Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:42

УКМК милицияны "тазалоого" кириштиби?


Ички иштер министрлигинин өздүк курамы.
Ички иштер министрлигинин өздүк курамы.

Уюшкан кылмыштуулукту жаап-жашырып, каракчылыкты калкалаган деген негизде Нарында жана Жалал-Абадда милициянын жетекчилери кызматтан алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет уюшкан кылмыштуулукка каршы шалаакы мамиле аны менен кызматташуу катары караларын айтып, укук коргоо органдарын кызматтык милдеттерин так аткарууга чакырды.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров саптык кароодо милициянын ишин мактап, анын коомдук коопсуздукту сактоодогу ролун белгиледи.

Милиция көз жумган уюшкан кылмыштуулукка "аңчылык"

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "Альфа" атайын даярдыктагы тобунун катышуусунда жарандардын кылмыш дүйнөсүнүн карактоо же кол салуу фактылары боюнча арыздары каралбай калган учурларды териштирген шарттуу аталыштагы жашыруун операция жүрүп жатканын маалымдады.

Кочкордо ишкерди коркуткан окуядан кийин кылмыштуу топ менен кошо ага чара көрбөгөн райондук милициянын башчылары кармалган. Мындан көп өтпөй атайын кызмат Жалал-Абаддын Сузагында уюшкан кылмышкерлер 9-декабрда бир жарандын үйүнө кол салып, карактаган окуяны райондук милиция жаап-жашырып, калкалаган фактынын бетин ачып, эки тарабы тең камакка алынганы тартылган ыкчам видео тасма жарыкка чыкты.

Тасмада "Альфа" карактоого шек саналгандар менен кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлерин кармаган видео кадрлар, анан алардын сурак берип жатканы көрсөтүлөт.

Милициянын өздүк курамын колу таза эмес жана кызматына шалаакы мамиле кылгандардан тазалоого байланыштуу жергиликтүү ички иштер органдарынан жалпы 22 кызматкер тартип жазасына тартылганын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Оторов Кочкор жана Сузак райондук ички иштер бөлүмдөрү уюшкан кылмыштуулукка каршы чара көрүүдө шалаакылык кылганын териштирген ички иликтөө жүрүп жатканын, алардын айрымдарынын кызматка шайкештиги каралганын айтты:

"Ички кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы толук болгондон кийин жарыялайбыз. Ал эми Жалал-Абад облусу боюнча маалыматтар кечээ берилген. Ал жактан жалпысынан 13 кызматкердин жоопкерчилиги каралууда. Анын ичинен үчөөнүн жоопкерчилиги алардын саламаттыгына байланыштуу кийин айыгып чыккандан кийин каралат".

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети укук коргоо органдарынын жетекчилерин мыйзам чегинде иштеп, кызматтык милдеттерин так аткарууга чакырган билдирүүсүн таратты. Анда ички иштер органдарында кызматына шалаакылык кылгандарга карата мыйзамда жаза каралганы эскертилген. Атайын кызмат Кочкор жана Сузак райондорундагы соңку окуяларга байланыштуу кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен коюн-колтук алышкан милиция кызматкерлерин кармоолор кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана кылмышты жаап-жашыруунун айныксыз далили деп эсептейт.

"Бул жагдайлар мамлекеттик бийликтин аброюна терс таасирин тийгизип, өлкөнүн жетекчилигине эл ишенимин кетирип, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоо боюнча аракеттерди жокко чыгарууда", - деп айтылат 28-декабрда атайын кызмат тараткан учкай маалыматта.

Ошол эле кезде Башкы прокуратура УКМКнын бул билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Башкы көзөмөл органы УКМК билдирүүсүндө Сузак жана Кочкор райондук прокуратураларында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, аракетсиздик жана кылмыштарды жашыруу фактылары айтылганын белгилейт.

«Прокуратура органдарынын ишмердиги боюнча бул билдирүү чындыкка дал келбейт жана анын мазмуну субъективдүү. Ошол эле кезде бул кайрылуу кылмыштуулукка каршы күрөш жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча прокуратуранын реалдуу иш-аракеттерин чагылдырбайт.

Улуттук коопсуздук органдары тарабынан Кочкор жана Сузак райондорунун милиция кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иштеринин алкагында прокуратура органдарынын кызматкерлеринин аракеттеринде мыйзам бузуулар аныкталган эмес.

Прокуратура органдары берилген ыйгарым укугунун чегинде жана жазык-процессуалдык ченемдерди так сактоо менен республиканын укук коргоо органдарынын тергөө жана ыкчам-издөө иштерине көзөмөлдүк кылат. Мыйзам бузуу фактыларына шектүү адамдарды, анын ичинде прокуратура органдарынын кызматкерлерин кылмыш жообуна тартууга чейин мыйзамда каралган чаралар көрүлүүдө», - деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө.

Эки ача пикир эмнени каңкуулайт?

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ички иштер министри Улан Ниязбеков менен чогуу Бишкекте 27-декабрда саптык кароого катышып, милицияны өз убагында кылмыштуулуктун бетин ачып жатканын айтып, мактаганын агенттиктер жазып чыкты.

Акылбек Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы.
Акылбек Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы.

“Сиздер кылмыштуулуктун алдын алуу, укук тартибин талаптагыдай сактоо үчүн күндөп-түндөп иштеп жатасыздар. Кызматтык милдеттерди жеке кызыкчылыктан жогору коюп, Мекенибиздин жана бир жарандын жыргалчылыгы үчүн иштеп келе жатасыздар. Сиздердин иш-аракетиңиздердин аркасында коомдо мыйзамдуулук, тартип жана бейпилдик сакталып турат".

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун милициянын ишин алкаган ушундай баасына карабай, коомчулукта ички иштер органдарындагы кадрдык саясатка карата пикирлер бир кылка эмес.

Ошондуктан дагы УКМКнын 28-декабрдагы билдирүүсүндө да жер-жерлердеги криминалдык элементтердин ар кандай ээнбаштыгына милиция чара көрбөгөн учурларда жарандар атайын кызматка кайрылса болору көрсөтүлгөн.

Атайын кызмат менен Министрлер кабинетинин төрагасынын милициянын иши тууралуу эки ача пикири коомчулукта курч талкууга жем таштады.

Журналист жана талдоочу Миржан Балыбаев өлкөнүн саясий жетекчилигинде милициянын иши боюнча эки башкача көз караш бар дегенге кошулбайт:

"УКМК төрагасы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары. Анан өкмөт башчысы менен анын бул маселе боюнча пикири эки ача болдубу же жокпу, аны так айтуу кыйын. Саптык кароодо ал "бул жакта бардыгы сонун" деп ал жердеги маанайга жараша эле сүйлөгөн болушу мүмкүн. Бирок реалдуулук башкача экенин бардыгы эле билет да. Акылбек Жапаров тизилип турган милиция кызматкерлеринин көңүлүн көтөрүп, аларды шыктандыруу үчүн ошол учурдагы маанайга жараша ошентип айтса керек".

Милициянын райондук жана облустук жетекчилери кетти

УКМК Сузактагы карактоо фактысын жашырууга шек саналган райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана эки кызматкери кармалганын 27-декабрда кабарлады. Аларга "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Ашим Тагаев менен Сузак райондук милиция бөлүмүнүн башчысы Замирбек Ормонов баш болгон жетекчилилер кызматынан бошотулуп, кээ бирлерине сөгүш берилген.


Атайын кызмат 24-декабрда Кочкордо "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышы бар деген шек менен он кишини кармады. Анын бешөө милиция кызматкери, калганы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экени жарыяланган. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмаз Жумабеков баш болгон милициянын райондук жана облустук жетекчилери кызматынан алынганы кабарланды.

Миржан Балыбаев милициянын ичин "тазалоо" боюнча бийликтин иш-чарасы жергиликтүү деңгээлде менен чектелеби же республикалык деңгээлге чыгабы, күтө туруу керек деген пикирде.

"Бул окуяны күч түзүмдөрүнүн ортосундагы тиреш катары да кароого болбойт. Анткени ИИМ атайын кызматка каршы же болбосо тескерисинче дегенге ишенбейм. Ошол эле кезде бул окуяны планга ылайык, бирдиктүү саясаттын негизинде күч түзүмдөрүн системалуу "тазалоо" иштери башталды дегенге да эртелик кылат. Мунун жыйынтыгын күтө туруу керек. Жер-жерлерде милиция кызматкерлери кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрүнө өйдө карай албай калган көрүнүш кечээ эле пайда боло калган жок. Менимче 10-15 жылдан бери ушундай абал өкүм сүрүүдө".

УКМКнын билдиришинче, кылмыштуу топтун мүчөлөрү Кочкордогу кафелердин биринде эсепти төлөөдөн орой баш тартып, анын ээсинен ай сайын миң доллар берип турууну талап кылган. Эгер акча бербесе, имаратты өрттөп кетерин айтып коркутушкан. Атайын кызмат «милиция окуя болгон жерге барганы менен чара көргөн эмес жана кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө коркутуп-үркүтүүсүн улантууга жол берген» деп эсептейт.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков кармалган милиция кызматкерлери криминал менен коюн-колтук алышып кеткенин мойнуна алып, облустук милиция башчылары да жоопко тартыларын эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG