бүлөсүнө таандык, насыяга салынган айрым объектилерге мөөр басып, жаап кетип жатышканын айтып, нааразылыгын билдирген.

Камчы Көлбаевдин жок кылынышы, уюшкан кылмыштуу топтордун башка мүчөлөрүн аныктоо иштеринин жүрүшү Кыргызстандын тарыхындагы криминалга каршы буга чейин болбогон чоң күрөштөрдүн бири катары сыпатталууда.

Бул күрөштү акырына чыгаруу үчүн дагы эмнелер керек?

Көлбаевдин “кылмыштуу империясы” жана байлыктары

“К.Асанбектин криминалдык абалы жана чексиз каржылык ресурстары, ошондой эле жазасыз калуусу акыркы жылдарда заманбап укуктук мамлекетте жол берилгис, өлкөдөгү саясий жараяндарга таасир этүүгө өбөлгө түзүп, улуттук коопсуздукка олуттуу коркунуч жараткан. К.Асанбектин тобунун криминалдык мүмкүнчүлүктөрүнөн чочулап, айрым адамдар, анын ичинен чоң кызматтагылар, саясатчылар анын таасиринде калып, кээ бирлери өздөрү криминалдык авторитеттин “достугуна жана колдоосуна” умтулушкан”, - деп айтылат атайын кызматтын Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун нейтралдаштыруунун алгачкы жыйынтыктары жөнүндө деп тараткан маалыматында.

Камчы Көлбаевге тиешелүү мүлктөр деп көрсөтүлгөн автоунаалар.
Камчы Көлбаевге тиешелүү мүлктөр деп көрсөтүлгөн автоунаалар.

Мекеме Көлбаев “системалуу жана максаттуу түрдө “кылмыштуу империя” түзгөнүн, негизги максаты өзүнүн жана анын жакындарынын мыйзамсыз түрдө баюусу болгонун, активдери Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү таза иштеген ишкерлердин, орто жана ири бизнестин өкүлдөрүнүн эсебинен көбөйгөнүн” белгилеген. Алдын ала эсептөө боюнча, Көлбаевдин мыйзамсыз жол менен ээлик кылган активдеринин жалпы наркы 1 миллиард доллар деп бааланып жатат:

“Кылмыштуу топтун башчысы К.Асанбектин, анын жакындарынын жана жан-жөкөрлөрүнүн мыйзамсыз мүлктөрүнө 850дөн ашык кыймылсыз мүлктөр, атап айтканда, кымбат баалуу обочо үйлөр (особняк), коттеждер, кымбат баалуу клубдук үйлөр, курулуп жаткан имараттардагы көптөгөн батирлер, эс алуу борборлору, пансионаттар, ресторандар, жер тилкелери, ат сарайлар, аңчылык жерлери, 60тан ашык люкс үлгүсүндөгү кымбат унаалар, анын ичинде брондолгондору, зер буюмдар жана башка мүлктөр бар. Тергөөнүн маалыматы боюнча, К.Асанбектин мүлкүнүн бир бөлүгү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган жана таза иштеген ишкерлерден тартып алынган. Аларды тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жабыркаган адамдарга кайтаруу иштери жүргүзүлөт. УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү мамлекеттик кирешеге айлантуу иши башталды. Курулуп жаткан эки эле имаратта К.Асанбек 700дөн ашык батирге ээ болгон, алар мамлекетке өткөрүлөт”.

Камчы Көлбаевге тиешелүү делген таажы
Камчы Көлбаевге тиешелүү делген таажы

УКМК бул алгачкы гана жыйынтык экенин, издөө иштери эми Кыргызстандан тышкары Орусия, Казакстан, Грузия, Түркия, Бириккен Араб Эмирликтери (Дубай) жана Жапония өлкөлөрүндө да улантыларын белгилеген.

Дем алыш күндөрү интернетте өзүн Көлбаевдин жесири деп тааныштырган келиндин видеосу чыккан. Ал үй-бүлөсүнө таандык айрым объектилерге мөөр басып, жаап кетип жатышканын, бирок анын баары банктан алынган насыяга салынганын, тастыктоочу документтери бар экенин, чет жакта эч кандай банк эсептери жоктугун айткан.

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков Көлбаев эсепсиз байлыкты бийликтин көмөгүсүз топтой алмак эмес деп белгилейт:

“Буга чейинки президенттердин бардыгы, жогорку бийлик өкүлдөрү, депутаттар, мамлекеттик кызматты ээлегендер түздөн-түз болбосо да кыйыр түрдө Кыргызстандын ичинде, сыртында да байлык топтогонго салым кошуп келишкен. Бул жерде бизнес, жер же мүлк эле эмес, трансулуттук баңгизатты көзөмөлдөө, экспорт-импортту көзөмөлдөө болгон. Андан сырткары кен байлыктардын алынышы-сатылышы сыяктуу көптөгөн иштерге Көлбаев жана анын жакындары кийлигишип, өзүнүн “үлүшүн” алып турган".

Камчы Көлбаевге тиешелүү мүлктөр деп көрсөтүлгөн имараттар
Камчы Көлбаевге тиешелүү мүлктөр деп көрсөтүлгөн имараттар

Көлбаевдин саясатчыларга таасир этери буга чейин эле айтылып келген. Анын саясатчылардын тойлоруна чейин барганы, Жогорку Кеңештин мурда-кийинки депутаттары, жогорку кызмат адамдары, саясатчылар менен бир үстөлгө отурган учурлары тууралуу маалыматтар чыккан.

“10-15 жылда саясий чөйрөдө аралашып жүргөнүн, таасири күчтүү болгонун билебиз. Мамлекеттик кызматта Көлбаевдин жанагы баш тартып жаткан “көзөмөлдөөчү” дегендери эмес, туугандары, жакындары, таанышы, өкүл баласы сыяктуу адамдары отурат. Көлбаевдин таасири менен парламентке депутат болгону бар", - дейт Мавлян Аскарбеков.

Уюшкан кылмыш тобуна каршы күрөш

Атайын кызмат 4-октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкектин чок ортосундагы Blonder pub эс алуу жайындагы кармоо операциясынын жүрүшүндө жок кылынганын билдирген. Маалыматка ылайык, кримтөбөлдү кармоо операциясынын жүрүшүндө Көлбаев жана анын жансакчылары күч органдарына ок аткан.

Кармоо операциясы өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген жарандардын арыздарына байланыштуу жүргөнүн маалымдаган.

Мекеменин 9-октябрдагы маалыматына караганда, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун нейтралдаштыруу иштери уланууда:

“Иликтөө иштеринин жүрүшүндө К.Асанбек жана анын жан-жөкөрлөрү тарабынан опузалап жана рейдерлик жолу менен басып алуунун натыйжасында алынган мүлктөрдү жана активдерди мыйзамдаштырууга катышкан жана башка оор, өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бар бул кылмыштуу топтун 40тан ашык активдүү мүчөлөрү жана лидерлери кармалды. К.Асанбек жетектеген уюшкан кылмыштуу топтун 2008-жылдан баштаган ишин талдоо көрсөткөндөй, ал системалуу түрдө жана максаттуу түрдө “кылмыштуу империяны” түзгөн. Анын негизги максаты өзүнүн жана жакындарынын мыйзамсыз түрдө байышы болгон. К.Асанбектин криминалдык чөйрөдөгү позициясы күчөгөн сайын анын мыйзамсыз каржылык активдери да пропорционалдуу түрдө көбөйгөн, анын ичинен Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү таза иштеген ишкерлердин, орто жана ири бизнестин өкүлдөрүнүн эсебинен көбөйгөн”.

Ташиев: “Кыргызстанда "крим чөйрөсү", "крим кассасы" болбойт

Ал арада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 9-октябрда “Фейсбук” баракчасы аркылуу билдирүү жасап, Кыргызстандагы ишкерлерди жана инвесторлорду кримчөйрөгө каражат бербөөгө чакырды. Ал мындан ары “Кыргызстанда "крим чөйрөсү", "крим кассасы" деген болбойт” деп убада кылды.

“Бизнесмендер, чет өлкөлүк инвесторлор, ресторандардын, базарлардын ээлери, базарларда олтурган жарандар, баарыңарга кайрылабыз. Кимде ким кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө акча берип жүргөн болсо, мындан ары токтоткула. Эгер дагы деле каржылоону уланта турган болсоңор, силер да жооп берип каласыңар. Криминалдар буга чейин көптөгөн бизнестерден, бизнесмендерден, керек болсо инвесторлордон акча алып жүргөндөрү, бирөөлөрдүн мүлкүн тартып алгандары аныкталып жатат. Кимде ким буга чейин жабыркаган болсоңор, УКМКга кайрылгыла. Эми баарыңарга эскертебиз: мындан ары крим чөйрөсүнө бергендерди да, крим чөйрөсүмүн деп барып кимдир бирөөлөрдү коркутуп акча алгандарды да жазалайбыз. Мындан ары Кыргызстанда крим чөйрөсү, крим кассасы деген болбойт".

Ташиев өткөн жумада да Көлбаевдин атайын операцияда өлтүрүлүшү тууралуу комментарий берип, өлкөдө мындай кийин “мыйзамдагы ууру” болбой турганын, “караларга” каршы күрөш уланарын дагы кайталаган.

Буга удаа эле кылмыш чөйрөсүнүн айрым өкүлдөрүнүн "мыйзамдагы ууру" макамынан баш тартканын билдирген видеолору тарады.

Алгач "Сакал" деген каймана ат менен таанылган Улан Токтосунов билдирүү таратса, анын артынан "Женго" каймана аты менен таанылган кримтөбөл Кадырбек Досонов "мыйзамдагы ууру" статусунан баш тартканын айтты. Ал эми "Узун Улан" каймана аты менен таанылган Улан Барчакеев эч кандай макамы жок экенин айтып, башкаларды да мыйзам бузбоого чакырды. Нарындык Нурлан Омукеев да ушундай эле билдирүү жасады.

Акыркы күндөрү кармалгандардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Бишкектеги “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов да бар. Салимовду Кылмыш-жаза кодексинин "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" беренесинин "Уюшкан топко катышуу" бөлүгүнүн негизинде 7-октябрда кечинде кармап кетишкен. Салимовдун адвокаты Нурлан Ибраимов анын криминалга тиешеси бар деген билдирүүнү четке какты.

Ошондой эле атайын кызмат 9-октябрда "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" беренеси боюнча Көлбаевдин кудасы деген Рустам Турдиев кармалганын маалымдады.

4-октябрда кечинде Бажы кызматынын мурдагы аткаминери Райымбек Матраимов да УКМКда сурак бергени тууралуу кабар тараган.

УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Артур Медетбеков коомдо "Көлбаевдин, криминалдын таасирин кантип азайтуу керек?" деген суроого мындай жооп узатты:

“Эми каржылык, саясий-социалдык жагын караш керек. Буларга кимдин байланышы бар, кандай деңгээлде ушундай абалга келип калды дегенди изилдеп, териштирип жоопко тартыш керек. Ошондо гана криминалдык бизнес, криминалдык акчалар азаят же жок болот”.

АКШ 2012-жылы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири маңзат барондорунун тизмесине кошкон. Көлбаев эл аралык кылмыштуу уюмдун мүчөсү катары АКШнын Мамлекеттик департаментинин "кара тизмесинде" турган.

2014-жылы Ички иштер министрлиги криминалдык топтор менен катышы бар экени айтылган 20га жакын адамдын ысымын атаган. Ал тизмеде Жогорку Кеңеш, шаардык кеңеш, айылдык кеңештердин депутаттары, район акимдери да болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG