Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

Милиция кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топту калкалаган деп айыпталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

24-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышы бар деген шек менен он кишини кармады. Анын бешөө милиция кызматкери, калганы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин жарыялады. Атайын кызмат тартип сакчыларын кылмыштуу топту "калкалап жүргөн" деп айыптап жатат.

УКМК тараткан маалыматка караганда, милиция кызматкерлери шектелип жаткан бул иш быйыл, 7-ноябрда болгон экен. Атайын кызмат ал окуянын чоо-жайы тартылган видео тасманы да маалымат каражаттарына жиберди. Алты мүнөттөн бир аз узагыраак видео Кочкор районундагы кафелердин биринде тартылганы айтылат, анда кардарлар кафенин ээсин, ал чакырган милиция кызматкерин уят сөздөр менен сөгүп, опузалап жатканын көрүүгө болот.

УКМКнын билдиришинче, кылмыштуу топтун мүчөлөрү эсепти төлөөдөн орой баш тартып, ай сайын кафе ээсинен 1000 доллар берип турууну талап кылган. Эгер айткандары аткарылбаса, имаратты өрттөп кетебиз деп коркутушкан. Натыйжада мекеменин кожоюну мушташкандарга чара көрүү өтүнүчү менен милициянын 102 номуруна чалган.

Атайын кызмат «милиция окуя болгон жерге келгени менен берилген арызга чара көргөн эмес жана кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө коркутуп-үркүтүүсүн улантууга жол берген» деп эсептейт.

Сөз болуп жаткан видео тасма УКМКнын атайын даярдыктагы кызматкерлери беш киши колго түшүрүп жатканы менен уланган. Тасманын аягы Кочкор райондук ички иштер бөлүмүндө милиция кызматкерлерин кармоо менен бүтөт.

УКМКнын имараты.
УКМКнын имараты.

“Кылмыш ишин тергөө учурунда Кочкор РИИБнын жетекчилиги уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө колдоо көрсөткөндүгү тууралуу маалыматтар алынган. Ошол эле учурда нөөмөт кызматына бул окуяны журнал жана оперативдүү протоколдоруна киргизбөө боюнча көрсөтмө берүү менен окуяны жаап-жашыруу аракеттери документтештирилген. Ошол эле учурда РИИБ жетекчилиги кызматтык абалынан пайдаланып, мекеменин ээсин тиешелүү органдарга кайрылбоого бир нече жолу көндүрүүгө аракет кылышкан”, - деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

25-декабрда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмаз Жумабеков кармалган беш милициянын үчөө кое берилгенин «Азаттыкка» маалымдады.

“Бул ишти УКМК карап жатат. Азырынча, бизге эч кандай маалымат бере элек. Кечээ беш милиция кызматкерин алып кеткен. Үчөөнү кое беришти. Алар аймактык тескөө бөлүмүнүн жетекчиси, тергөөчү жана участкалык милиция кызматкери. Ал эми Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси менен дагы бир милиция кызматкери кармалып турат. Алар кайсы жерде экени бизге айтыла жок”.

Жумабеков буга чейин Кочкордогу милиция кызматкерлерине каршы арыз-даттануулар болбогонун кошумчалады. Кармалгандардын адвокаттары, жакындары азырынча комментарий бере элек.

Учурда уюшкан кылмыштуу топтун кармалган мүчөлөрүнө карата тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Алардын башка дагы кылмыштарга катышы бар экендигин аныктоо иштери жүрүп жатат. УКМК кармалгандар Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышы бар деген маалымат таратты. Алардын бири видеодо өзүн Нурлан Шаршеев деп тааныштырган.

Жергиликтүү эл Нурлан Шаршеев 2017-жылы киши өлтүрүүгө айыпталып, көп жылга соттолуп, эки жыл мурда мунапыс менен чыгып келгенин айтып жатышат. Алардын маалыматына караганда, Шаршеев андан бери айылдын тынчын алып, ишкерлерди коркутуп жүргөн. Бирок алар микрофонго ачык сүйлөп берүүдөн кооптонушту.

Сөз болуп жаткан окуя катталган Кочкор айылындагы «Беш казан» кафесинин администратору кожоюну комментарий берүүнү каалабай жатканын айтты.

«Тилекке каршы эч кандай комментарий бере албайбыз», - деди ал.

Кочкор айылынын атын атагысы келбеген тургуну Нурлан Шаршеев тууралуу мындай маалыматы менен бөлүштү.

«Нурлан Шаршеев 1985-жылкы болот. Киши өлтүрүп соттолуп кеткен. Чыкканына эки жылдай болуп калды. Ошондон бери элдин тынчын алып жүрөт. Милиция дагы унчукпайт. Азыр ал жөнүндө бир нерсе айтыш да кооптуу. Элдин баары эртеңкисин ойлойт да. Азыр силерге сүйлөп берсек, эртең алар бизди жөн коюшпайт. Аймакта аны колдогон чала бандиттер толтура. Ошол күнү деле «Беш казан» кафесине Нурлан Шаршеев менен иниси, өкүл баласы жана башка тааныштары барган».

Бул окуя милицияга карата сын-пикирлерди күчөтүп, нааразылыктарды жаратты. Ички иштер министрлигинин ишине байкоо салган жарандык активист Эркин Асаналиев буларга токтолду.

«Милиция менен кышмыштуу топтун мүчөлөрү коюн-колтук алышып калганын көрдүк. Алар милицияны басынтып, ыплас сөздөр менен сөгүп жатса да унчуккан жок. Демек ал милициянын корко турган кайсы бир иши бар. Ушундай кызматкерлер жалпы ички иштер органынын ишине көлөкө түшүрөт».

Акыркы жылдары бир гана милиция эмес, УКМК жана башка укук коргоо органдарынын дарегине ар кандай сын айтылып келет. Байкоочулар тармакты терең реформалоо маселеси көтөрүлгөнү менен анын ишке ашканы азырынча көрүнө электигин белгилешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG