Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Кримтөбөлдү кайра каматкан Оштогу мушташ


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарындагы адам өлүмү менен аяктаган окуяга катыштыгы бар делген үч жаран кармалып, дагы экөө издөөдө. 13-январда үрөй учурган бул кылмышты уюштурду делген шек менен кримтөбөл Кадыр Досонов кармалган. Оштун милициясы бул окуяны криминалдык топтордун тиреши катары сыпаттады. Анткени окуянын катышуучулары ИИМдин каттоосунда турган.

Эксперттер Оштогу окуя Кыргызстанда криминогендик кырдаал курч экенинен кабар берет дешет.

Адам өлүмү менен аяктаган тиреш

Ош шаардык милициясы 13-январдагы кылмыштын бетин ачуу үчүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Бишкек шаарында атайын операция жүргүзүп жаткан.

14-январда Акылбек Раимберди уулу, Эламан Коргонбай уулу жана Нурбек Чубаков кармалганы кабарланды.

Дагы эки жаран, Курсантбек Шакир уулу, Актилек Автандил уулу изделип атат. Бешөө тең Ош облусунун тургундары.

Ош шаардык милициянын басма сөз кызматынын башчысы Замир Сыдыков кылмышка шектүүлөр “Женго” атыккан Кадыр Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөсү экенин билдирди.

“Кармалгандар аталган кылмышка түздөн-түз тиешеси бар жана аны жасоодо негизги ролду ойношкон. Азыр калган шектүүлөрдү издөө иштери уланууда. Тергөө кызматынын маалыматы боюнча өзгөчө оор кылмышты уюштурууга Кадыр Досонов шек саналууда. Берки каза болгон жана аёосуз сабалган эки жаран да криминалга жакын адамдар болгон. Экөө тең кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. Бул окуя эки топтун тирешинен улам чыкканы боюнча ыкчам маалыматтар бар”.

Үрөй учурган окуянын видеосу интернетке тарап, жерде жаткан адамды эки-үч киши таяк, арматура менен аёосуз сабаганын көрүүгө болот. Ош шаардык милициянын маалыматына караганда экинчи адамга деле ошол жерден бычак сайылган. Ал учур видео көзөмөлгө түшпөй калган.

Ош шаардык ооруканасына чалажан абалда жеткирилген жаран эс-учуна келгени белгилүү болду. Мекеменин башкы дарыгеринин орун басары Кундузбек Мамашарипов бейтаптын абалы оор экенин кабарлады.

“Бейтаптын бут сөөктөрү сынган. Башынан катуу жараат алган. Азыр абалын туруктуу оор деп сыпаттасак болот. Өтө оор абалда келген. Комадан чыга баштады”.

Жогоруда айтылгандай Оштогу окуяда каза болгон, токмок жегендер жана аларга кол салгандар мурда-кийин криминалдык чөйрөгө аралашып жүргөн. Алардын ортосунда кандай пикир келишпестик болгону азырынча белгисиз.

Мисалы, ооруканада жаткан жаран тар чөйрөдө “Коен” деп таанылган болсо, издөө жарыялангандардын бири “Женго” атыккан Кадыр Досоновдун айдоочусу экени айтылууда.

Издөө жарыялангандардын дагы бирөө - Эламан Коргонбай уулу ММА мушкери катары белгилүү.

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Оштогу окуя тууралуу буларды айтты.

“Мен сураштырып көрсөм, булардын арасында талашка түшкөн чоң бизнес, бийлик же акча талаш жок экен. Укканыма караганда Досоновдун айдоочусу болуп жүргөн Акыл деген бала менен азыр ооруканада жаткан “Коендун” ортосунда тиреш бар экен. Мурда бири экинчисин сабап койгон экен. Ушундан улам “Женгону” алып келип камап атышат. Бул окуяны ич ара өч алуу катары сыпатташууда. Булардын арасында Эламан деген эрежесиз уруш боюнча эл аралык мелдештердин чемпиону жүрөт. Ал Ош облустук милициясынын спорт залында машыгып жүргөн бала. Бизде баары аралашып жатып калган. “Женго” Камчы Көлбаевдин эле бир түрү. Экөө жакшы мамиледе экени айтылып жүрөт”, - деди Ыдырыс Исаков.

Исаков ошол эле учурда Ошту криминал бийлеп алды деген пикирге кошулбай турганын кошумчалады.

Камалганынан кутулганы бат "Женго"

Оштун милициясы бир адамдын өлүмү менен аяктаган окуянын уюштуруусу катары кармалган Кадыр Досонов буга чейин бир нече жолу кармалып, кайра бошотулган. Ал канчалык оор кылмыштарга айыпталганы менен абакта узак мөөнөткө отурган эмес.

Соңку ирет 2021-жылы февраль айында “Жерди мыйзамсыз басып алуу” жана “Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдаштыруу” деген эки берене менен айыпталып кармалып, Кара-Суу райондук сотунун 2022-жылы 14-июндагы чечими менен абактан чыккан.

Кылмыш дүйнөсүндө орду бар Досоновго алгачкы жолу 2011-жылы издөө жарыялаган. Бир жылдан кийин, 2012-жылы күзүндө Тажикстанда колго түшүп, Кыргызстанга алып келинген жана ага "карактоо", "маңзат соодасы", "адам уурдоо" сыяктуу оор айыптар тагылган. Бирок шаардык соттон акталып чыккан.

Милиция Досоновго экинчи жолу 2013-жылы ноябрда кайра издөө жарыялаган жана ал кармалгандан кийин Ош шаардык соту кримтөбөлдү үй камагына чыгарган.

Ал ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы, полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деген негизде 2015-жылы февралда кайра кармалган. Досонов мындай айыптоолорду четке каккан жана 2017-жылы Жогорку соттон толук акталган.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы төрагасы Өмүрбек Суваналиев кримтөбөлдөрдүн бачым эле абактан чыгып кетишине мындай баа берди:

“Бизде көмүскө экономиканын көлөмү аябай чоң. Андай жерде криминалдын таасири күч болот. Алардын башчылары бош эле жүрөт. Кармалса, бат эле чыгып кетишет. Майда-чүйдөлөрү эле камакта отурушат. Биздеги саясий лидерлер криминалдын анабашчылары менен байма-бай жолугуп, туулган күнүнө чейин катташат. Ошон үчүн алар мамлекеттик органдардан коркушпайт жана бири-бирин эл көзүнчө өлтүрүп жатышат”.

2020-жылы октябрь айында атайын кызмат "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Көлбаевди кармаган. Ал төрт айдан кийин тилкат менен абактан бошотулган. УКМК 250 миллион сомдон ашуун кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча Көлбаевге карата иликтенип жаткан иштин алкагында анын туугандары мамлекетке 49,6 миллион сом которгонун билдирген. Жыйынтыгында Көлбаевдин иши эмне болуп бүткөнү белгисиз.

Криминал менен күрөш, ИИМ аралашкан иштер

Өткөн жылы 24-декабрда Кочкордо "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышы бар деген шек менен он киши кармалган. Анын бешөө милиция кызматкери, калганы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экени жарыяланган.

Ага удаа эле Сузактын милициясы уюшкан кылмышкерлерди калкалаганы маалымдалды. Бул окуялардын жыйынтыгы менен төрт облустун (Нарын, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл) милиция башчылары алмашты. Атайын кызмат (УКМК) ошол учурда мындай маалымат тараткан.

“Уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдарды, ошондой эле алар менен байланышта болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлерин УКМК тарабынан кармалышы айрым кызмат адамдарынын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, аракетсиздик жана кылмыштарды жашыруу фактылары жөнүндө күбөлөндүрөт. Өз кезегинде укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана прокурорлор жүктөлгөн милдеттерге ылайык мыйзамдуулукту жана биримдикти камсыз кылуу жана мыйзамдуулукту чыңдоо, инсандын жана коомдун мыйзамдуу таламдарын коргоо, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн органдар болуп саналат. Бул жагдайлар мамлекеттик бийликтин аброюна терс таасирин тийгизип, ошондой эле өлкөнүн жетекчилигине элдин ишенимин кетирип, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоо боюнча аракеттерди жокко чыгарууда”.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топторго байланыштуу үч жолу билдирүү жасап, Кыргызстанда криминалдын уюгу жок болорун билдирген.

Бирок юрист Төлөгөн Келдибаев Кыргызстанда криминалдын таасири күндөн-күнгө артып жатат деген ойдо. Буга мисал катары ошол эле Камчы Көлбаев баштаган кримтөбөлдөрдүн эркиндикте жүрүшүн, "каралардын" саясий иштерге аралашып атканын айтты.

“Кыргыз бийлиги криминалды колдоп, аларды ар кандай максатта колдонуп атып азыркы абалга алып келди. Мурда майда-чүйдө иштерди кылып жүргөндөр ири кылмыштуу топторго айланды. Алар кадр маселесине чейин аралашып, шайлоонун жыйынтыгына таасир этип жатышат. Криминалдын башчылары эң бай адамдарга айланып, олигарх болуп калышты. Курулуш компанияларды ачып алышкан. Аларды чектеш үчүн бизде мыйзамдар жетиштүү эмес. Ал үчүн Грузиянын практикасын колдонуу керек. Бизде криминал кылмыш кылгандан кийин жоопко тартат. Аларды “вор”, “положенец” болгону үчүн эле 10-15 жылга камаш керек. Антпесек уюшкан кылмыштуу топту жогото албайбыз. Аларды коркутуп же милициянын башчыларын алмаштыруудан эч нерсе өзгөрбөйт”.

Милициянын 2019-жылдын декабрындагы расмий маалыматына караганда, Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушевдин кылмыш тобунун 421 мүчөсү бар.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG