Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Бишкек: Атайын операцияда Камчы Көлбаев жок кылынды


Бишкектеги Камчы Көлбаевди кармоо операциясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:10 0:00

Бишкектеги Камчы Көлбаевди кармоо операциясы, 4-октябрь, 2023-жыл.

Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаев атайын операцияда жок кылынды.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев 5-октябрда Камчы Көлбаевдин өлтүрүлүшү тууралуу комментарий берди. Ал Токмок шаарында атайын кызматтын оңдолуп, жаңыланган имаратын ачып жатып, уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу жана мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюуга байланыштуу мыйзамдын негизинде тийиштүү чаралар улантылып жатканын белгиледи.
"Буга 2023-жылдын 4-октябрында УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөн кримтөбөл Камчыбек Асанбектин жок кылынганын мисал келтирди. Төрага сөзүн жыйынтыктап жатып мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча президент Садыр Жапаров койгон тапшырманы жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын баса белгиледи", - деп жазылган атайын кызмат тараткан маалыматта.

4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында жок кылынды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Бишкектеги Blonder pub эс алуу жайында кримтөбөлдү кармоо операциясы жүргөн. Расмий маалыматка караганда, анын жүрүшүндө Көлбаев жана анын жансакчылары күч органдарына ок аткан. Натыйжада Көлбаев жок кылынды. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, операцияга көп сандаган күч кызматкерлери жана чопкутталган автоунаалар тартылган. Андан тышкары “Тез жардам” унаалары да барган.

Окуя болгон жерге башкы прокурор Курманкул Зулушев жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да келди. Башкы прокурор ал жерден бир саамдан кийин кетти.

УКМК Көлбаевди кармоо операциясы өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катыштыгы бар деген жарандардын арыздарына байланыштуу жүргөнүн маалымдады.

“Дөө Чыңгыз” каймана аты менен таанылган Чыңгыз Жумагулов былтыр 30-июлда Бишкектеги №1 тергөө абагында камералардын биринде бычакталып каза тапкан. Жаза аткаруу кызматы аны камерада чогуу отурган киши жеке кастык мамиледен улам өлтүргөнүн маалымдаган.

УКМК Жумагуловду 2022-жылы 15-июлда опузалап акча талап кылган деген негизде кармаган. Биринчи май райондук соту аны 7-сентябрга чейин тергөө абагына камаган чечим чыгарган.

Камчы Көлбаев ким?

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында туулуп өскөн Камчы Көлбаев 49 жашта эле.

Кыргызстанда кылмыштуу топтун жетекчиси катары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) каттоосунда турган.
Көлбаев 2000-жылы катаал жазага тартылган. Бир кезде өзү мүчө болгон кылмыштуу топтун башчысы Рысбек Акматбаевди жана анын жанындагы эки кишини өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталып, 25 жылга эркинен ажыратылган. Түрмөдө алты жыл отургандан кийин жалпы колонияга которулуп, ал жерден кандайдыр жолдор аркылуу кутулуп чыгып кеткен.
2012-жылдын декабрында "кылмыштуу топ түзгөн, курал жана маңзат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган" деген айып мене үч жылга соттолуп, 2014-жылы бошонуп чыккан.
УКМК Көлбаевди 2020-жылы октябрь айында кылмыштуу топ түзүүгө айыптап кармаганын билдирген. Бирок төрт айдан кийин тилкат менен абактан чыккан. Атайын кызмат 250 миллион сомдон ашуун кылмыштуу кирешени адалдоо фактысы боюнча Көлбаевге карата иликтенип жаткан иштин алкагында анын туугандары мамлекетке 49,6 миллион сом которгонун билдирген.
Анын үстүнөн козголгон соңку кылмыш иши 2021-жылы кыскарганы август айында белгилүү болгон.
Буга чейин Көлбаев Кыргызстандагы бир нече саясатчы менен байланышта болгону айтылып, айрымдарынын чогуу түшкөн сүрөтү да жарыланган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда криминалга каршы чечкиндүү аракеттер жүрөрүн белгилеп, кылмыштуу топторго мыйзам бузбоого жана өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырык таштаган.

Тойдон кийинки сурак

Көлбаевдин аты акыркы жолу Бишкекте Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибековдун уулунун тоюнан кийин аталган.

Kaktus.media басылмасы жеке булактарына шилтеме берип, быйыл 17-сентябрда Акматбек Келдибеков борбордогу тойканалардын биринде экинчи уулун үйлөнткөнүн, ага экс-президент Сооронбай Жээнбеков, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, Камчыбек Көлбаев баштаган адамдар катышканын жазган.

Камчы Көлбаевди кармоо операция болуп жатат деген жер. 4-октябрь, 2023-жыл.
Камчы Көлбаевди кармоо операция болуп жатат деген жер. 4-октябрь, 2023-жыл.

Бул тойдон кийин Акматбек Келдибеков, Камчы Көлбаев, Райымбек Матраимов жана тойго катышкан дагы бир чиновник УКМКга суракка барганын "Азаттыктын" ишенимдүү булактары билдирди.

Акматбек Келдибеков 4-октябрда “Азаттыкка” берген комментарийинде маалыматты четке какты:

“Эч кандай андай болгон жок баары жалган”, - деди Келдибеков. Ал азыр Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында жүргөнүн кошумчалады.

Келдибековдун уулунун тоюна баргандар суракка алынганы тууралуу УКМК да комментарий бере элек.

“Азаттык” суракка алынган делген башка адамдар менен байланыша алган жок. Радио аларга да микрофон берүүгө даяр.

Соңку күндөрү атайын кызмат Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалганы боюнча бир нече маалыматтарды берген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 28-сентябрда эле Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун эки мүчөсү “опузалап талап кылуу” фактысы менен кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын кабарлашынча, шектүүлөр Көлбаевдин кылмыштуу тобунун абакта жаткан мүчөлөрү менен сүйлөшүп алып, Токмок шаарынын тургунун коркутуп, 2500 доллар талап кылышкан. УКМК 26-сентябрда шектүүлөр акча талап кылган тургундан 210 миң сом алып жаткан жеринен кармалганын кабарлаган.

Атайын кызмат Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү ар кандай кылмышка шек саналып кармалганын байма-бай жарыялап келет.

Эксперттер эмне дейт?

Кримтөбөлдүн жок кылынышы тууралуу эксперттер ар кандай пикирлерин билдирип жатышат. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Өмүрбек Суваналиев буларга токтолду:

Өмүрбек Суваналиев
Өмүрбек Суваналиев

“Камчы Көлбаев “Коля кыргыз” деген каймана аты менен мыйзамдагы ууру болуп турганын Кыргызстан эле эмес, бардык чет жактагылар билет. Бирок ушул күнгө чейин эч ким чара көрүп камакка алган эмес. Ал түрмөгө кирип-чыгып, абактарда империя куруп алган. Эми УКМК расмий маалымат берди. Мен муну кылмыштуулук менен күрөштүн жолу деп ойлоп атам. Экинчиден, жакында эле чоң той болуп, ага экс-президенттен баштап мурдагы спикерлер, мурдагы премьер-министрлер, Кыргыз Эл баатырлары, мен-мен деген ишкерлер барганы, ал жакта Камчы Көлбаев менен УКМКнын башчысы Ташиев да болгону ызы-чуу болуп кетти коомдо. Бийлик ушул окуядан кийин кылмыштуу топтор менен күрөшүү керек экен деп жыйынтык чыгарды окшойт. Бирок азыр эми башка бир кишини мыйзамдагы ууру кылабыз деген топтор иштеп жатканы айтылууда. Мындай окуя Кыргызстанда болбошу керек. Буга Садыр Жапаров да, Камчыбек Ташиев да жол бербеши керек. Кыргызстандын Конституциясы иштеп, мыйзамдуулук сакталып, мыйзамдагы ууру деген түшүнүк болбошу зарыл. Жогорку Кеңеш эми мыйзамдагы уурумун дегендерди узак мөөнөткө камакка ала турган мыйзам кабыл алышы керек. Болбосо иш алдыга жылбайт. Акыркы окуя чоң саясатка айланбай, УКМК бүгүн берген маалыматта айтылгандай кылмыштуулук менен күрөш жүргүзүшү зарыл. Муну коомдук ишмерлер, журналисттер да талап кылалы”.

Ал эми мурдагы ички иштер министри Феликс Кулов Көлбаевге байланышкан атайын операцияга эмне негиз болгону суроо жаратып жатканын белгиледи:

“Атайын операция болгондо ал канчалык туура же туура эмес, канчалык негиздүү болгонун сөзсүз прокуратура текшерет. Биринчиден, ушул маселе изилдениши керек. Мен ал курал менен каршылык көрсөткөн деп окудум. Кандай жыйынтык болорун күтүп туралы. Алдын ала маалымат боюнча, эч кандай эреже бузуу жок. Криминалдык авторитет болобу же жөнөкөй адам болобу, негиз болушу керек. Мыйзам боюнча бирдей. Менимче, бул жерде сөзсүз негиз болгон. Тигил жакта [түрмөлөрдө - ред.] кандай реакция болорун билбейм. Маселе сөзсүз болот. Кандай маселе болору белгисиз. Көлбаевдин колонияга таасири болгон”.

Вашингтондун "кара тизмеси"

Эл аралык коомчулук Көлбаевди транс-улуттук баңгизат соодасына аралашкан деп айыптаган. Аны ооган героинин Тажикстан жана Өзбекстан аркылуу ташыган «түндүк маршрут» деп аталган багытты жолго салган деп белигелешкен.

Евразиядагы коопсуздук маселелерин иликтеген эксперт Марк Галеотти OCCRP уюмуна айткандай, Көлбаев баңгизат аткезчилигин эл аралык алкакта көзөмөлдөгөн башкы оюнчулар менен байланыш түзүп, аймак аркылуу ага чейин башаламан алынып өткөн героиндин көлөмүн чоң өндүрүштүк деңгээлде ташууга жеткирген.

Көлбаевдин мындай ишмердиги кооптондургандыктан, АКШнын Финансы министрлиги ага каршы эки жолу санкция салган. 2011-жылы «чет элдик баңгизат соодасынын анабашы» жана 2012-жылы «эл аралык уюшкан кылмыштуу дүйнөнүн өкүлү» же мурдагы советтик республикалардан чыккан кылмышкерлердин көзүрлөрү кирген «Агайындар чөйрөсү» тобуна мүчө деп айыптаган. Азыр да Мамлекеттик департаменттин Көлбаевдин кылмыш дүйнөсүнүн бетин ачкан кишиге сунушталган бир миллион долларлык сый акысы күчүндө.

«Агайындар чөйрөсү» КМШнын уюшкан кылмыш топторунун синдикаты катары өткөн кылымдын токсонунчу жылдарында пайда болгон. Ал синдикаттын тармактары АКШ, Европа жана Араб өлкөлөрүнө чейин тараганы айтылып жүрөт. 2012-жылы Көлбаевдин санаалаштары Анапияев жана Касенов ал синдикаттын мүчөлөрү катары тизмеге киргизилген.

Көлбаев 2008-жылы Москвада Орусиядагы уюшкан кылмыш топтордун анабашы, “Япончик” аттуу маркум Вячеслав Иваньков баш болгон жыйында “мыйзамдагы ууру” титулун алганын медиа каражаттары жазган.

Мурдагы СССРде ондогон жылдар бою өкүм сүргөн «мыйзамдагы ууру» деген макам бири-бирин кыйбастыгы тууралуу ант берип, эч убакта өкмөттүк мекемелер менен кызматташпоого касам ичкен кылмыштуу топту билдирет. Бүгүнкү күндө андай макамы барлар эл аралык деңгээлдеги мыйзамсыз иштерге аралашып келатат. «Мыйзамдагы ууру» деген атка ээ болгондор кылмыш дүйнөсүнөн табылган киреше менен гана жашап, башка мүчөлөрдү колдоого ант берет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG